Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Ноябрь
2020

Новости за 25.11.2020

Бишкек ЖЭБи жылына 1 млн. тоннадан ашык көмүр жагат

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук электр борборуна жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев 25-ноябрда Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) күз-кыш мезгилине даярдыгын көргөн учурда белгилүү болду. Бишкек ЖЭБинин жетекчилигинин маалыматына ылайык, анын 850 миңи күз-кыш мезгилинде жагылат. Учурда  295 тонна көмүр ташылып келди, калганы белгиленген график менен ташылып жатат. Мусаевге Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев жана Өнөр жай, энергетика жана... Читать дальше...

Сокулукта алты жашар баланын сабалышына шектүү киши камалган жок

Azattyk.org 

25-ноябрда Сокулук райондук соту алты жашар баланын токмоктолгонуна шектелип жаткан жарандын бөгөт чарасын карап, камакка алган жок. Ага башка жакка кетпөө жөнүндө тилкат жаздырып алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Ошондой эле басма сөз кызмат баланын апасы милицияга тосмо арыз жазбаганын билдирди. 17-ноябрда Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну алты жаштагы уулун күйөөсү сабаганы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Окуя Кылмыштар менен... Читать дальше...

Атактуу футболчу Диего Марадона каза болду

Azattyk.org 

Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона каза болду. Бул тууралуу аргентиналык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 60 жаштагы спортчунун жүрөгү токтоп калганы кабарланууда. Ал ушул айдын башында Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан. Диего Марадона Аргентинанын футбол боюнча курама команданын оюнчусу, дүйнөнүн чемпиону болчу. Анын спорттогу чеберчилиги жогору бааланып, дүйнөдөгү эң атактуу футболчу катары атагы чыккан. Акыркы жылдары Марадона Аргентинанын... Читать дальше...

33 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип чогуу жашаган эркек кармалды

Azattyk.org 

Чүй облусунда бычак жеп ооруканага жетпей каза болгон аялдын өлүмүнө шектүү катары чогуу жашаган 41 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, каза болгон аял жана анын өлүмүнө шектүү спирт ичимдигин ичип отуруп, чатакташа кетишкен. Эркек аялды бычак менен сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жетпей жолдо үзүлгөн. Бул окуя боюнча кабар милицияга 24-ноябрда саат 16:30 чамаларында түшкөн. Учурда Аламүдүн райондук... Читать дальше...

COVID-19: Болгарияда чектөөлөр күчөтүлдү

Azattyk.org 

Болгариянын өкмөтү коронавирусту жайылтпоо максатында чектөөлөрдү күчөттү. Ага ылайык, 27-ноябрдан тарта өлкөдө ресторан жана мектептер жабылат. Мындан сырткары кафе-бар, түнкү клуб, соода борборлор, машыгуу залдары да ишин токтотот. Университет жана мектептер толугу менен аралыктан окутууга өткөрүлүп, бала бакчалар жабыл турган болду. Болгариядагы коронавирус менен күрөш боюнча жумушчу топтун башчысы Венцислав Мутафчийски 21-декабрга чейин созула турган жаңы чаралар “вакцина келип түшкөнчө көп... Читать дальше...

Прокуратура үгүт иштери боюнча үн катты

Azattyk.org 

Башкы прокуратура президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөнү жөнүндө материалды БШКга жөнөттү.  Мадумаров: Мыкты атаандашыңыздан арылууга аракет кылып жатасыз Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, көзөмөл органы жиберген материалды мекеменин жумушчу тобу териштире турган болду. Андан кийин Мадумаровго байланыштуу бул маселе БШКнын мүчөлөрүнүн кароосуна коюлушу мүмкүн. Читать дальше...



Рим папасы уйгурларды куугунтукка туш болгон эл деп атады

Azattyk.org 

Рим папасы Франциск уйгурларды куугунтуктукка туш болгон эл деп атады. Католик чиркөөсүнүн башчысы бул тууралуу алгачкы жолу Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган азчылыктын өкүлдөрүнүн укуктары бузулуп жатканы боюнча кабарлар тарап жаткан учурда билдирди. «Мен куугунтукка кабылган рохинжа, байкуш уйгурлар, йезиддер жөнүндө көп ойлоном» деп айтылат понтификтин «Келгиле, кыялданалы: жаркын келечекти карай» аттуу китебинде. Китеп 23-ноябрда басылып чыкты. Буга чейин папа Мьянмадагы рохинжа азчылыгынын репрессияларга кабылышы... Читать дальше...

Бишкекте кызытмага каршы семинар өттү

Azattyk.org 

25-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштар борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионатынын алкагында кызытмага (допинг) каршы семинар өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Окууга 20дан ашык машыктыруучу, калыстар, Кыргызстандын Бокс федерациясынын өкүлдөрү катышты. Аларга Допингге каршы эл аралык конвенция, допингке каршы эрежелерди бузуунун түрлөрү, эрежелерди бузгандыгы үчүн санкциялар жана допинг-көзөмөл жөнүндө маалымат берилди. Читать дальше...

Дыйканбаевди камакка жетелеген шайлоодогу иш

Azattyk.org 

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев соңку парламенттик шайлоодо партиялардын бирине мамлекеттик ишканадан акча өндүргөн деп шек менен кармалды.  Дыйканбаев бул кызматка Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган кезде келген жана шайлоого «Биримдик» партиясынын атынан катышкан эле. Бул жагдай түрдүү жоромолдорго жем таштады. «Шайлоо үчүн акча алган» Курманбек Дыйканбаев кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24-ноябрь күнү кечинде кабарлады. Ал... Читать дальше...

Башка диндеги адамга баш кошпоо чакырыгы

Azattyk.org 

Эл аралык коомчулук Ооганстандын өнүгүшүнө 2021-2024-жылдарга 12 миллиард доллар бөлүүнү убада кылды. Орусияда Аалымдар кеңеши мусулмандарды башка диндин өкүлдөрү менен никеге турбоого чакырды. Франция ишембиден тарта карантин шарттарын жумшартууда.

Сыймык Жапыкеев: аралаш башкаруу системасын колдойм

Azattyk.org 

6-октябрдагы саясий окуялардан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) жетекчи болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев мамлекеттик башкаруу системасында президенттик-парламенттик аралаш башкарууну колдой турганын билдирди. Жапыкеев мындай пикирин 24-ноябрда Жогорку Кеңеште «КООМ press» сайтынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып айтты. «Парламенттикпи, президенттикпи, адилет болсо айырмасы жок. Бирок бизге аралаш болгону жакшы», - деди Жапыкеев. Читать дальше...

Акыйкатчы жогорку окуу жайларынын акысын төмөндөтүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Акыйкатчынын аппараты жогорку окуу жайларында келишим менен окугундардын төлөмдөрүн азайтууну сунуш кылып жатканын билдирди. Мекеме ушу тапта студенттер онлайн режимде окуп жатканын белгилеп, окуу жайларындагы электр энергиясы сыяктуу чыгымдарды азайтып, анын эсебинен келишимдик негизде билим алып жаткандардын төлөмдөрүн азайтуу зарыл экенин билдирүүдө.  Акыйкатчы институту Билим берүү жана илим министрлигин жогорудагы жагдайларды эске алып, өкмөткө төлөмдөрдү азайтуу боюнча демилге көтөрүүнү сунуш кылды. Читать дальше...

«Кайним аялын урат, мага да кол көтөрөт...»

Azattyk.org 

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка арналган иш-чарада COVID-19 пандемиясы учурундагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш тууралуу сөз болду. Быйыл пандемия учурунда Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу 65% өскөн. Иш-чара гендердик зордук- зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталган күнү уюштурулду.

Рух оорусунан бүтүндөй бир эл жок болот

Azattyk.org 

Жер жүзүнүн аркы бетиндеги азап да бул жактагы акындын жүрөгүн тилет дешет эмеспи. Акын Шайлообек Дүйшеев өз блогунда туңгуюктан жол издеген мекендештерин Финляндиянын руханий ж.б. сабактарын астейдил үйрөнүүгө чакырат.

Өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн сыны жана планы

Azattyk.org 

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов 24-ноябрда маалымат жыйын уюштуруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Абдураимов жаңы дайындалган акимдер, администрациянын «уйкусураган» кызматкерлери жана Кара-Суу районунун акимине сунушталган талапкерлер тууралуу айтты.

Өзбекстанда катуу суукта газ менен электр өчтү

Azattyk.org 

18-ноябрда Өзбекстанда катуу суук түшүп, кар жаагандан бери өлкөнүн айрым аймактары энергетикалык кризиске кептелди. Ташкентте көп жерде түтүктөр менен от казандары иштен чыгып, аймактарда суюлтулган газды алуу үчүн келгендердин узун кезеги пайда болду.

Кытайдын карызын төлөө мөөнөтү узарса Кыргызстан кошумча 2,9 миллиард сом төгүшү керек болот

Azattyk.org 

Кытай өкмөтүнүн Кыргызстанга берген карыз акчасын кайтарып алуу боюнча сунуш кылып жаткан шартына ылайык кыргыз тарап дээрлик үч миллиард сомго жакын акчаны ашыкча төлөөгө милдеттүү болот. 25-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков парламентте билдиргенине караганда, азыр Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат: “Кытай карызды төлөө мөөнөтүн транштарга бөлүп, төрт жылга узартууну сунуш кылып жатат. Мындай пролонгация үчүн пайыздык үстөгүн 2% деп аныктоодо. Сунуш, негизи, өкмөт жеңилдик боюнча аныктаган параметрлерден ашпайт. Читать дальше...

Быйылкы он айда ВИЧ инфекцияга кабылган 152 кош бойлуу аял катталды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын он айында ВИЧ инфекциясын жугузуп алган 152 кош бойлуу аял катталган. Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Эркин Тостоковдун айтымында кош бойлуу аялдан соо бала төрөлүшү толук ыктымал.  «ВИЧ энеден түйүлдүккө кош бойлуу кезинде, кийин ымыркай төрөлүп жаткан учурда жана эмизүү учурунда жугушу мүмкүн. Бирок ошол эле учурда ВИЧ инфекциялуу аялдан соо бала төрөлүшү толук ыктымал. Бул үчүн өз убагынан кечиктирбей антиретровирустук... Читать дальше...

Немис канцлеринин резиденциясын машине сүздү

Azattyk.org 

Берлинде 25-ноябрда эртең менен өлкө канцлери Ангела Меркелдин резиденциясынын дарбазасын автоунаа барып сүздү. Машиненин кабинасынын бооруна «Глобалдаштыруу саясатын токтоткула», «Балдар менен кары-картаңдарды өлтүргөндөргө наалат» деген сөздөр жазылган. Окуядан жаракат алгандар катталган жок. Шаршембиде Меркел өлкө аймактарынын жетекчилери менен видео конференция өткөрөрү кабарланган. Анын жүрүшүндө коронавируска каршы чараларды узартуу маселеси талкууланат. 18-ноябрда Германиянын бийлиги... Читать дальше...

Эксперт: Баш мыйзамда басма сөз эркиндиги корголот, өлүм жазасы кирбейт

Azattyk.org 

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Конституциялык кеңешмеде жеке адамдын ар-намысына жана абийирине шек келтирген маалыматтар үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына кылмыш ишин козгоо тууралуу берене жок. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин «Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиги жана милдети» секциясынын мүчөсү, юрист Лейла Сыдыкова бүгүн, 25-ноябрдагы бирифингде билдирди. «Азыркы Конституцияда мындай норма жок. Биз бир нече жылдан бери бул беренеси жок эле жашап келдик. Мындан ары да... Читать дальше...

Конституциялык кеңешме өлүм жазасын кайра киргизүү тууралуу сунушту четке какты

Azattyk.org 

Кыргызстанда өлүм жазасы тууралуу норманы кайра киргизүү жөнүндө сунуш четке кагылды. Бул тууралуу 25-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди. Шериповдун айтымында, мындай сунуш жарандардын биринен келип түшкөн жана ага мындай норманы киргизүү туура эмес болору түшүндүрүлдү.  «Себеби бул гумандуулук принциптерине туура келбей турганын, өлүм жазасын киргизүү артка... Читать дальше...

Беларуста журналист Игорь Ильяш кармалды

Azattyk.org 

Беларустун борбору Минск шаарында «Белсат» телеканалынын кабарчысы Игорь Ильяш кармалды. Бул тууралуу анан жакындары кабарлашты. Маалыматка ылайык, журналисттин үйүндө тинтүү жүрүп, компьютерин, телефонун алып кетишкен. Баш кеңсеси Польшада жайгашкан телеканалдын кабарчысы Ильяшты кармоонун себептери ачык кабарланган жок. Ушул айдын башында Игорь Ильяштын аялы, журналист Екатерина Андреевага «Коомдук башамаландыкты уюштуруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Минскидеги нааразылык акциясын чагылдырып жүргөн жеринен кармалган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *