Тоолуу Карабакта азери-армян аскерлеринин атышуусу уланууда
![Тоолуу Карабакта азери-армян аскерлеринин атышуусу уланууда](https://gdb.rferl.org/2e73f684-eb62-4a59-bdaa-48b36e24259d_w800_h450.jpg)
Эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу чакырыктарга карабай, Тоолуу Карабак аймагында Азербайжан менен Армения ортосундагы куралдуу кагылыш төрт күндөн бери уланууда. 30-сентябрда эки тарап тең чектешкен аймактарда атыштар уланып жатканын бышыкташты. Ошол эле учурда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжал талаштуу аймактын чегинен чыгып, толук кандуу согушка айланып кетиши мүмкүн деген коркунучтар айтылууда.
Азербайжандын Коргоо министрлиги “фронттун бардык тарабында аскердик аракеттер, атышуу токтобой жүрүп жатканын” кабарлады.
Армениянын Коргоо министрлигинин атайын өкүлү Шушан Степанян фейсбуктагы баракчасына “учурда жаңжал аймагында артиллериядан атышуу уланып жатканын” билдирди. Эки тараптан ондогон адамдар каза болгону кабарланды. Алардын ичинде жайкын тургундар да бар.
29-сентябрда кечке маал Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы абалды чукул талкуулап, уюмдун баш катчысы Антонио Гуттериштин ок атууну тезинен токтотуу боюнча чакырыгын колдоду. Улуттар уюму аймактагы абалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.
Бирок Азербайжан менен Армениянын жетекчилиги тынч сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча сунушту четке кагып, бири-бирин чатакты ырбатууга айыптап жатышат.
Азербайжан менен Армения 1980-жылдардын аягынан баштап Тоолуу Карабак үчүн жаңжалдашып келет. Азербайжандын аймагында болуп, негизинен этникалык армяндар жашаган бул аймак өз алдынча бөлүнүп чыкканын жарыя кылган. Дүйнөлүк коомчулук тааныбаган аймакта соңку 30 жылда бир нече жолу куралдуу кагылыштар орун алып келет.
Соңку жолу 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялап, соңку кагылышты согуш деп аташты.