Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2020

Новости за 22.03.2020

Коронавирус: Калпыс жоромолдордун зыяны күч

Azattyk.org 

Дүйнө жүзүндө коронавирустан да тез таркаган жабыркаткан нерсе –– калайыкты дүрбөлөңгө салган калпыс жоромолдор. Айрымдары –– саясий күрөштүн же диний ж.б. үгүттүн натыйжасы болсо, кээлери –– сабатсыздыктын мөмөсү. Негизсиз жоромолдор адамзатты пандемияга каршы орток күрөштөн алагды кылышы ыктымал.

Бишкек, Ош шаарларындагы коомдук транспорттун иштөө тартиби

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу Бишкек шаарында кичи автобусттук маршруттар токтоду. Бирок троллейбус жана автобус линияга чыгат. Мэриянын маалыматында, калаа боюнча 76 автобус иштейт. Алар 6, 7, 8, 9, 18, 21, 22, 36, 38, 42, 46, 48-номурдагы автобустар. Ал эми Ош шаарында №1, №2 троллейбус жана №12, №13 автобус каттамдары эртең менен жана кечинде каттайт. Ош мэриясынын маалыматында, эртең мененки каттамдар: 1-рейс - саат 7:00, 2-рейс - саат 7:30, 3-рейс - саат 8:00. Кечки каттамдар: 1-рейс - 18:00, 2-рейс - 18:30, 3-рейс - 19:00. Читать дальше...

Балыкчыда ар бир жүргүнчү текшерилди

Azattyk.org 

Балыкчы шаардык “Ак кеме” экологиялык постунда бүгүнкү күндөн тарта санитардык- эпидемиологиялык топ иштеп баштады. Эми Ысык-Көлдүн аймагына кирген ар бир жарандын ден соолугу текшерилип, тек-жайы тууралуу маалымат атайы бланкка жазылып жатат. 23-марттан тарта аталган облустун аймагына кирүү да, андан чыгууга да тыюу салынат. Бишкек-Балыкчы коомдук транспорттору дагы 23-мартта ишин токтотот. Узун кезекте турган айдоочулар жана жүргүнчүлөр текшерип өткөрүү постунда бир гана тепловизор иштеп, жетишпей жатканын айтышууда.

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгууга чектөө киргизилди (видео)

Azattyk.org 

Өлкө аймагында өзгөчө кырдаалга байланыштуу облустук штабдын чечими менен Ысык-Көлгө жарандардын жана автоунаалардын каттамына чектөө киргизилди. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.   Район, шаарлар аралык зарыл эмес каттамдарга да убактылуу чектөө коюлду. Өзгөчө кырдаал учурунда ооруканалар, дарыканалар, азык-түлүк сатуучу жайлар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мамлекеттик мекемелер кадимки тартипте иштейт. Учурда Ысык-Көл облусунун аймагынын кире беришинде күнү-түнү... Читать дальше...

Майерс: Кечиктирилгис жана чечкиндүү аракет керек

Azattyk.org 

Доктор Лорен Энсел Майерс - Остиндеги Техас университетинин статистика жана биология боюнча профессору. Америкалык илимпоз "Азаттык" менен болгон маегинде коронавирустун жайылышы жана жугуштуу ооруну ооздуктоого байланыштуу суроолорго жооп берди.

Орусияда Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциялар өттү

Azattyk.org 

22-мартта Орусиянын бир катар аймактарында президент Владимир Путин сунуштаган контитуциялык түзөтүүлөргө каршы митингдер өттү. “Азаттыктын” орус кызматы билдиргендей, Красноярск шаарындагы акцияга 200дөй адам чогулду. Калининградда активисттер бир-бирден кезектешип Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы плакаттарды көтөрүп турушту.  Ушундай эле акциялар Ростов-на-Дону, Чита сыяктуу бир нече шаарда уюштурулду. Новосибирск шаарында 40тай адам чогулуп, бийликтен саясий туткундарды бошотууну талап кылышты. Читать дальше...

Ош шаары дезинфекцияланып жатат

Azattyk.org 

Ош шаарында коронавирустун алдын алуу үчүн борбордук көчөлөрдө дезинфекциялоо иштери башталды. 22-мартта Манас-Ата кичи районунан Курманжан датка кичи районуна чейинки ири көчөлөрдө залалсыздандыруу иштери жүрдү. Буга чейин мамлекеттик мекемелерде, коомдук транспортто жана базарларда дезинфекция иштери жүргүзүлгөн.

COVID-19: Италияда өлгөндөр көбөйдү

Azattyk.org 

Дүйнө жүзүндө жекшемби күнү COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 312 миңге чукулдады. 13 миңден ашуун адам көз жумду. Италияда вирустан каза тапкандардын катары калыңдап баратат.



Штаб: Ирандагы айдоочулар Кыргызстанга келе жатышат

Azattyk.org 

Республикалык штаб Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып, Ирандын аймагында калып калган айдоочулардын маселеси чечилип, алар мекенине кайтып келатканын маалымдады. Штабдын маалыматы боюнча, учурда 60 айдоочунун 21и Орусияда турушат. Алар орус-казак чек арасындагы “Караозек” көзөмөл-өткөрмө бекетине багыт алышты. Ал эми 10 жүк ташуучу машине Азербайжан-Орусия чек арасындагы “Самур” көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтүү үчүн кезекте турушат. 25 жүк ташуучу автоунаа Казакстан аркылуу Кыргызстанга келатат. Читать дальше...

Коронавирус табылган эки адамдын абалы орточо оор

Azattyk.org 

Коронавирус илдети аныкталган бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор, дене табы 38°С көтөрүлүп, кургак жөтөлү бар. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Ал эми калган 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 22-марттагы маалыматка ылайык, коронавирус менен ооруган адамдардын саны – 14. Алардын ичинен алтоо эркек, сегизи аял. Булар менен байланышта болгон 2628 адам табылып, карантинге алынган. (TSh)

Өкмөт: Өзбекстандан товар ташуу үзгүлтүккө учурабайт

Azattyk.org 

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалга байланыштуу эки тараптуу маселелерди талкуулашты. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, сүйлөшүүдө коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды жеткирүү үзгүлтүккө учуратпоо макулдашылды.  Мындай сырткары коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал жана анын жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелерди кеп кылышты. Читать дальше...

Иранда коронавирустан 1685 киши каза тапты

Azattyk.org 

Иранда соңку бир сутка ичинде 129 адам COVID-19 вирусунан көз жумду. Натыйжада коронавирустан өлгөндөрдүн жалпы саны 1685 кишиге жетти. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги 22-мартта билдиргендей, өлкөдө баш-аягы 21600дөн ашуун адам илдетке чалдыкты.  Коронавирустан улам Иранда Нооруз жылдагыдай майрамдалбай калды. Бийлик жарандарды Ирандагы жыл ичиндеги эң негизги майрамдардын бирин үйдөн белгилөөгө чакырган. Иран вакцинасы табыла элек COVID-19 вирусунан катуу жабыркаган алты мамлекеттин бири. Читать дальше...

Коронавирус: өзгөчө кырдаалдын тартиби

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанга киргизилген өзгөчө кырдаалдын тартибин түшүндүрдү. 22-марттан тарта бир айлык мөөнөткө киргизилген режимде бир катар чектөөлөр бар.

Абхазиялыктар жаңы лидерин тандап жатышат

Azattyk.org 

Грузиядан бөлүнүп алган Абхазияда коронавируска байланыштуу кооптонууларга карабастан президенттик шайлоо өтүп жатат. Анда үч талапкер - вице-президент Адгур Ардзинба, оппозициячыл депутат Аслан Бжания жана мурдагы ички иштер министри Леонид Дзяпшба ат салышууда.  Бул жолку шайлоо өнөктүгү маалында оппозициячыл талапкер Бжания эки жолу табышмактуу ооруга чалдыкканы белгилүү болду. Анын тарапкерлери мурдагы депутатты ууландыруу аракети болгонун билдирип жатышат. Абхазияда COVID-19 вирусу каттала... Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

23-мартта түнкүсүн жаан-чачын жабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15; Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 9…14; Нарын облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 8…13; Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13 градус болот.

Абылгазиев: өкмөт өз социалдык милдеттерин толук аткарат

Azattyk.org 

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коронавируска байланыштуу абалды жөнгө салуу боюнча республикалык ыкчам штабдын алгачкы жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу жарандарга бир катар ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Өкмөт башчысы элди жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды: «Киргизилип жаткан режим ар бирибиздин жашообузга бир аз оңтойсуздуктарды алып келет. Бирок бул мажбур болгон жана убактылуу чечим экендигин түшүнүү керек. Читать дальше...

Өзгөчө кырдаал: Кыргызстанда 14 карантин пост орнотулууда

Azattyk.org 

Кыргызстанга өзгөчө кырдаал режиминин алкагында өлкө аймактарында 14 санитардык-карантиндик посттор орнотулууда. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган посттордо милиция кызматкерлери, дарыгерлер туруп, облус аймактарына кирип жаткан жарандарды текшерет. Баткен облусунда – 1 пост (Караван айылы); Ош облусунда – 4 пост (Кара-Суу районунун Жапалак жана Мады айылдары, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылы); Жалал-Абад облусунда – 1 пост (Чычкан посту); Талас облусунда ... Читать дальше...

АКШ: 1,4 триллион доллардык жардам боюнча сүйлөшүү уланат

Azattyk.org 

АКШнын Конгрессинде коронавирустун кесепетин жоюуга 1,4 триллион доллар бөлүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Республикачылар менен демократтар мунаса табууга жакын калганын Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл билдирди.  “Эки тараптын чабармандары президенттик администрация менен бирге америкалык жумушчулар менен алардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн, чакан бизнести коргоо үчүн жана коронавируска каршы саламаттыкты сактоо тармагын күчтөндүрүү үчүн чоң мыйзамдын үстүндө иштеп жатышат”, - деди сенатор Макконнелл. Читать дальше...

Италия: бир суткада 800дөй киши коронавирустан көз жумду

Azattyk.org 

Италиянын Жарандык коргонуу агенттиги ишемби күнү өлкөдө 793 адам COVID-19 вирусунан каза тапканын билдирди. Натыйжада Италияда коронавирустан өлкөндөрдүн саны 4800дөн ашты. Азырынча вирусту жугузуп алган 53,5 миң адамдын 6 миңдейи гана толук айыгып чыгышты.  Андыктан 21-мартта Италиянын бийлиги карантиндин чараларын дагы күчөттү. Ага ылайык, вирус эң көп жайылган Ломбардия аймагында көчөдөгү жайма базарлардын баары жабылды. Тургундарга сыртта дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого тыюу салынды. Ошондой... Читать дальше...

Четтен келген кыргызстандыктар үч күн карантинде болушат

Azattyk.org 

Чет өлкөдөн келген кыргызстандыктарга карата карантиндик чаралардын шарты өзгөрдү. Бул тууралуу Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, коронавирусту жайылтпоо үчүн четтен келген жарандарды үч күнгө обсервацияга жаткыруу чечими кабыл алынды. Алар СOVID-19 вирусуна текшерүүдөн таза чыкса гана үй шартындагы карантинге жөнөтүлөт. Буга чейин Кыргызстанга келген жарандар дароо үй шартындагы карантинге жөнөтүлүп жаткан. (BkA)

Балыкчыдагы блокпостто башка аймакта катталгандар киргизилбей жатат

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында бүгүн коюлган блокпосттон текшерүүдөн кийин башка облустарда катталган жарандар артка кайтарылууда. Бул тууралуу атайын штабдын мүчөсү, Балыкчы шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Тилек Курманалиев билдирди. Анын айтымында, мындай чара коронавирусту жайылтпоо максатында киргизилген өзгөчө кырдаалдын алкагында көрүлүүдө. "Бүгүн таңкы саат сегизден баштап текшерип өткөрүп жатабыз. "Ак-Кеме" экологиялык постуна келгенде ар бир унаанын жүргүнчүсү тепловизордон текшерилип, атайын бланк толтурулуп жатат. Читать дальше...

Баткендин өрүк кагы АКШга экспорттолот

Azattyk.org 

Баткенде кургатылган мөмө-жемиштерди экспорттоо жолго коюла баштады. 2017-жылы бул облуста мөмө-жемиштерди таңгактап, кайра иштете турган чакан ишкана ачылган. Учурда анын продукциялары АКШ, Орусия, Түркияга чейин экспорттолуп жатат.

Хорватиядагы жер титирөө бир адамдын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Хорватиянын баш калаасы Загребде 22-мартта таң эрте болгон жер титирөөдөн кеминде бир адам каза тапты. Маркум ураган имараттын алдында калганын өлкөнүн куткаруу кызматы билдирди.  Очогу Загребдин түндүк жагында жайгашкан жер титирөөнүн магнитудалык күчү 5,4 баллга жетти. Хорват баш калаасында бир топ имараттарга жарака кетип, айрым үйлөрдүн чатырлары урап түштү. Загребдеги белгилүү чиркөөлөрдүн биринин шиш чатыры да кулады.  Жердин кайрадан силкинишинен кооптонгон тургундардын көбү сыртта жүрүшөт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *