COVID-19: Австрияда жаңы чектөөлөрдү утурлай вакцинага суроо-талап өстү
Дем алыш күндөрү Австриядагы вакцина борборлорунда коронавируска каршы вакцинага болгон суроо-талап кескин жогорулап кетти. Буга өлкөдө илдетти ооздуктоо үчүн кабыл алынган жаңы чаралар себеп. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, вакцина борборлорунда узун кезектер пайда болду. Ишемби күнү эле 10 миңдей киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. 8-ноябрда тартып Австрияда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн адамдар ресторандарга, мейманканаларга, чач тарачтарга кире албайт жана коомдук иш-чараларга да катыштырылбайт. Читать дальше...