Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2020

Новости за 07.03.2020

Дүйнө таажы вирусун ынтымакка жана боорукерликке таянып жеңет

Azattyk.org 

Коронавирустун (таажы вирусунун) жаңы түрүнө каршы чечкиндүү чаралар алгачкы жемишин берип жаткан маалда, кайдыгерликке жана шалаакылыкка жол бербешибиз абзел. Коронавируска каршы биргелешкен аракеттин зарылдыгы тууралуу блог.

«Байчечекейди» чыгарган баатыр агай

Azattyk.org 

Быйыл «Байчечекей» журналынын үзгүлтүксүз чыгып келатканына 42 жыл болот. Учурда ал 8-9 миң нуска менен туруктуу басылып келет. Балдар адабияты өксүккө учурап турган мезгилде аталган журнал кантип өз окурмандарын таап жатат? Бүгүнкү замандын балдары кандай ырларды, кандай жомокторду, кандай аңгемелерди окуйт? Бул суроолорго Кыргыз эл акыны, «Байчечекей» журналынын башкы редактору Токтосун Самудинов жооп берди.

Студенттерди уккан журналист сурак берди

Azattyk.org 

Ош шаарында "Ынтымак" телеканалынын кабарчысы шаардык милицияга 6-мартта сурак берип чыкты. Буга журналисттин шайлоону утурлай студенттерди мажбурлап, каттоого тургузуп жатканы жөнүндө жасаган репортажы себеп болгон.

Алты айымдан кеңеш: Коркпо, тил үйрөн, билим ал

Azattyk.org 

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Эркин Европа/Азаттык" радиосу Борбор Азия өлкөлөрүндө жашап, иштеп, ийгиликке жеткен айымдарына микрофон сунду. Алардан "Эгер жаш кезиңизге кайтып барсаңыз, өзүңүгө кандай кеңеш берет элеңиз?" деп сурады.

Канкарини: Өзбекстан лидер боло турган өлкө

Azattyk.org 

Италиянын гезиттери соңку мезгилде Өзбекстанга өзгөчө көңүл буруп, көп макалаларды басып келет. Борбор Азия боюнча изилдөөчү Давиде Канкарини Өзбекстандын аймактын лидерине айлануу потенциалы бар деген пикирде.

«Вефа» чатагындагы чоң саясаттын изи

Azattyk.org 

Бишкектеги «Вефа» соода борборуна ээлик кылуу боюнча кыргыз ишкери менен түрк бийлигинин ортосундагы мүлк талаш экинчи айлампага чыгып, кайрадан Жогорку сотто каралууда.

Мандем эмес - тандем!

Azattyk.org 

“Күлкү кербени” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы үй-бүлөдөгү кайчы пикир жөнүндө юмордук аңгемени камтыйт.

Хабиб Фергюсондун курун тээп салды. Мушкерлер сес көрсөтүшкөн видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Спортчулардын көз караштар таймашы чыңалуу менен башталып, алар жада калса кол алышып учурашпай койгонун көрүүгө болот. UFС президенти Дана Уайт аларды тынчтандырганга аракет кылган.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *