Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Август
2021

Новости за 08.08.2021

Токиодо Олимпиада оюндары аяктады

Azattyk.org 

Токиодогу жайкы Олимп оюндары жыйынтыкталды. Коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учурап, бир жыл кечиккен бул оюндар тарыхта "эң катаал Олимп оюндары" катары эсте калды.

Венгрия: ЛГБТ тууралуу талаштуу мыйзам бир айда күчүнө кирет

Azattyk.org 

Венргиянын өкмөтү 6-августта жарыялаган токтомго ылайык,  ЛГБТга каршы деген мыйзам 30 күндөн кийин күчүнө кирет. Алгач мыйзам балдарга карата зордук-зомбулук үчүн жазаны катаалдатууга багытталган болчу. Бирок толуктоолордон кийин  “гомосексуализмди пропаганда кылууга” же жашы жетелектерге жынысын алмаштырууга тыюу салуу камтылган. Мыйзамга ылайык гомосексуализмди чагылдырган продукциялар чиркөөлөрдөн, бала бакчалардан жана мектептерден 200 метр алыстыкта сатылышы керек. Премьер-министр Виктор... Читать дальше...

Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

Azattyk.org 

9-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, сел жүрүшү ыктымал. Айрым аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35; Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 33…38; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29; Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот. Читать дальше...

Грек аралындагы өрттөн жергиликтүү тургундар көчүүгө мажбур болду

Azattyk.org 

8-августта  Грекиянын экинчи чоң аралы Эвиядагы өрт миңдеген гектарга жайылган карагайлуу токойлорду күлгө айлантып, үйлөрдү жексен кылды.  Андан туристтер жана жергиликтүү тургундар качууга аргасыз болушту. Өрт түштүк-батыштагы Пелопонесс аймагында күч алып, бирок Афинынын түндүк четиндеги жалын басаңдады. Түркия менен Грекия дээрлик эки жумадан бери өрт менен күрөшүп келет. Бул чөлкөм ондогон жылдардагы эң катаал апаатты башынан кечирди. Бийлик өкүлдөрү жана эксперттер окуяларды климаттын өзгөрүшү менен байланыштырууда. Читать дальше...

Аскар Акаев кайра Москвага учуп кетти

Azattyk.org 

"Кумтөр" иши боюнча сурак берүү үчүн Кыргызстанга келген Аскар Акаев бүгүн, 8-августта Москвага учуп кетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мурдагы министр, Акаевдин санаалашы Бекболот Талгарбеков билдирди. Анын айтымында, эми Акаев каалаган учурда Кыргызстанга келе алат. Бирок качан кайтып келери белгисиз. Буга чейин Акаев кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, Кумтөр алтын кени үчүн келишимге барганына кечирим сураган.  16 жылдан кийин мекенине кайтып келишине аталган келишим боюнча сурак себеп болгонун ырастаган. Читать дальше...

Олимпиада: өзбекстандык мушкер Баходир Жалолов алтын медалга ээ болду

Azattyk.org 

Токиодо өтүп  жаткан жайкы Олимп оюндарынын соңку күнү өзбекстандык мушкер Баходир Жалолов эң оор салмакта (+91кг) күч сынашып, алтын медаль алды. Жалолов америкалык атаандашы Ричард Торрести 5:0 эсебинде утуп, жеңүүчү табылды. Оор салмакта күч сынашып жүргөн 27 жаштагы спортчу Жалолов азыр дүйнөдөгү эң күчтүү 40 мушкердин катарына кирди. Бул - өзбек спортчуларынын Токио Олимпиадасында алган үчүнчү алтын медалы. Жайкы Олимп оюндарынын биринчи алтынын Өзбекстанга таэквондочу Улугбек Рашитов... Читать дальше...

Талибдер Кундуз провинциясынын көпчүлүк бөлүгүн ээлегени кабарланды

Azattyk.org 

Ооганстандын Кундуз провинциясынын басымдуу бөлүгү "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өткөнү кабарланууда. 8-августта талибдер менен ооган өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда айыгышкан салгылаш жүрдү. "Талибан" Кундуз толугу менен көзөмөлүнө алынганын билдирүүдө. Бирок Ооганстандын Коргоо министрлиги аны четке кагып, шаарды минадан тазалоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Министрликтин маалыматына ылайык, улуттук телеканалдын имараты талибдерден тазаланды. Кундуз провинциясында 375 миңден ашуун калк жашайт. Читать дальше...

Кыргыз Эл артисти Искра Райымкулова дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Белгилүү кино жана театр актрисасы Искра Райымкулова 85 жашка караган курагында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Искра Райымкулова 1957-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик драма театрында жарым кылымдан ашуун эмгектенген. Ал сахнада Алтынайдын ("Биринчи мугалим"), Алимандын ("Саманчынын жолу"), Корделиянын ("Король Лир"), Жульеттанын ("Ромео менен Жульетта") жана башка бир катар каармандардын образдарын мыкты жараткан. Токтогул Сатылганов тууралуу көркөм тасмада Алымкандын ролун ойногон. Читать дальше...



Акаев "Кумтөр" келишими үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады

Azattyk.org 

Мурдагы президент Аскар Акаев 8-августта кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, Кумтөр алтын кени үчүн келишимге барганына кечирим сурады. Акаев 16 жылдан кийин мекенине кайтып келүүсүнө аталган келишим боюнча сурак себеп болгонун ырастаган. "Мекенден алыс жүрүп, октябрь окуяларынан кийин Кумтөр алтын кенинин айланасында болуп жаткан окуяларга, чечкиндүү кадамдарга көз салып отуруп, четте кала албадым. Кыргызстанда жоопко тартылып, издөөгө алынсам да, "Кумтөр" иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн келдим". Читать дальше...

Масадыков vs Ташиев: маектен чыккан талкуу

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ишин сындаган Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковго атайын кызмат жооп кайтарды. Чекисттер Масадыковдун кеңештерине муктаж эмес экенин айтып, аны кызматтык милдеттеринен чыкпоого чакырды. 6-августта Интернетке Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен журналист Майраш Базлакунованын маеги жарыяланды. Анда Масадыков Кыргызстандын тышкы саясаты, кадрдык дайындоолор жана улуттук коопсуздук маселеси тууралуу кенен айтып берген. Читать дальше...

Окуу форматы эпидемиологиялык кырдаалга жараша аныкталат

Azattyk.org 

Жаңы окуу жылында билим берүү мекемелериндеги окуу форматы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша аныкталат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Билим берүү жана илим министрлиги жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен чогуу 25-августка чейин окуу форматын иштеп чыгат. Мындай тапшырма республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди. Өкмөт башчынын орун басары Жылдыз Бакашова Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдердин арасында коронавируска каршы эмдөөнүн зарылчылыгы жана маанисин түшүндүрүү иштерин улантууну тапшырды. Читать дальше...

"Коррупция илим тармагын да чырмап алды"

Azattyk.org 

Кыргызстанда он бир жылдык тыныгуудан кийин Улуттук илимдер академиясынын жаңы академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү да шайланды. Шайлоо бул тармакка болгон коомдогу сын-пикирлерди күчөттү. Илим эски система менен калып, өнүгүү жок деп сындагандар болууда.

Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө уланат

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө 9-августтан тарта уланарын жарыялады. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай,  Ала-Бука районунда AstraZeneca менен эмдөөдөн соң абалы начарлаган 44 жоокердин саламаттыгы жакшы. "Жоокерлер медициналык бөлүктө андан ары да кароодо болушат. Эмдөөдөн кийинки клиникалык симптомдору: дене табынын көтөрүлүшү, баш оору - киши организминин вакцинага реакциясы катары бааланды. Буга жоокерлердин корккону да себеп болгон"... Читать дальше...

Мексика АКШнын курал-жарак компанияларын сотко берди

Azattyk.org 

Мексиканын өкмөтү АКШдагы курал жасап саткан ишканаларды сотко берди. АКШнын Бостон шаарындагы федералдык сотуна берилген доо арызда курал чыгарган ишканалардын ишмердиги өлкөдө зордук-зомбулуктун көбөйүшүн шарттаганы жазылган. Мексика бийлигинин маалыматына караганда, АКШдан кирген курал-жарактын 70% мыйзамсыз. Баңгизат сатуучулардын көп жылдан бери уланган согушунда эле жыл сайын 40 миңдей киши өлөт" деп жазылган доо арызда. Арыз ээлеринин эсебинде, акыркы 20 жыл аралыгында мындай согуштан өлгөн... Читать дальше...

Караваджо – канкор гений

Azattyk.org 

Талант менен адамгерчилик, жараткан тарабынан берилген өзгөчө шык менен кишилик касиет дайым эле шайкеш келе бербейт тура. Атүгүл кээде адам канчалык таланттуу болсо, ошончолук кырс, катаал дагы болот экен. Атак-даңкы таш жарып, тарыхта аты алтын тамга менен жазылган инсандардын арасында да жеткен кара мүртөз, өзүмчүл, текеберлери көп болгон. Англиялык белгилүү жазуучу Уильям Сомерсет Моэмдин "Ай жана сокур тыйын" романынын башкы каарманы Чарльз Стрикленд жашы кыркка таяп калганда үй-бүлөсүнөн кечип... Читать дальше...

Вашингтон америкалыктарды Ооганстандан чыгып кетүүгө чакырды

Azattyk.org 

АКШ жана Британия ишембиде Ооганстанда жүргөн жарандарын коопсуздук максатында коммерциялык учактар менен өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. АКШнын Кабулдагы элчилигинин билдирүүсүндө "кырдаалдын кооптуулугуна жана кызматкерлердин саны азайганына байланыштуу, элчиликтин жарандарыбызга жардам берүү мүмкүнчүлүгү чектелүү" деп жазылган. Ооганстандын бир катар шаарларында согуш уланып жатат. 6-августта талибдер Нимруз провинциясынын борбору Заранж шаарын басып алышты. "Талибан" муну менен АКШ баштаган... Читать дальше...

Төртүнчү ирет ишке ашпаган мэр шайлоо

Azattyk.org 

7-августта Кербен шаардык кеңеши төртүнчү жолу мэр шайлоого чогула албады. Кеңештеги 31 депутаттын 15и келип кворум жок болгондуктан шайлоо токтотулду. Мэр шайлоо шаардык кеңештин күн тартибинде эртең мененки саат 9:00дан 12:00ге чейин деп белгиленген. Бирок отурумга көпчүлүк коалицияны түзгөн «Ынтымак», «Ата-Журт Кыргызстан» партияларынын депутаттары келген жок. Буга байланыштуу Кербен шаардык кеңеши таркатылары жана октябрь айына болжолдонуп жаткан парламенттик шайлоо менен кошо кайрадан шайлоо өтөрү айтылууда. Читать дальше...

Пандемияда балдардын көрүүсү начарлады

Azattyk.org 

Пифагор туулганга чейин миң жыл мурун эле вавилондуктар "пифагордук үчтүк" формуласын колдонушканы белгилүү болду. Пандемия балдардын көзүнүн бузулушун шарттады. Суу алдында калган байыркы шаарга таандык себеттер жана жер-жемиштер табылды. “Азаттыкта” илимдеги акыркы жаңылыктардын топтому.

Францияда санитардык тыюуларга каршы митингдер уланды

Azattyk.org 

Францияда 7-август күнү "Санитардык диктатурага" каршы митингдер уланды. Санитардык чектөөлөргө каршы митингдер ушуну менен төртүнчү ишембиде болуп өттү. Өлкөнүн 150 шаарында ондогон адамдар көчөгө чыгып, коронавируска каршы киргизилип жаткан жаңы чараларга нааразылыгын билдиришти. Франциянын Конституциялык кеңеши чыгарган жаңы чечимге ылайык, эмделгени тууралуу күбөлүгү же вирусу жоктугун аныктаган тесттин корутундусуз адамдар маданий, спорт мекемелерине, коомдук тамактануучу жайларга, соода борборлоруна бара алышпайт. Читать дальше...

Белгилүү режиссер Жалил Мидинов дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук "Эргүү" театр сыйлыгынын эки жолку ээси Жалил Мидинов 65 жаш курагында, узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Жалил Мидинов Нарын, Чүй облустук драма театрларында, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында эмгектенген. Акыркы убакта Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында көркөм жетекчи болуп иштеп жаткан. Чыгармачылык  жолунда эл аралык абройлуу театр фестивалдарынын баш байгелерин... Читать дальше...

Травматикалык тапанчадан ок аткан киши кармалды 

Azattyk.org 

Травматикалык тапанчадан кишини бутуна аткан деп шек саналган 38 жаштагы Т. Т. аттуу адам 7-августта кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ал "МР-79-9" үлгүсүндөгү травматикалык тапанчасын бир огу менен милицияга өткөрүп берген. 7-августтун таңында (саат 06:55) 102 кызматына "Тез жардам" бригадасы Ак-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн бирине келгени, ал жерде бутуна ок жеген адам бар экени тууралуу маалымат келип түшкөн. Читать дальше...

COVID-19: дагы 602 адамдан вирус табылды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 8-августка карата берген маалыматына ылайык, акыркы суткада 602 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Бишкек - 287; Ош шаары - 6; Чүй – 68; Ош облусу - 18; Талас - 19; Нарын - 23; Ысык-Көл – 70; Жалал-Абад – 78; Баткен - 33. Ушуну менен коронавируска чалдыккандардын расмий саны 169 017 адамга жетти. 156 925 адам сакайды. Акыркы суткада оорудан 10 адам көз жумду. COVID-19 вирусунан көз жумгандардын жалпы саны 2399 адам. ... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *