Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2020

Новости за 18.03.2020

Коронавирус: соңку кырдаал

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам катталды. Алар Сауд Арабиясынан келген учактагы 135 жүргүнчүнүн арасында болгон. Ушул тапта алардын бардыгы такталып, изоляцияга алынды. Студиянын коноктору – Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.

COVID-19: Соода кайрадан кызыды

Azattyk.org 

18-мартта эртең менен Кыргызстанда коронавирус чыкканы тууралуу маалымат тарагандан кийин элдин азык-түлүктү адаттагыдан көп сатып алып жатканы байкалды. Бишкектеги жана аймактардагы базарларда унга кезекке тургандар көбөйдү. Өкмөт өлкөдө азык-түлүк жетиштүү экенин айтып, элди дүрбөлөң болбоого чакырды. "Азаттык" азык-түлүк саткан базарларды, гипермаркеттерди кыдырды.

Чет өлкөлүктөрдүн киришине чектөө коюлду

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү 19-марттан тартып чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагына киргизүүнү убактылуу чектөө боюнча токтом кабыл алганын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 18-марттагы басма сөз жыйынында билдирди.

Жолдо калган мекендештер жардам күтөт

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөн мекенине кайта албай, ара жолдо калган кыргызстандыктарга жардам берүүнүн ар кандай жолдорун издеп жатат.

Коронавирус Кыргызстанга да жетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Президент Сооронбай Жээнбеков калкка кайрылып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.



Султанов: Бийликке билим, тажрыйба, алака керек

Azattyk.org 

“Азаттыктын” “Эки-бир” форматындагы эксклюзив маегинин бул жолку коногу - Жогорку Кеңештин, Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Марат Султанов. Саясатчы COVID-19 вирусуна байланышкан экономикалык тобокелдиктер, акча саясаты жана Кыргызстандын экономикасынын талылуу маселелерине байланышкан суроолорго жооп берди.

Кудай менен пенденин мамилеси

Azattyk.org 

Көп окуган, философиялык маселелерде да ой жүгүртө билген бир эжекем бир күнү: «Адамдар кудайдын кулубу же баласыбы?» деп сурады. Мен «Адамдар кудайдын кулу» деп жооп бердим.

Коронавирус тууралуу негизги 12 суроо

Azattyk.org 

Коронавирус оорусунун негизги белгилери, тазалыкты сактоонун эрежелери жана карантин тууралуу "Сергек жашоо" берүүсүндө Бишкектеги инфекциялык оорукананын директору Гүлжигит Алиев айтып берет.

Ара жолдо калган мигранттар

Azattyk.org 

17-мартта Орусиядан Кыргызстанга женил машинелер менен кетип бараткан 200дөй кыргызстандык Казакстандын чек арасынан өтө албай калды.

COVID-19 дартынан сактануунун жолдору

Azattyk.org 

Коронавирус алгач Кытайда декабрь айынын экинчи жарымында Ухань шаарында катталган. Үч айдын ичинде дүйнөгө жайылып, пандемияга жетти. Интернеттен бул ооруга байланыштуу ар түрдүү маалымат таркап, анын кайсынысы туура же жалган экенин аныктоо да өтө кыйын болуп жатат.

Коронавирус: Cузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган үч адам аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан келишкен. Учурда Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *