Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алып, Айсулуу Тыныбекова финалга чыгып, кыргыз спортунун жаңы барагын ачты.
Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алып, Айсулуу Тыныбекова финалга чыгып, кыргыз спортунун жаңы барагын ачты.
Bellingcat тобунун иликтөө бөлүмүнүн башчысы Христо Грозев "Эхо Москвы" радиосуна курган маегинде “Украинадагы беларус үйү” коомдук уюмунун башчысы Виталий Шишовдун өлүмүнүн себептерин иликтөөгө бардык ресурстар жумшаларын убада кылды. Киевде 2-августа “Украинадагы беларус үйү” коомунун башчысы Виталий Шишов дайынсыз жоголгон. Анын асылган абалдагы жасаты Киевдеги ал жашаган жерден алыс эмес жердеги гүлбактан табылган. Анын жүзүндө ур-токмоктун белгилери болгон. Бул тууралуу Киевдин Улуттук полиция башкармалыгы кабарлаган. Читать дальше...
"Кумтөр" ишине байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды. Баш коргоо чарасы 4-августта түндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун алдына Сариевдин тарапкерлери, жакындары чогулуп, аны бошотууну талап кылышты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кумтөр” ишине байланыштуу экс-премьер-министр Темир Сариевди кармады. Ага кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан деген айып тагылды. Сариев Кумтөрдөгү... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кумтөр” ишине байланыштуу экс-премьер-министр Темир Сариевди кармады. Ага кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан деген айып тагылды. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча сегиз-тогуз жыл мурда түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген. Сариевге тагылган айып Атайын кызмат Кумтөр кени жөнүндөгү кылмыш ишинин алкагында жаңы фактылардын жүзүн ачканын жана ага тиешелүү адамдарга чара көргөнүн кабарлады. Бул жолу мурдагы... Читать дальше...
Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарынын он биринчи күнү Кыргызстан үчүн ооматтуу болду. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал утту. Ал эми Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Атабек Азизбеков жооткотуучу беттеште күчүн сынайт. Кыргызстан 13 жылдан бери Олимп оюндарында ийгилик жарата албай келген. 2008-жылдагы Бээжин Олимпиадасында Кыргызстан 205 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээлеген. Анда грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев күмүш... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медал алган кыргыз спортчулары Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарованы куттуктады. "Мындай жетишкендик улуттук спорттун тарыхында көп деле болгон эмес, ошондуктан бул ийгилик жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү жана өтө баалуу", - деди Махмудовго жолдогон куттуктоосунда. Ал эми Жуманазарованы куттуктаганда таланттуу спортчу кыздар улуттук спорттун тарыхында жаңы барак ачып, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлде даңазалаганын белгиледи. Читать дальше...
30-июлда Ысык-Көлдүн 4 району жана 2 шаарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бир нече үйлөр жана жолдор жабыркаган. Караколдо 100 миң долларга салынган River park эс алуу жайын суу алып кеткен. Азыр айрым үйлөрдө жарык жок. Каракол суусунун нугун буруу үчүн техника жетишсиз экени айтылууда. Ал эми чет элдиктер көп каттаган Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосуна каттам үзүлгөн жок, жолчулар альтернативдүү жолду ачып берди. Селдин кесепетин жоюу үчүн бери дегенде 100 млн. сом керектелерин облус жетекчилиги билдирди.
“Адилет” укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин камалышы, Кумтөрдүн тегерегиндеги окуялар тууралуу маек курду.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр 611 миңден ашты. Алардын 123 миндейи вакцинанын эки дозасын тең алгандар. Бул 3-августта кечки саат 8ге карата берилген расмий маалымат. Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда. Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий катталган саны 165 миңден ашып, эки жарым миңге жакын бейтап көз жумду. Учурда республиканын бардык аймактарында Sinopharm... Читать дальше...
Токиодогу Олимпиада оюндарында жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков 5000 метрге чуркап, 18-орунду алды. Ал 3-августта 20 спортчу менен биринчи топтогу мелдешке катышты. 21 жаштагы Кеңешбеков маарага 14 мүнөт 7 секундада келип, финалга өткөн жок. Ушул эле аралыкка экинчи топто дагы 20 спортчу чуркайт. Эки мелдеште уткандар финалда күч сынашат. Жапониянын борборунда 23-июлда расмий ачылган Олимп оюндарында 200дөн ашуун мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу барды. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү саясатчы, акын Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун жаш акындар арасында уюштурган "Жаш толкун" поэзия сынагы уланууда. Бул күндөрү сынактын экинчи туруна тандалган 22 акын Ысык-Көл жээгинде чеберчилик боюнча мастер-класстан өтүп, сынактарга катышууда.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү саясатчы, акын Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун жаш акындар арасында уюштурган "Жаш толкун" поэзия сынагы уланууда. Бул күндөрү сынактын экинчи туруна тандалган 22 акын Ысык-Көл жээгинде чеберчилик боюнча мастер-класстан өтүп, сынактарга катышууда.
Түркияда коронавирус көрсөткүчтөрү июль айына салыштырмалуу көбөйгөнү байкалууда. Расмий Анкара вирусту жуктуруп ооруканада жаткандардын 95 пайызы эмдөөдөн өтпөгөн жарандар экенин ачыктады.
Токиодо өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 64-орунга чыкты. Бул 3-августтун жыйынтыгына карата маалымат. Ушул күнү грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге алып, өлкөнүн рейтинги жогорулады. 4-августта Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күрөшөт. Медалдардын ушундай эле көрсөткүчү менен Индия, Уганда, Кения, Сан-Марино, Нигерия мамлекеттери да 64-орунда турушат. Биринчи орунда Кытай (32 алтын, 21 күмүш, 16 коло)... Читать дальше...
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы президент Аскар Акаевдин келиши тууралуу "Азаттыкка" маек курду. Бекназаров 2005-жылы Акаевди бийликтен кетирген март окуясына, 2010-жылы Бакиевдин бийлигин кулаткан апрель окуясына активдүү катышкан коомдук ишмерлердин бири.
Токиодогу Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал. Ал 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта монголиялык Соронзонболдын Батцэцэг менен беттешип, 10:1 эсебинде утту. Экинчи айлампада мөөнөтүнөн мурда атаандашынын далысын жерге тийгизди. Жуманазарова беттештерди 2-августта баштаган, алгач блогариялык Мими Христованы 7:5 эсебинде жеңген, чейрек финалда нигериялык Блессин Оборудудуга утулган. Читать дальше...
АКШнын бийлиги Орусияга элчиликте иштеген 24 дипломаттын тизмесин берип, алардын 3-сентябрга чейин чыгып кетишин талап кылды. Бул тууралуу Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов National Interest басылмасына курган маегинде билдирди. Анын сөзүнө караганда чыгарыла турган дипломаттардын ордун башкалар толуктай албайт. Анткени АКШ виза берүү тартибин катаалдаштырды. Ал эми АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Нед Прайс Орусиянын элчисинин бул маалыматы так эместигин айтып, дипломаттар... Читать дальше...
Түркиянын түштүгүндөгү токойдогу өрт кеминде сегиз адамдын өмүрүн алып, ондогон киши ар кандай жаракаттарды алды. Токойлорго жакын жайгашкан курорттук аймактардан туристтер чыгып кетүүгө аргасыз болуп, эс алуу жайлары бош калды. Түркиянын айыл жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли азыр токойлордогу өрттүн 125 очогу чектелип, көзөмөлгө алынганын билдирди. Ал эми башка аймактардагы дагы жети өрттүн очогу өчүрүлө элек. Өрттү өчүрүүгө 40 градустан жогорку ысык аба ырайы жана катуу шамал тоскоол болуп жатканы белгиленди. Читать дальше...
Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда венгриялык Тамас Лоринцке жеңилип (1:2), күмүш байгенин ээси болду. Акжол Махмудов финалдык таймашка чейин төрт беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген. Жарым финалда армениялык Карапет Чальянды 6:2 эсебинде уткан болчу. Бул Токио Олимпиадасында Махмудовдон сырткары кыргызстандык... Читать дальше...
Сабиздин баасы Кыргызстанда быйыл июнь айында эмне себептен кескин жогорулап кеткени боюнча териштирүү жүргүзүлгөндөн кийин материалдар тийиштүү органдарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу 3-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди: “Белгилүү болгондой, биз бир топ чара көрдүк. Азыр бул багытта абал туруктуу. Юридикалык баа берүү үчүн укук тартибин коргоочу тийиштүү органдарга материалдарыбызды жөнөттүк”. Читать дальше...
Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда венгриялык Тамас Лоринц менен күрөшүп, 1:2 эсебинде утулуп калды. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге. Бишкектеги борбордук аянтта, бир катар шаарларда чоң экрандар орнотулуп, күйөрмандар кыргызстандык балбанды сүрөөнгө алып турду. Акжолдун таймашына өзү төрөлгөн Араван районундагы жакындары, айылдаштары көз салып турушту. Читать дальше...
Баткенде, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчиликке бөгөт коюу боюнча атайын биргелешкен чек ара операциясы жүрүп жатат. Бул тууралуу 3-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева маалымдагандай, операцияга Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жетекчилик кылууда: "Операцияга жергиликтүү бийлик, күч органдарынын жана тийиштүү структуралардын Баткен облусунда жайгашкан бөлүктөрү катышып жатышат. Читать дальше...
Токио Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалга чыкты. Ал мындай мүмкүнчүлүккө жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп ээ болду. Финалда жапониялык Юкако Каваи менен күрөшөт. Беттеш бир күндөн кийин, 4-августта болот. Тыныбекова биринчи айлампада төрт упай алып алдыга чыккан. 2-айлампада дагы алты упай алып, мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңишти камсыздады. Тыныбекова ага чейин эки беттеш өткөргөн. Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Максат Халиловдон келген материалды сунуштайбыз. Шайлоо деген сөз бизге коммунисттерден калган мурас. Компартия көргөзгөн жалгыз талапкерди үн-сөзсүз шайлап берип келгенбиз. Айрым кыргыз тилчилер “шайлоо” деген терминдин ордуна “тандоо” десек бир кыйла туура болмок” деп дагы жүрүшөт. Чындыгында ошол КПССтен калган калган “шайламай” адат, “жайламай” жана “майламай” адатка айланды. Эч кандай элдин тандоосу жок эле, олигарх-коррупционерлер же бай-манаптар көрсөткөн талапкерлер... Читать дальше...
Дарыгерлердин айлыгын жогорулатууга республикалык бюджеттен 1,6 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу 3-августта Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 1-июлдан тартып өлкөдө медицина кызматкерлеринин жана бул тармакта иштегендердин айлыгы 50% жогорулаган. 8,5 миң сом маяна алган дарыгерлер дээрлик 13 миң сом, 6 миң алгандар 9 миң сомдон ала башташты. Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында 77 миң адам эмгектенет, алардын 14 миңи дарыгерлер, 33 миңи орто медициналык кызматкерлер... Читать дальше...