Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Ноябрь
2021

Новости за 26.11.2021

Айрымдарга электрдин баасы 50 тыйынга түшөт

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинде мамлекеттик ишканалардагы коррупциялык иштер талкууланды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууну максат кылган деген шек менен 15тен ашык адамды кармады. Тажикстандын Хорог шаарындагы тополоңдо үч адам набыт кетип, онго жакыны ар кандай жаракат алды.

Сочиде Орусиянын ортомчулугу менен азери-армян сүйлөшүүлөрү өтүүдө

Azattyk.org 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өткөн жылдын 10-ноябрынан бери Карабактагы орусиялык бейпилдик күчтөрүнүн жооптуу зонасында олуттуу окуялар болбогонун айтты. Бул тууралуу Алиев жума күнү Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолукканда билдирди. Эки тараптуу жолугушуудан кийин Путин, Алиев жана Пашиняндын үч тараптуу сүйлөшүүсү болду. Андан кийин Владимир Путин менен Никол Пашинян өзүнчө жолугары кабарланды. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Сочидеги жолугушууда... Читать дальше...

Тажикстан Кыргызстандын үч жаранын өткөрүп берди

Azattyk.org 

Тажикстандын аймагында кармалган кыргызстандык үч жаран өткөрүлүп берилди. Дагы үч кыргыз жараны жакынкы күндөрү мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы билдирди. Бүгүн, 26-ноябрда Чек ара кызматынын өкүлдөрү тажикстандык кесиптештери менен жолуккан. Анын жыйынтыгында Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктарды кайтарууга жетишилген. Тараптар Кыргызстандын аймагында кармалган эки тажик жаранын кайтаруу боюнча да келишимге жетишти. Читать дальше...

Бийлик шайлоону Коопсуздук кеңешинде талкуулады

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнүндө бийлик өкүлдөрү алты саат бою Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты. Анда алгачкы маселе катары шайлоого даярдык талкууланып, тиешелүү органдар маалымат беришти. Бийликтин добуш берүү алдында улуттук коопсуздук боюнча башкы аянтчада шайлоону талкуулаганына негиз бар. Себеби, өлкөдө үч жолу орун алган ыңкылап шайлоодогу нааразылыктан улам башталып, бийликтин кулашына алып келген. Дал ушул жагдайды эске алган азыркы өлкө жетекчилиги шайлоого... Читать дальше...

Арон Атабекти эскерүүгө келгендерге полиция тоскоолдук жасады

Azattyk.org 

Чимкентте 26-ноябрда эки күн мурун каза болгон диссидент-акын Арон Атабекти эскерүү иш-чарасы өтө турчу Касирет мемориалына полиция күч менен кирип барды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына жергиликтүү активисттер билдирди. Активист Калкаман Омардын айтымында, Арон Атабекти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болгон күнү санаалаштары маркумдун жаркын элесине таазим кылуу үчүн "Трагедия" мемориалына барышкан. Бирок алар келери менен полиция кармап кеткен. "Бизди көрөрү менен полиция келип, кармап алып кетишти. Читать дальше...

Түркмөнстан: бала бакчаларда орусча мультфильмдерге тыюу салынды

Azattyk.org 

Түркмөнстандын айрым бала бакчаларында орус тилиндеги мультфильмдерди көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы Билим берүү министрлигинин өкүлүнө шилтеме бирип, маалымат таратты. Лебап облусундагы үч бала бакчада орус тилинде мультфильм көрсөткөнү үчүн бир нече тарбиячы иштен алынганы кабарланды. Билим берүү тармагынын кызматкеринин айтымында, жакында ашхабаддык инспекторлор аймактардагы билим берүү мекемелерин текшерген. "Инспекторлор мугалимдерди балдарга орус тилинде мультфильм көрсөтүп жатат деп күнөөлөп... Читать дальше...

Жоюлбай жаткан жол кырсыгы

Azattyk.org 

Кыргызстанда жол кырсыгы күн сайын кеминде үч кишинин өмүрүн алат. Мындай кургак статистиканын артында трагедия, жакынын жоготкон үй-бүлөлөр бар. Эже-сиңдилер берүүсү бул жолу мына ушул жол кырсыктарынын себептерин талкуулайбыз

Зеленский "мамлекеттик төңкөрүш боюнча" аудио жазуу бар экенин билдирди

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын өкүлдөрү менен украиналык ишкер Ринат Ахметовго караштуу адамдар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууну талкуулаган аудио жазуу бар экенин билдирди. Бул тууралуу Зеленский маалымат жыйынында айтты. Зеленский аудио жазууну Ахметовду чалып жыгуу аракети деп эсептеп, анда ишкердин өзүнүн үнү жок экенин белгилейт. "Мен 1-2-декабрда өлкөбүздө мамлекеттик төңкөрүш болот деген маалымат алдым. Биздин колубузда ыкчам чалгын маалыматтары гана эмес, Украина менен... Читать дальше...



Жогорку окуу жайлардагы харассмент

Azattyk.org 

Бишкек мамлекеттик университетинин деканынын орун басары жана студенттин ортосунда болгон диалог кызуу талкуу жаратты. Аны айрымдар студентке карата харассмент катары бааласа, айрымдар мындан жагымсыз эч нерсе көрбөй турганын айтып, окутуучуну коргоп чыгышты.

Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү Асамидин Мариповдун ишин текшерди

Azattyk.org 

Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү Ноокат райондук ооруканасынын жетекчиси Асамидин Мариповдун ишмердүүлүгүн текшерип, административдик ресурс колдонгонун аныктай алган эмес. Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулунун айтымында, Мариповго карата айтылган доолор далилденген жок. "Комиссиянын мүчөлөрү оорукананын дарыгерлеринен сураган учурда, алар тастыктаган эмес. Ошол эле учурда райондук ички иштер бөлүмүндө иш тергелүүдө. Анын жыйынтыгы азырынча чыга элек". Асамидин Мариповдун... Читать дальше...

УКМКнын шайлоо алдындагы операциясы

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам камалганын билдирди. Атайын кызмат алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, мурда жогорку бийликте иштегендер бар экенин маалымдап, бирок алардын аты-жөнүн ачык атаган жок. Такталбаган маалыматтарга караганда, кармалгандардын ичинде "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" деген бирикмелердин лидерлери, мүчөлөрү бар. УКМК кармалган адамдарга байланыштуу Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери... Читать дальше...

Улуттук коопсуздуктун жаңы концепциясы даярдалды

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Улуттук коопсуздуктун жаңы концепциясы жактырылды. Концепция менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов тааныштырды. Концепцияны иштеп чыгууда мамлекеттин өнүгүшүнө жана улуттук коопсуздугуна терс таасирин тийгизе турган ички жана тышкы коркунучтардын тизмеси аныкталган. Иманкулов тышкы коркунуч катары Кыргызстандын чек арасынын кол тийбестигине болуп жаткан аракеттер жана аскердик агрессия, эл аралык терроризм жана диний экстремизм, ага интернет түйүнү аркылуу үгүттөөнүн күч алышы... Читать дальше...

Лукашенко мигранттарды өлкөдөн чыгарбайт

Azattyk.org 

Александр Лукашенко Беларус Жакынкы Чыгыштан келген мигранттарды өз өлкөсүнө депортация кылбай турганын билдирди. Лукашенко беларус-поляк чек арасына барып, Брузги чек ара бекетинин жанындагы логистикалык борборго жайгаштырылган мигранттар менен жолукту. Беларустун мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Лукашенко "каалабасаңар, биз силерди кармап, учактарга жүктөп, эч качан үйүңөргө күч менен жөнөтпөйбүз" деп айткан сөзүн жазып чыгышты. Ошондой эле андагы мигранттар Лукашенкону кол чабуулар менен тосуп алганын жазышты. Читать дальше...

Хорогдо дагы ок атылды, жарадарлар бар

Azattyk.org 

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда митингге чыккандар үч күндөн бери тарай элек. 27-ноябрда да Хорогдо кагылышуу болуп, бир нече адам жараат алганы кабарланды. Дүйшөмбү окуя тууралуу расмий маалымат бере элек. “Озоди” радиосунун өздүк булактары жаңжалдан бир нече адам жабыркаганын маалымдаган. Айрым булактар төрт адам жараат алды десе, башкалары эки киши жараат алганын жазууда. Тажикстандын расмий бийлиги бул окуя боюнча маалымат бере элек. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы... Читать дальше...

Хорогдогу операция тополоңго айланды

Azattyk.org 

Тажикстандын Хорог шаарындагы тополоңдо үч адам набыт кетип, онго жакын демонстрант ар кандай деңгээлде жараат алганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы өздүк булактарына таянып жазды. Кагылышуудан жабыркагандар арасында коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери бар. Тажикстанда 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин ондогон адамдар нааразылык билдирип митингге чыккан. Алар маркумдун сөөгүн Тоолуу Бадахшан автоном облусунун администрациясынын имаратына алып келип... Читать дальше...

Кузбасста каза болду деген алты куткаруучунун бирөө тирүү табылды

Azattyk.org 

Кузбасстагы Листвяжная шахтасында кырсыкка кабылгандарды издөө учурунда каза болду деп жаткан алты куткаруучунун бирөө - Александр Заковряшин тирүү табылды. Бүгүн эртең менен куткаруучу топтун алты мүчөсүнө "Эрдик" орденин каза болгондон кийин ыйгаруу чечими чыккан. Тирүү калган куткаруучу ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын абалын "орточо" деп баалады.   Кемерово облусунун губернатору Сергей Цивилев "менимче, биз башка эч кимисин эми тирүү таба албайбыз. Бул чоң жарылуудан кийин көп адам өлдү. Читать дальше...

Кыргыз өкмөтү Германия менен кызматташууга маани берет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, бүгүн 26-ноябрда Германиянын элчисинин милдетин аткарууга киришкен Габриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Расмий маалыматка караганда, Байсалов кыргыз тарап Германия менен негизги эл аралык өнөктөштөрдүн бири катары кызматташуу, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо маселесине өзгөчө маани бере турганын белгилеген. Германиянын элчиси перинаталдык борбор жөнүндө маселеге көңүл бурду (долбоордун даярдыгы ... Читать дальше...

Түркмөн президенти мунай жана газды көзөмөлдөөнү уулуна өткөрүп берди

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов мунай жана газ тармагын көзөмөлдөөнү карачечекей уулу, вице-премьер-министр Сердар Бердымухамедовго өткөрүп берди. Бул тууралуу өкмөттүк «Нейтральный Туркменистан» басылмасы жазып чыкты. Жаратылыш газына бай Түркмөнстан анын кору боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Мамлекеттик казынанын орчундуу бөлүгү сырьену экспорттоодон түшкөн кирешелердин эсебинен жабылат. Crude Accountability уюмунун кабарлашынча, энергетикадан түшкөн кирешенин 80 пайызы көмүскө экономикага... Читать дальше...

Казакстан Кытайдан жүк өткөрүүнү жеңилдетүүнү өтүндү

Azattyk.org 

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында Кытай бийлигинен Казакстандан Кытайга жүк ташууну жандандырууну суранды. Премьер-министрдин расмий сайтында маалымдалгандай, Аскар Мамин Кытай тараптан "товарлардын агымын калыбына келтирүү жана көбөйтүү боюнча чукул чараларды көрүүнү өтүнгөн". Билдирүүдө Бээжин буга кандай жооп кайтарганы айтылган эмес. Кытай өкмөтү былтыртан бери коронавирус пандемиясынын жайылуу коркунучунан... Читать дальше...

Ошто талапкер каржы иштерине байланыштуу УКМКга сурак берип чыкты

Azattyk.org 

Ош шаарында парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан ат салышып жаткан талапкер Бекболот Арзибаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке каржы иштерине байланыштуу сурак берип чыкты. Бул тууралуу анын тарапташы Айсулу Аскарбекова Фейсбук баракчасында билдирди. Талапкер өзү үгүт өнөктүгү башталып, эл менен жолугушуу уланып жатканын жазды. 25-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) №7 шайлоо округунан ат салышып жаткан талапкер Бекболот Арзибаев каржы маселесине байланыштуу кармалганын билдирген. Читать дальше...

Африканын түштүгүндө коронавирустун кооптуу түрү табылды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги жума күнү Африканын түштүгүндө эксперттерди тынчсыздандырган SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы штаммы табылганына байланыштуу чукул жыйын өткөрөт. Жыйындын аягында бул штаммды "кызыкчылык" же "кооптуулук" деңгээлинде коронавирустук вариациялардын тизмесине киргизүү чечими кабыл алынышы мүмкүн. Бир катар адистер буга чейинки маалыматтарга таянып, B.1.1.529 штаммы мурда аныкталган бардык башка штаммдардан, анын ичинде "дельтадан" да коркунучтуу болушу мүмкүн деп эсептешет. Читать дальше...

Кыргызстанда нандын баасы дээрлик 10 пайызга жогорулады

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитети республиканын 18 калктуу конушунда жүргүзүлгөн, социалдык жактан маанилүү азыктардын орточо бааларынын жыйынтыгын жарыялады. Маалыматта 2021-жылдын 24-ноябрына карата нандын баасы өлкө боюнча орточо эсеп менен 52,76 сомду түзгөнү жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 9,9 пайызга жогорулаганы көрсөтүлгөн. Ал эми тандыр нандын 1 килограммы 76,38 сомду түзүп, 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,1 пайызга өскөн. Учурда нандын баасы Ноокатта (бир кг үчүн 69,57 сом)... Читать дальше...

Тажикстандын Хорог шаарындагы тополоңдо үч адам набыт болду

Azattyk.org 

Тажикстандын Хорог шаарындагы тополоңдо үч адам набыт кетип, онго жакын демонстрант ар кандай деңгээлде жаракат алганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы өздүк булактарына таянып жазды. Кагылышуудан жабыркагандардын арасында коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери бар. Тажикстанда 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин ондогон адамдар нааразылык иретинде митингке чыккан. Алар маркумдун сөөгүн Тоолуу Бадахшан автоном... Читать дальше...

Чүйдөгү суу тартыштыгы боюнча үч жетекчиге сөгүш берилди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жана Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеевге сөгүш жарыялады. Мамлекет башчысы жаз-жай мезгилинде Чүй облусунун сугат жерлерин талаптагыдай сугаруу камсыз кылынбаганын белгиледи. "Дыйкандар ызы-чуу сала баштаганда гана кириштиңиздер", — деди президент Жапаров. Президент сугат мезгилине эрте даярдык көрүү зарылдыгын белгилеп... Читать дальше...

Жаңы жылдан тарта 110 миңден ашуун үй-бүлө электрге 50 тыйындан төлөйт

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда азык-түлүк коопсуздугу каралган Коопсуздук кеңшинин жыйынында өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына тарифти 2022-жылдын 1-январынан тартып арзандатуу боюнча тапшырма берди. "1-январдан баштап биринчи электр энергиясынан жардам берели. Азыр 77 тыйындан төлөсө, ошону 50 тыйынга түшүргүлө. Калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер. Бир айдын ичинде дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла. 110 миң 518... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *