Ачкачылык кармап аткан Саакашвили түрмөдө эс-учун жоготкону кабарланды
Грузиянын мурдагы президенти, 49 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Михаил Саакашвили адвокаттар менен жолуккандан кийин эс-учун жоготту. Бул тууралуу адвокаты Бека Басилая “Эхо Кавказа” радиосунун кабарчыларына билдирди. Басилаянын айтымында, саясатчыны түрмөнүн ооруканасындагы бөлмөдөн замбилге салып алып кетишти. Кийинчерээк ал Саакашвили өзүнө келгенин айтып, «медициналык көз караштан баа бере албайм, бирок абалы өтө оор болчу», - деди. Экс-президент 1-октябрдан бери ачкачылык кармап жатат. Читать дальше...