ЖАМК: абактагы жаңжал тууралуу видео Кыргызстанда тартылган эмес
"Түрмө кызматкерин абакта отургандар жапырт сабап салганы" тууралуу Интернетте тараган видео Кыргызстанда тартылган эмес. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. Адистер тасманы карап чыкканын, Кыргызстандагы түрмөлөрдүн имаратына окшобой турганы жана андай окуя жөнүндө эч кандай маалымат жоктугун аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 2-ноябрда "Фейсбуктун" айрым колдонуучулары үч мүнөттөн ашыгыраак видео жүктөп, "Кыргызстандагы абактардын биринде жапырт мушташ болуп, түрмө кызматкери сабалганын" жазышкан. Читать дальше...