Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Август
2021

Новости за 30.08.2021

СОVID-19: Казакстанда бир күндө 124 өлүм, 5000ден ашуун бейтап катталды

Azattyk.org 

28-августта Казакстанда коронавирус жугузгандардын саны 5222ге жетти. Коңшу өлкөдө COVID-19ун “дельта” штаммы тездик менен жайылып, аны жугузуп алган жаштар катуу ооруп жатканы маалым болду. Түркестан облусунан башка бардык аймактар “кызыл зонага” кирди. 30-августка карай вируска чалдыкканы лабораторияда тастыкталгандардын саны 785 149 бейтапка жетти. Былтыр 13-мартта коронавирус биринчи катталгандан бери инфекциядан өлгөндөрдүн саны 9 222ге жетти. Бир күндө 104 киши көз жумганы катталды. Казакстандын... Читать дальше...

Жоочулар Кабулдун аэропортун көздөй ракета атканын моюнуна алды

Azattyk.org 

Кабул аэропортунда чет элдиктерди жана оогандыктарды эвакуациялоо уланып жаткан жерге ракетадан чабуул болду. Дүйшөмбүдө бери дегенде башкаруусуз беш ракета атылганын CNN телеканалы ишенимдүү булагына таянып кабарлады. Алардын баарын аэропорттун аймагын көзөмөлдөгөн абадан коргонуу комплекси атып түшүргөн.    Телеканалдын журналисттеринин колуна Кабулдагы райондордун биринде турган машинеден атылган ракета түшүп калган видео тийген. Ракета атылгандан кийин автоунаа күйүп кеткен. Анын ичинен дагы алты ракета табылган. Читать дальше...

Мигранттын балдары: Мекенге таарыныч жана сагыныч

Azattyk.org 

Гүлайым, Нурайым, Элина Сапаровалар Орусиянын Екатеринбург шаарында төрөлүп өскөн. Эже-сиңдилердин ата-энеси Советтер Союзу тараган жылдары Орусияга иштегени келип, калып калган. Отуз жылдан бери бөтөн жерде жашаган ата-эне мекенинен үзүлө албай жүрсө, ал жакта өсүп калган кыздары Кыргызстанга байлана албай арасат.

Кыргызстанда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Azattyk.org 

Талас облусунда жаңы ГЭСтин курулушуна капсула салынды. Өлкөдөгү суу сактагычтарда суу азайып, энергетика кризиске кептелгени айтылып жаткан. Бишкекте айдоочуну атып салган деп шек саналган милиционер тергөө бүткөнгө чейин камакка алынды. Ал эки күн мурда жолдогу араздашууда айдоочуга ок чыгарган. Казакстанда согуштук ок-дары сактаган кампадагы жарылууда өлгөндөрдүн саны 14 кишиге жетти. Жамбылдагы окуянын себептери иликтенүүдө. Бул жана башка кабарлар "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасында.

Польша-Беларус: Чек арадагы тосмону бузууга аракеттенгендер кармалды

Azattyk.org 

Польша менен Беларустун чек арасында мыйзамсыз мигранттардын жолун бууган тосмону бузууга аракеттенген 13 активист кармалды. Өлкөнүн Чек ара кызматы 29-августтун кечинде кармалгандарын 12си Польшанын, ал эми бирөө Нидерланддын жараны экенин билдирди. Соңку эки аптада Польша менен Литваны Беларус тараптан өтүп келген мигранттардын агымы каптады. Расмий жетекчилердин сөзүнө караганда, авторитардык лидер Алексей Лукашенко өз режимине каршы киргизилген Батыштын сакцияларына жооп катары ушул жолду колдонууда. Читать дальше...

"Отуз жылда коррупция тамырлады, демократия түптөлдү"

Azattyk.org 

Эгемендиктин 30 жылында Кыргызстанда демократияга багытталган институттар түзүлдү. Бирок коррупциялык схема тамырлап кетти. Тарых илимдеринин доктору Аалыбек Акунов 30 жылдык эгемендик учурундагы жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу "Азаттыкка" ой бөлүштү.



Тажикстандагы машыгууга 500дөй орусиялык аскер катышууда

Azattyk.org 

Орусия Ооганстанда "Талибан" кыймылы бийликти басып алып, Борбор Азия чөлкөмүнө кооптуу кырдаал жаралган маалда 500дөй аскери Тажикстанда аскердик машыгууга катышып жатканын билдирди. Тоолуу Самбули аймагындагы аскер полигонунда өтүп жаткан иш-чарага Тажикстанда жайгашкан "Орусиянын 201-аскер базасынын аткычтар тобу катышып, курал-жабдык колдонууну көрсөтүүдө" - деп айтылат Борбордук аскер округунун 30-августтагы билдирүүсүндө. Үч күн мурун Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими... Читать дальше...

Казакстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталды

Azattyk.org 

Орусияда июль айында 50 миңден ашуун киши коронавирустан көз жумду. Өлкөнүн статистика комитети маалымдагандай, бул январь айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Ал эми казак бийлиги өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну күч алганын билдирди.

Маас: Өзбекстан ооган качкындарына чек арасын ачууга даяр

Azattyk.org 

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас Өзбекстан Ооганстандагы талибдердин запкысынан коркуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө камынып, Германиянын тизмесинде турган жарандарга чек арасын ачууга даяр экенин билдирди. “Өзбекстан аларды эвакуациялоого жардам берүүгө даяр” – деди министр журналисттерге Ташкентте туруп. Маас ооган жергесинен Германиянын жарандарын жана кооптуу кырдаалга кабылган укук коргоочулар, журналисттер сыяктуу жергиликтүүлөрдү чыгарып кетүү анын Борбор Азияга, Пакистанга жана Жакынкы... Читать дальше...

Шайлоо-2021: жаңы эрежелер талкууга түштү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар 3-сентябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) билдирүү бериши керек. Андан ары курултайлар өтүп, талапкерлердин тизмеси аныкталат. Бул жолку парламенттик шайлоо бир катар жаңы эрежелер менен өткөнү турат. Ага Боршайком техникалык жактан даярбы жана саясий иш-чараны таза атаандаштыкта өткөрүү үчүн бийлик эмне кылышы керек?  Талапкер жылдыруунун тартиби Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоону 28-ноябрга дайындагандан кийин шайлоого расмий старт берилип... Читать дальше...

Анкарада Айкөл Манастын айкели ачылат

Azattyk.org 

Бүгүн, 30-августта президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Эрдоган эки тараптуу кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча биргелешип кызматташууга даяр экенин билдирип, Кыргызстанды эгемендиктин 30 жылдыгы менен куттуктады. Жапаров Эрдоганга 31-августта Анкарада ачыла турган Айкөл Манас эстилиги жана куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын... Читать дальше...

Жамбылдагы жарылууда өлгөндөрдүн саны 14 кишиге жетти

Azattyk.org 

Жамбыл облусундагы курал-жарак сакталган кампада жарылуу болгон жерден дагы бир кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-августта билдирди. Төрт күн мурун болгон кырсыкта өлгөндөрдүн саны 14кө жетти. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, аскердик бөлүктүн, аскерлешкен көзөмөл мекемесинин жана аскердик прокуратуранын кызматкерлери бар. Төрт кишинин сөөгү аныктала элек. Эки адамдын дайыны белгисиз. Министрликтин билдирүүсүндө «эки кишини издөө уланып жатканы» айтылат. Читать дальше...

Максатта үйлөр бүттү, көйгөй калды

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик жаңжалында Максат айылында өрттөлгөн үйлөр салынып бүттү. Эми Көк-Терек, Ак-Сай жана Достук айылында курулуш иштери башталганы турат. Жергиликтүү тургундар эми чек аранын чечилишин күтүп жатышат. Анткени коопсуздук эң маанилүү экенин белгилешет.

Камактагы саясатчылар Сариев менен Жээнбеков кайрылуу жасашты

Azattyk.org 

Саясатчы Равшан Жээнбеков менен мурдагы премьер-министр Темир Сариев эгемендиктин 30 жылдыгына карата кайрылуу кат жазышты. Жээнбеков өз кайрылуусунда советтик курамдан чыккан Балтика өлкөлөрү, Украина, Грузия авторитардык идеология менен кош айтышып, экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүлөрдү камсыз кыла алышканын белгилеген. "Ал эми биз жакырчылык, адилетсиздик, жумушсуздук жана терең социалдык кризистен чыга албай, авторитардык бир адамдын башкаруусун 30 жыл бою колдоп келе жатабыз. Жыйынтыгында... Читать дальше...

Жапаров: кыргыз-тажик чек арасынын 50% ашыгы такталды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 50% ашык жери макулдашылды. Бул тууралуу президент бүгүн, 30-августта, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. "Тажикстан менен сүйлөшүүлөр активдешип, мамлекеттик чек аранын жалпы узундугунун 50% ашык жери боюнча макулдашылды. Тажикстан менен чек ара маселесинин жыйынтыгын чыгарыш үчүн кыргыз-тажик өкмөттөрү саясий чечим кабыл алып, бири-бирин сыйлоо жана... Читать дальше...

Паралимпиада-2020: Өзбекстанда 14, Казакстанда төрт медал бар

Azattyk.org 

Токиодогу Паралимпиадада Өзбекстандын улуттук курамы 14 медал: 5 алтын, 4 күмүш, 5 коло медал жеңип, сыйлыктар тизмесинде 13-сапка чыкты. 28-августта параатлеттер Нозимахон Каюмова, Мохигул Хамдамова, Бобиржон Омонов алтын медал, Элбек Султонов менен Нурхон Курбанова коло байге, пауэрлифтер Роза Кузиева күмүш медал тагынышты. Токиодо коңшу өлкөнүн дзюдочулары мыкты көрсөткүчтөргө ээ болууда. Учкун Куронбаев (66 кг) менен Феруз Саидов (73 кг) алтын, Давурхон Карамотов (81 кг) күмүш, Шариф Халилов (100 кг) коло медал алды. Читать дальше...

Көкбөрү: “Ала-Тоо” командасы жогорку лигада 3-орунду ээледи (видео)

Azattyk.org 

Ош шаарынын “Ала-Тоо” командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада 3-орунду ээледи. Аталган команда коло байге үчүн беттеште Ош облусунун "Достук" командасы менен ойноп, 4:2 эсебинде жеңишке жетти.   Буга чейин биринчи лигада 3-орун үчүн беттеште Нарын облусунун “Соң-Көл” жана “Ат-Башы” командалары ойноп, “Соң-Көлдүн” оюнчулары 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Эртең, 31-августта биринчи лигада Ысык-Көлдүн “Мурас” жана Бишкектин “Көк-Жал” командасы (башталышы: саат 10:00)... Читать дальше...

АКШда “Ида” бороону Жаңы Орлеанды жарыксыз калтырды

Azattyk.org 

29-августта «Ида» деп аталган бороондон кийин Луизиана штатындагы Жаңы Орлеан шаарында электр жарыгы жапырт өчтү. АКШнын түштүк штаты катуу бороон-чапкынга кабылды. Entergy компаниясы 400 миң киши жашаган шаар жарыксыз калып, генератор гана иштеп жатканын айтты. Бороон-чапкынга көз салган улуттук борбор жекшембиде кечки саат 8де бороондун катуу толкуну Жаңы Орлеандын батыш тарабына жеткенин билдирди. Анын көрсөткүчү төртүнчү деңгээлден үчкө түшкөнү менен шамалдын ылдамдыгы саатына 185 чакырымга жетип... Читать дальше...

Абактагы Атамбаев бийликке кайрылуу жолдоду

Azattyk.org 

Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата деген кайрылуусун "Социал-демократтар" партиясы таратты. Анда Атамбаев негизинен учурдагы президент Садыр Жапаровго кайрылып, эгемендик алган 30 жылдан бери Кыргызстан көп сыноодон өтүп, бийлик үч жолу элдик толкундоолордун жыйынтыгында алмашканын эскерткен. Бийликте турганда көп ката кетиргенин, бирок мөөнөтүнүн аягына чейин иштеп, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бергенин белгилеген. "Кумтөрдүн... Читать дальше...

Франция, Германия, Британия Кабулда “коопсуздук зонасын” түзүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Франция, Германия жана Британия ооган баш калаасындагы эл аралык аэропортто гуманитардык операцияларды аткаруу үчүн коопсуздук зонасын түзүүнү сунуштады. Бул оболу Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл. Бул тууралуу француз президенти Эммануэл Макрон билдирди. Француз лидеринин айтканына караганда, эвакуциялануучулардын тизмесинде талибдер коркунуч келтирген "бир нече оогандык бар жана алардын коопсуздугун коргоо" керек. Макрон мындай зонаны түзүү эл аралык... Читать дальше...

Айдоочуну аткан милиция кызматкери эки айга камалды

Azattyk.org 

Бир адамды атып өлтүргөн деп шек саналган милиционер эки айга атайын кызматтын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. 27-августтун кечинде болгон окуяга шек саналган милиция кызматкери 28-августта кармалган. Бул факт Жазык кодексинин 321-беренеси (1-б."кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен байкабастыктан олуттуу зыян келтирүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 29-августта окуяга байланыштуу... Читать дальше...

Көкбөрү: "Соң-Көл" командасы биринчи лигада 3-орунду алды

Azattyk.org 

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган Көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеште биринчи лигада "Соң-Көл" командасы 3-орунду ээледи. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун "Соң-Көл" командасы 3-4-орун үчүн беттеште  "Ат-Башы" командасы менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Оюн бүгүн, 30-августта Ысык-Көл облусунун Чопон-Ата шаарындагы атмайданда өттү. Ушул тапта жогорку лигада Ош облусунун “Достук” жана Ош шаарынын “Ала-Тоо” командалары 3-орун үчүн таймашууда. 2-таймда азырынча эки команда 2:2 эсебинде тең келе жатат. Читать дальше...

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Azattyk.org 

31-августта Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 градуска чейин жогорулайт. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *