Москвадагы кыргыз дипломатынын үй-бүлөсүнө жасалган орой мамилени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги айыптап, нота тапшырды. Мунун алдында орус полициясы элчиликтин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйүнүн эшигин бузуп кирип, күч колдонгону кабарланган. Казакстандын парламенти үй-бүлөлүк зомбулук жана балдарды зордуктоого айыпталгандардын жазасын катуулаткан мыйзам кабыл алды. Өлкөдө аялын уруп өлтүрүүгө шектелген экс-министр Бишимбаевдин соту чуу жаратууда. Кыргызстандын Өзбекстандын аймагында жайгашкан... Читать дальше...
Жарым жылдан бери Бишкек боюнча бир нече “Кофе и точка” деген жай иштеп жатат. Сыртынан караган кишиге борбор калаадагы кофеканалардын бириндей эле көрүнөт.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үй-бүлөсүнө орус полициясынын орой мамилесин айыптап, нота тапшырды. Орусия тарап окуяны териштирүүнү убада кылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда орусиялык "Мир" банк картасын тейлөө токтотулганына өкүнүчүн билдирди.
Соңку убактагы аялдарга карата зомбулуктар чыгармачыл чөйрөнү да түйшөлтүүдө. Кээ бир маданият өкүлдөрү зомбулукка каршы биргелешип күрөш жүргүзүүнү сунуштаса, айрымдары кылмыш жасагандарды оор жазага тартуу керектигин коңгуроо кагып жатышат.