Казакстан, Орусия: Селдин зыянын эсептеген эч ким жок
Жалпысынан Казакстанда сел каптаган айыл-шаарлардан эвакуациялангандар 108 миңден ашты, алардын дээрлик 38 миңи балдар. 12 миң киши кайра үйүнө кайтты. Азыркы тапта 7,5 миңдей киши убактылуу ачылган жайларда жашап жатат. 26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Орусияда Тобол дарыясында суунун деңгээли кооптуу чектен ашты. Курган облусунда сел 880 үйдү каптаганын... Читать дальше...