Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Апрель
2024

Новости за 30.04.2024

Грузияда парламент талаштуу мыйзамды карай баштады

Azattyk.org 

ХАМАС радикал уюму Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу сунушту карай баштады. Ал арада Израил армиясы Газа тилкесине сокку урууну улантууда. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди Жогорку сот күчүндө калтырды. Ал коомчулукта камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду ачык колдогон адам катары таанымал. Саясатчы Адахан Мадумаров соттук ишине жана мандатынын алынышына байланыштуу жогорку инстанцияларга даттанды. Ал өткөн аптада тергөө абагынан чыгып, ошол эле күнү мандаты алынган.

Газа: ХАМАСка берилген сунуш, Израилдин соккусу

Azattyk.org 

АКШ өз кезегинде ХАМАСты тезинен чечим кабыл алууга чакырды. Ал арада Израил армиясы Газа тилкесине сокку урууну улантууда. Биринчи күнү ондогон палестиндин өмүрү кыйылганы кабарланды. Тель-Авивде радикал уюмдун туткунундагы израилдиктерди бошотууну талап кылган ири митинг өттү.

Мадумаров: Парламентти мынчалык кордобош керек

Azattyk.org 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, жакында эле тергөө абагынан чыккан саясатчы Адахан Мадумаров “Азаттыкка” маек курду. Оппозициялык саясатчы соттун чечими, мандаты, парламенттин ролу жана мамлекеттик бийлик институттары тууралуу суроолорго жооп берди.

Казакстандагы суу ташкыны: Көчмөндөр оюндарынын чыгымы кыскарат

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды үнөмдөө максатында ири иш-чаралардан баш тартууга тапшырма бергени кабарланды.



Ысык-Көл: Малга арзан тоют камдаган фермер

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун тургуну Бакытбек Мамбетов гидропоникалык ыкманы өздөштүрүп жатат. Сүт багытындагы уйларды багып жаткан фермер соңку жылдары кургакчылыктан улам чөп аз болуп жаткандыктан тоюттун жаңы түрүнө кызыга баштаган. Агахан фондунун жардамы менен идеясын ишке ашырып жаткан Мамбетов тоюттун бул түрүн өстүрүү ыңгайлуу жана малга тоюмдуу экенин белгилейт.

Айдын бетиндеги төрт буттуу робот

Azattyk.org 

Айдын бетинде адамга жардам берчү төрт буттуу роботтор. Рак оорусун дарылай турган балыр микророботтор. Тукум курут болгон пилдер. Германияда эки окуучу байыркы пилдин сөөктөрүн тапты.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *