Президент Трамп шайлоого байланыштуу сотко кайрыла турганын кайталады
![Президент Трамп шайлоого байланыштуу сотко кайрыла турганын кайталады](https://gdb.rferl.org/c4fca347-0b54-478f-a1e5-44c39383870e_w800_h450.jpg)
АКШнын президенти Дональд Трамп 3-ноябрдагы президенттик шайлоо «бурмаланганы» тууралуу негизделбеген дооматтарды кайрадан айтып, бир нече штаттагы сотторго дагы көбүрөөк арыздарды жибере турганын белгиледи. Ал шайлоого байланыштуу бул сыяктуу бир нече билдирүүсүн 15-ноябрда «Твиттерге» жарыялады.
Алардын биринде Трамп Байдендин жеңишке жеткенин биринчи жолу мойнуна алгандай көрүнгөнү менен кийинчерээк аны четке какты. Ошондой эле шайлоодо утулганын мойнуна албай турганын дагы бир жолу белгиледи.
Трамп Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байдендин атын атабастан: «Ал шайлоо бурмалангандыгынын аркасында жеңди», - деп жазды.
Аны улай: «Ал болгону жалган ("фейк") жаңылыктардын медиасынын көз карашы боюнча гана жеңди. Мен эч нерсени мойнума албайм», - деп билдирди.
7-ноябрда Кошмо Штаттардагы дээрлик бардык ири маалымат каражаттары Жо Байден президенттик шайлоону жеңип чыкканын жарыялашкан. Алар расмий эмес жыйынтыктарга таянып, демократтардын талапкери шайлоочулар коллегиясынын 270 добушуна ээ болгонун билдиришкен.
Өткөн аптада АКШда калган бир нече штаттагы добуштардын алдын-ала жыйынтыгы жарыяланып, Байден шайлоочулар коллегиясынын 306 добушун алганы белгиленген. АКШнын бир катар өнөктөштөрү жана Жорж Буш сыяктуу мурдагы президенттери 77 жаштагы Байденди жеңиши менен куттукташкан.
Трамптын шайлоо командасынын шайлоого байланыштуу буга чейинки бир катар арыздары далил жетишсиздигинен улам четке кагылган болчу.