Кой-Таш комиссиясынын эки ача жыйынтыгы
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады. Бирок анын эки мүчөсү иликтөө толук жүрбөй калганын айтып, каршы чыкты.
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады. Бирок анын эки мүчөсү иликтөө толук жүрбөй калганын айтып, каршы чыкты.
Ирандын Тажикстандагы элчиси: Жакында Дүйшөмбү шаарында Иран товарларынын адистештирилген көргөзмөсү өтөт.
Түркияда сот оппозициялык "Taraf" гезитинин мурдагы башкы редактору Ахмет Алтан менен журналист Назлы Ылыжакты эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотту. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик "Anadolu" агенттиги кабарлады. 2018-жылы февралда оппозициялык маанайдагы журналисттер Назлы Ылыжак, Ахмет Алтан жана анын бир тууганы, профессор Мехмет Алтан бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлендин тыюу салынган кыймылы менен байланышта болгон деп айыпталып, өмүр бою соттолушкан. Түрк бийлиги 2016-жылы... Читать дальше...
Жамбыл облусунун Кордай райондук соту 2019-жылдын апрелинде автобустун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча өкүм чыгарды. Анда 11 адам каза болуп, 32си жараат алган. 20-апрелде жеңил автоунаа менен жүк ташуучу автоунаа кагышып, алардан буйтап өтүүгө аракет кылган автобус оодарылып кеткен. Кырсыкта Өзбекстан менен Казакстандын жарандары каза тапкан. Бул окуяга күнөөлүү деп табылган автобустун айдоочусу камалган. Кордай райондук соту айыпталуучуну «Адамдардын өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап... Читать дальше...
Өзбекстанда бөлкө нандын баасы соңку үч аптада эки эсе кымбаттады. Kun.uz сайты тараткан маалыматка караганда, азыр дүкөндөрдө бир нан 1600 сумдан, базарда 1700 сумдан сатылууда. Бул кыргыз валютасына которгондо 14-15 сомго барабар. 15-октябрга чейин наркы 1100 сом (9-10 сом) болгон. 2018-жылы 600-650 сумдан (5 сомдун тегерегинде) сатылчу. Кыргызстанда да ушул күндөрү ундун жана нандын баасы өсүп, Бишкектин тургундары мурда 15-16 сомдон сатылган бөлкө нан 20 сомго чейин көтөрүлгөнүн айтып жатышат.
Ош шаарында мэрия убада кылган күнү - 5-ноябрда көп кабаттуу үйлөргө жылуулук толук берилбей калды. Калаа бийлигинин басма сөз кызматы мэр жылуулукту берүү боюнча буйрукка кол койгонун билдирип, "Жылуулук камсыздоо" ишканасы тейлеген бир канча кичирайондордогу үйлөр 6-ноябрда жылый баштарын айтты. Жылуулук электр борбору тейлеген кичи райондор үчүн 7000 тонна суу ысытылып жатканын кошумчалап, түшүнүү менен кабыл алууну сурады. Ушул күндөрү Ошто абанын температурасынын эң төмөн көрсөткүчү +5 градус болууда. Читать дальше...