Тажик абагында отурган Артыковдун үй-бүлөсү жардам сурайт
Тажикстандын Жийделик айылында жашаган Кыргызстандын жараны Сайдахмет Артиковдун (Саидакмат Артыков) камалганына туура эки айдын жүзү болду. Жакындары аны бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүп, кыргыз бийлигине кайрылды. Жакындары Артыков абакта кыйноо көрүп, ооруканага жатып чыкканына кабатыр болууда. 44 жаштагы Артыков ушул жылдын 16-сентябрында "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген кине менен кармалган. Учурда Тажикстандын Кожент шаарындагы тергөө абагында отурат. Жакындарынын айтымында, ал камалгандан кийин саламаттыгы кескин начарлап... Читать дальше...