Өзгөндө киши колдуу болгон жигиттин жакындары акыйкаттык талап кылат
30-сентябрь күнү Өзгөндө мушташтан каза тапкан Замирбек Ормон уулунун жакындары анын «Республика» партиясына үгүт жүргүзүп иштегенин ырасташты. Маркумдун тууганы (атасынын агасы) Чолпонбай Жумалиевдин «Азаттыкка» билдиришинче, ал үгүтчү болуп бир күн иштеген: «Анын өлүмүн Орусиядагы карындаштарыбыздан уктум. Кечээтен бери сөөктү жерге берип атабыз, эртеңден тартып киришебиз. Кайсы бала, эмне болгон, кандай экенин мыйзам чегинде чара колдонобуз. Бул жеке чатак болдубу, башка нерсе болдубу же саясий иш болдубу азырынча кабарыбыз жок». Читать дальше...