Иран: жаңы президент Раиси кызматка киришти
Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси 5-августта парламент алдында ант берип, кызматка киришти.
Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси 5-августта парламент алдында ант берип, кызматка киришти.
АКШ президенти Жо Байден учурда мекендеги саясий куугунтуктоодон кооптонуп Америкада жүргөн Гонконгдун жарандарына убактылуу башкалка сунуштады. Кол коюлган меморандумда Байден Ички иштер министрлигине «тышкы саясаттагы олуттуу себептерден улам» учурда Америкада жүргөн гонконгдуктардын эркин жүрүү мөөнөтүн 18 айга чейин узартууну тапшырган. «Соңку бир жыл ичинде Кытай Гонконг автономиясына кол салып, ал жактагы демократиялык институттардын жана жараяндардын беделине доо кетирип, академиялык эркиндикти чектеп... Читать дальше...
Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Ми-8 тик учагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун аймагында кырсыкка учурады. Андагы экипаж тоодо, беш миң метр бийиктикте түшө албай калган орус туристтерине жардамга бараткан. Кырсык бир адамдын өмүрүн алып, төрт киши жарадар экенин «Азаттык» радиосунун тажик кызматына жергиликтүү бийликтеги булак билдирди. Чек ара кызматынын тик учагы кырсыктаганы боюнча расмий маалымат чыга элек. Окуя болгон Поймазор кыштагы Федченко, Кашолаях жана Медвежий мөңгүлөрүнө жакын жайгашкан. Читать дальше...
Он бир жылдык тыныгуудан кийин Улуттук илимдер академиясынын жаңы 14 академиги шайланды. Арасында Сыртбай Мусаев, Осмонакун Ибраимов, Осмон Тогусаков, Абылабек Асанканов, Чолпонкул Арабаев өңдүү окумуштуулар бар. Алар учурдагы 29 академиктин катарына кошулду. Ошондой эле, академиянын 35 корреспондент-мүчөлөрү да шайланды. Алардын катарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси... Читать дальше...
«Күрөштө эң оор жолду Айсулуу Тыныбекова чапты, анын артынан келаткан кыздарга жеңилирээк болду». Кыз-келиндер курама командасынын улук машыктыруучусу, Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаев ушундай пикирин бөлүштү.
Беларус бийлигинин куугунтугунан кооптонуп, башка мамлекеттерден башпаанек сураган жөө күлүк Кристина Тимановская Польшага жетип, «коопсуз жана бактылуу экенин» билдирди. Ал Токиодогу Олимп оюндарына катышып жаткан жеринен, машыктыруучуларын социалдык тармактарда сынга алганы үчүн Беларуска мөөнөтүнөн мурда жиберилерден мурун качып кеткен. 5-августта Варшавада уюштурулган маалымат жыйында ал Польшага ыраазычылыгын билдирип, кайсы бир убакта «эркин» Беларуска кайтарына үмүтү бар экенин айтты. «Мен аны саткан жокмун... Читать дальше...
Саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан камакка алынды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирди. Жээнбеков бир жолу бузганын мойнуна алып, бирок эскертүү менен чектелүүнү соттон суранган. Соттун бүгүнкү чечимин ал оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында камалган. Читать дальше...
Саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан камакка алынды. 5-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды.
Азия өлкөлөрү Индияда тараган коронавирустун "дельта" штаммы менен күрөшүп жатышат. Акыркы апталарда Кытай, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө вирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, Түштүк-Чыгыш Азияда "дельта" штаммы тез жайылууда.
Токиодогу Жайкы Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Айаал Лазарев 6-августта жооткотуучу беттешке чыгат. Анын атаандашы - учурдагы Олимпиада чемпиону түркиялык Таха Акгүл. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 8:00дө башталат. Акгүл 31 жашта. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Европа чемпионатынын жети жолку жеңүүчүсү. Олимп оюндарынын үч жолку катышуучусу. 2016-жылдагы Рио Олимпиадасынын жеңүүчүсү. Лазарев 5-августта 125 кг салмакта америкалык Дэн Гейбл Стивенсон менен күрөшүп 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип... Читать дальше...
Токиодогу Олимп оюндары ушул апта соңунда жыйынтыкталат. Бул жолу дагы олимпиадалык жаңы рекорддор болду. 5-августка карата Кытайдын спортчулары Токиодогу Олимп оюндарында 33 алтын, 24 күмүш, 16 коло байге утуп, жалпы эсепте биринчи орунга чыкты. АКШ курама командасы экинчи орунда, үй ээси Жапония үчүнчү орунда турат. Борбор Азия мамлекеттеринен эки алтын, бир коло медалы менен Өзбекстан алдыда. Андан кийин эки күмүш, бир коло уткан Кыргызстан турат. Казакстандыктар жети коло утуп алды. Читать дальше...
"Хюман Райтс Уотч" уюму Кыргызстандагы маалымат мыйзамы тууралуу 5-августта билдирүү таратты. Анда президент Садыр Жапаровго бул мыйзамга вето коюуга чакырык ташталган. "Бул мыйзам Кыргызстандын сөз эркиндигине, маалымат каражаттарынын эркиндигине олуттуу коркунуч келтирип, мамлекеттик цензурага жол ачып, өлкөнүн адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет", - деп белгилейт "Хюман Райтс Уотч" уюму. 28-июлда Жогорку Кеңеш “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алган. Читать дальше...
Саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан камакка алынды. Бүгүн 5-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирди. Жээнбеков бир жолу бузганын мойнуна алып, бирок эскертүү менен чектелүүнү соттон суранган. Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында Кой-Ташта камалган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Шайдулла Жолдубаевден келген материалды сунуштайбыз. Сынакка материалдарды кабыл алуу 30-июлда токтотулду. Таӊ атып, айлана-чөйрө көзгө даана көрүнүп калган учур. Бишкектен бери өзгөчө бир жерге барарын билгендей, чарчаганын сезбей чимирилген темир тулпар Кайрагачтын өрүкзарын аралап, көз жеткис чоӊ өрөөнгө чыга келди. Шарип аксакал көөдөнүн кере дем алып, толкундана түштү. Рулду башкарып бараткан Пааша уулуна: - Балам, ушул жерге токтотуп койчу, - деди. Читать дальше...
Бишкекте милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган оппозициячыл "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 10 күндөн кийин ачкачылык акциясын токтотту. Мунун алдында медициналык кароодон өтүп, жүрөгүн текшерткен эле. Саясатчынын тарапташтары, Акыйкатчы институту ал дарыгерлердин жардамына муктаж экенин айтып чыгышкан. Молдокматов май айында камалган жана ага бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынан улам айып коюлган. Жеңиш Молдокматов 5-августта Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда кароодон өттү. Читать дальше...
Жуманын аягына чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 5-августта чукул билдирүү таратты. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 8-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Өткөн айда Баткенде сел 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. Жалал-Абад облусунда селдин курмандыгы болгондор онго чукулдаган. Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында да сел жүрүп... Читать дальше...
Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 6-августта эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта мелдешке катыша турган кыргызстандык Эрназар Акматалиевдин алгачкы атаандашы белгилүү болду. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 8:00дө башталат. Ал 1/8 финалда индиялык Бажраң Пуниа менен беттешет. Бул салмакта жалпысынан 16 балбан күч сынашат. Бажраң Пуниа 27 жашта. Дүйнө чемпионатынын үч жолку байге ээси (бир күмүш, эки коло), Азиянын эки жолку чемпиону, үч жолку күмүш, эки жолку коло байгесинин ээси. Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровду кылмыш иштерди буйрук боюнча “токуган” тергөөчүлөрдөн жана прокурорлордон тазаланууга чакырды. 5-августта Атамбаев Кой-Таш окуясынын эки жылдыгына карата кайрылуу жарыялап, Жапаровдун “Убактымды куугунтукка коротпойм” деген билдирүүсүн “так жана таасын сөз” деп атады, андай кызматкерлер “чоңдоруна жагыныш үчүн куугунтук жүргүзүүнү, буюртма иштерди козгоону гана билет” деди. “Алар Сооронбай Жээнбековду, аны менен кошо бүт өлкөнү сазга батырды. Читать дальше...
Талибдер денесине чыпташкан көйнөк кийип, эркек туугандарынын коштоосу жок көчөгө чыкканы үчүн бир келинди өлтүрүп салышкан. Бул тууралуу Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясынын полициясы кабарлады. «Талибандын» жоочулары өз карамагындагы Самар Кандиан айылында аялды атып өлтүрүп кеткенин полиция башчысы Зиалухак Туфан «Азаттыктын» ооган кызматына билдирди. Маалыматка караганда, Назанин аттуу келин болгону 21 жашта эле. Ал Мазари-Шариф шаарына баруу үчүн үйүнөн чыгып машинеге отурар маалда кол салышкан. Читать дальше...
Камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов 5-августта 12 күндүк ачкачылыгын токтотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жардамчысы Эрлан Бекчоро уулу билдирип, мындай чечимди ал тарапташы Тилекмат Кудайбергеновдун жана акыйкатчы аппаратынын башчысы Аскат Азарбековдун өтүнүчү боюнча кабыл алганын айтты. "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду 5-августта Бишкектеги Кардиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өткөргөндөн кийин кайра шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына жеткиришти. Читать дальше...
АКШ президентинин администрациясы вакцина алган чет элдиктерге өлкөгө кирүүгө уруксат берүүнү көздөп жатканын Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлү 4-августта билдирди. Ал эми Британия чет элдиктерге кирүү эрежелерин жеңилдетүү планы каралып жатканын билдирди. Ал арада Кытай жапырт анализ алуу маалында коронавирустун «дельта» штаммы ондогон адамда аныкталганы үчүн каттамдарды чектей баштады. Олимпиада оюндары өтүп жаткан Жапониянын дагы сегиз облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилиши мүмкүн. ... Читать дальше...
Кыргызстанда коронавируска каршы жамааттык иммунитет калыптанышы үчүн 2 миллион 400 миң адам эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу 5-августта вице-премьер-министр Жылдыз Бакашова билдирди. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин соңку маалыматына караганда, эмделгендердин жалпы саны 651 миңге жетти. Алардын 140 миңи экинчи дозасын да алышты. Ошентип, эмделүүгө тийиш болгондордун 27% толук эмдөөдөн өттү. Бул көрсөткүч 70% жеткенде жамааттык иммунитет калыптанарын адистер айтууда. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн бүгүн, 5-августта эки күндүк иш сапары менен Түркмөнстанга жөнөп кетти. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү аймактык кызматташтык маселелери, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар талкууланат. Сапар алкагында Садыр Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да жүргүзөт. Расмий... Читать дальше...
Токиодогу Олимп оюндарында Казакстандын мушкерлер курама командасы алтынсыз калышты. 5-августта мушкер Сакен Бибосынов 52 килограмм салмакта жарым финалда британиялык спортчуга 2:3 эсебинде утулуп калды. Чейрек кылымдан бери алгачкы ирет казак мушкерлери финалга жетпей калышты. Курама команда 1996-жылдан бери мекенине алтынсыз кайта элек болчу. Бул жолу Сакен Бибосынов менен Камшыбек Кункабаев коло медалга ээ болушту. Казакстандык күйөрмандар Рио-де-Жанейродо күмүш тагынган Василий Левитке жана... Читать дальше...
Ош шаарында 5-августта таңкы саат 05:00дөр чамасында таза суу берүү токтотулду. Шаар мэриясы тараткан маалыматка ылайык, Папан суу сактагычына жакын жылгалардан сел жүргөн. Анын кесепетинен Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондуктан Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондоруна жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Жылдыз Болотбеков "Азаттыкка" билдиргендей, таза суу түшкү саат 14:00дө бериле баштады. Читать дальше...