Ниццадагы кол салууга шектүү катары төрт киши кармалды
Франциянын түштүгүндө Ниццадагы чиркөөдөгү кол салууга байланыштуу дагы төрт шектүү кармалды. Бул тууралуу шейшембиде «France-Presse» агенттиги жазып чыкты. Бейшемби күнү Франциянын Ницца шаарында бычак менен куралданган киши чиркөөдөгү адамдарга кол салган. Анын жыйынтыгында үч адам каза болгон. Алардын бири, чиркөөгө келген аял өтө ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Кол салуу үчүн шектүү полиция кармап жатканда жараат алган. Тергөөнүн жүрүшүнө кармалган адам 21 жаштагы тунистик Брахим Иссауи экени белгилүү болгон. Читать дальше...