Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 27.11.2019

Доминиканда автобус кырсыктап 20 турист жабыркады

Azattyk.org 

Доминикан Республикасынын Игуэй шаарына жакын жерде 26-ноябрда автобус аварияга кабылып, бери дегенде 20 турист жаракат алды. Алардын 17си орусиялыктар, жетөөнүн абалы оор экени кабарланды.  Жарадар болгондордун арасында сегиз бала бар.  Автобус аэропорттон баратканда жүк ташыган машине менен кагылышкан. Расмий маалыматтарга караганда, кээ бир жүргүнчүлөр куткаруучулар чыгарып алганга чейин бир нече саат бою автобустун ичинде чыга албай калып калышкан.  Орусиянын Венесуэладагы элчиси автобуста... Читать дальше...

Албаниядагы жер титирөөнүн курмандыктары 23 кишиге жетти

Azattyk.org 

Албаниядагы жер титирөөдөн бери дегенде 23 адам каза таап, жүздөгөн киши жабыркады. Куткаруучулар урандыларды тазалап, издөө иштерин улантышууда. Ооруканага 650 адам жеткирилгенин жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.  АКШынын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, 26-ноябрдагы жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетти. Очогу борбор калаа Тирананын чыгыш-батыш тарабынан 30 чакырым алыстыкта, 20 чакырым тереңдикте болду. Тирана, Тумане жана Дуррес шаарларында бир катар имараттар, турак жайлар кыйрады. Читать дальше...

Жогорку Кеңеште президентке импичпент жарыялоо маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү, өлкөдөн чыгарылган миллиондор, аткезчилик маселеси боюнча башкы прокурордун маалыматын угууну сунуш кылды. Эл өкүлү бул күмөндүү жагдайлар президентке импичмент жарыялоо маселесине алып келерин билдирди: - Маселе аябай көп болуп жатат жана мунун баары бизди президентке импичмент жарыялоо, ишеним көрсөтпөө тууралуу талкуулоого алып баратат. Анткени мунун бардыгы биздин жогорку бийликтин... Читать дальше...

Бахадыр Кочкаров эл аралык карьерасын жыйынтыктады

Azattyk.org 

Кыргызстандык футбол калысы Бахадыр Кочкаров эл аралык аренадагы карьерасын ийгиликтүү жыйынтыктады.  Бул тууралуу Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы Азия футбол конфедерациясынын резиденциясында 26-ноябрда өткөн «AFC Referees Memento Awards 2020» аттуу салтанат учурунда маалымдалды.  Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) калысы Бахадыр Кочкаров алгач 2010-жылы, Түштүк Африкада өткөн Дүйнөлүк футбол чемпионатында мелдеш талаасына чыккан. Эки жолу дүйнө чемпионатына катышып, тогуз оюнга оң канатта туруп калыстык кылып... Читать дальше...

Бишкекте алгач ирет уюштурулган феминнале 17 күн уланат

Azattyk.org 

Бишкекте 27-ноябрда башталчу алгачкы феминнале Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналып, 17 күнгө созулат. Маркумдардын 14ү кыргызстандык мигранттар болушкан.  Уюшутуруучу Алтын Капалованын айтымында, аялдардын экономикалык эркиндик темасындагы феминнале кѳргѳзмѳсүндѳ 22 ѳлкѳдѳн 50дѳн ашуун сүрөтчүнүн эмгектери тартууланат. Заманбап искусство менен коштолгон көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болот.  Феминнале гендердик теңсиздиктин... Читать дальше...

Токаевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапары башталууда

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келет. Шейшембиде Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен телефондо сүйлөшүп, алдыдагы сапарды талкуулашканын президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.  Токаев 28-ноябрда Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйынына да катышат.  Ага уюмга мүчө мамлекеттердин - Беларустун, Орусиянын, Тажикстандын мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министри келет. (SE)

Албаниядагы жер титирөөдө бери дегенде 19 адам каза тапты

Azattyk.org 

Албаниядагы жер титирөөдөн бери дегенде 19 адам каза таап, жүздөгөн киши жабыркады. Куткаруучулар урандыларды тазалап, издөө иштерин улантышууда.  АКШынын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетти жана очогу борбор калаа Тирананын чыгыш-батыш тарабынан 30 чакырым алыстыкта, 20 чакырым тереңдикте болду. Тирана, Тумане жана Дуррес шаарларында бир катар имараттар, турак жайлар кыйрады.  Албания сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкандыктан маал-маалы менен жер силкинип турат.

Бишкек мэриясы организми сезгич кишилерди беткап кийүүгө чакырды

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы абадагы зыяндуу заттардан сактануу максатында организми сезгич адамдарга бет кап кийип жүрүүнү сунуш кылды. Мындай кайрылуу борбор калаа администрациясынын сайтына жарыяланды.  Адистер «мүмкүн болсо үйдө аба тазалагычтарды колдонуп, терезелерди көп ачпаганга аракет кылыңыздар» деп кеңеш беришүүдө. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги орноткон «Airnow» жабдуусунун маалыматы боюнча ноябрдын башында Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири деп табылган.  Буга автоунаалардын газы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *