Орусиянын Оренбург облусунда миңдеген үй-жайды суу каптап, кырдаал оор болуп тургандыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакка федералдык маанидеги өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Урал дарыясында жана анын куймаларында суунун деңгээли көтөрүлүп, аймактан 4000ден ашуун киши эвакуацияланды. Ал тапта Казакстандагы суу ташкындан улам Атырау облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Садыр Жапаров 2-апрелде кол койгон талаштуу "Чет элдик өкүл" мыйзамына кайрадан түшүндүрмө берип, бейөкмөт уюмдарга "куугунтук болбойт" деп убада кылды. Президент бейөкмөт уюмдарды "расмий каттоодон өтпөй, отчет бербей келген" деп айыптаганы үчүн жарандык коом "маалымат бурмаланды" деп сындаган эле.
5-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Кыргыз медицинасындагы кадр тартыштыгы, алыскы айыл жергесинде ак халатчандардын жоктугу ардагер дарыгерлерди эс алууга кетирбей иштөөгө аргасыз кылууда. Азыр өлкөнүн ар кайсы аймактарында жаш курагы 80ден ашкан ондогон врач эмгектенет. “Азаттыктын” “Данисте” берүүсүнүн бул чыгарылышында ардагер ак халатчандардын түмөн түйшүктүү ишин көрсөтөбүз.
"Билимдүү Кыргызстан" жана KG Analitics соңку 4 айдан бери билим берүү тармагында жүргүзгөн талдоосун жыйынтыктады. Анда мектептердеги китептердин жетишсиз экени, бул көйгөй чечилбесе, келечек муунду окуту кыйынга турары айтылат.