Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2020

Новости за 23.03.2020

Жалал-Абадда бир жумада документи жок 13 курал алынды

Azattyk.org 

16-марттан 21-мартка чейин Жалал-Абад облусунун аймагында курал, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп, 12 курал, бир травматикалык тапанча алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Милициянын маалыматында, жергиликтүүлөр арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, тургундар куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Ал курал чоң атасынан калганын, айрымдары таап алганын билдиришкен. (TSh)

Абылгазиев: Кенебес адамдар башкаларга да коркунуч жаратууда

Azattyk.org 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу элге кайрылып, өзгөчө кырдаалдын режимине айрым жарандар жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатканын сындады. Абылгазиев бийлик жугуштуу илдетти жайылтпоого аракет кылып жатканын, ага карабай кайдыгер жарандар башкалардын өмүрүн тобокелге салып жатканын белгиледи. “Өзгөчө кырдаал кирген биринчи күндөгү көрүнүштү байкап жатасыңар. Тилекке каршы, өкмөттүн аракеттерине карабастан, биздеги көрүнүш абдан өкүнүчтүү. Эпидемия ар бирибиздин аң- сезимибизге жетпей жатат. Читать дальше...

ӨКМ: чет өлкөдөн келген жарандарды жайгаштырган интернатта кемчиликтер болгон

Azattyk.org 

23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров чет өлкөдөн келген жарандарды жайгаштырып жаткан Бишкек шаарындагы №1 интернаттагы шарттарды текшерип барган учурда бир топ кемчиликтер бар экени аныкталган. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.  Штабдын маалыматында, аталган жайдагы таштандылар чыгарылып, муздаткыч, гигиеналык каражаттар менен камсыздалды. Интернатта канча киши жаткырылганы айтылган жок. Буга чейин социалдык тармактарда чет өлкөдөн келген кыргызстандыктар шарты жок имараттарда... Читать дальше...

Аялдын салт-санаадагы орду

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу кыргыз коомундагы карым-катыш, салт-санаада аялдардын орду тууралуу баарлаштык. Сиздин үй-бүлөдө той-ашта, өкүл ата, өкүл эне дайындаганда, туугандар менен аласа-береседе ким бийлейт?

Жээнбеков: өзгөчө кырдаалда эч ким бизнеске жолтоо болбосун

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө өзгөчө кырдаал режими мезгилинде бизнеске көмөк көрсөтүү зарыл экенин белгилеп, “эч ким бизнеске жолтоо кылбашы керек” деди. Президент бүгүн ички иштер минстри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, өлкөдөгү коомдук коопсуздук маселесин талкуулады. Мамлекет башчы соода түйүндөрүндө, азык-түлүк базарларында жана башка коомдук жайларда тартипти камсыздоо зарылдыгын белгиледи. "Санитардык-карантиндик посттордон азык-түлүк жана элге керектүү товарлардын өтүшүнө тоскоолдук жаралбашы керек", - деди президент. Читать дальше...

COVID-19: Соңку кырдаал

Azattyk.org 

Коронавирустун дүйнөдө жайылышын көрсөткөн интерактивдүү карта.



Министрлик 4-чейректи аралыктан окутууга даярданууда

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги каникул узара турган болсо, 8-апрелден тарта орто мектептин окуучуларын дистанттык (үйдө отуруп) негизде окутууга даярданып жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Окуучулар видеосабактар аркылуу онлайн билим алышат. Сабактар атайын түзүлгөн жадыбалдын негизинде “Баластан”, “Билим жана илим” телеканалдары аркылуу берилет. Ушул эле видеосабактар "Ютубга" жүктөлөт. Учурда Бишкек жана Ош шаарларынан тандалып алынган мугалимдер видеосабактарды даярдоого катышууда. Читать дальше...

Коронавирус беш континентке жайылды

Azattyk.org 

COVID-19 Антарктикадан башка бардык континенттерге жайылып, вирус жугузуп алгандар 340 миңден ашты. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 23-мартта капысынан Кабулга келди. Коронавируска каршы күрөштө казак бийлиги ишкерлерден жардам сурады.

Москва соту тыңчылыкка шектелген Уиландын абак мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

23-мартта Москва шаардык сотунда камактагы америкалык жаран Пол Уиландын иши боюнча баштапкы соттук угуу өттү. Иштин өзү качан карала баштары азырынча белгисиз. Буга чейин Жогорку сот судьяларга өтө зарыл эмес иштерди 10-апрелге чейин карабай турууну сунуштаган. Соттук угууда судья Пол Уиландын абактагы мөөнөтүн 13-сентябрга чейин узартты. Москва шаардык соту буга чейин да анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтөрдү канааттандырган эмес.  Кошмо Штаттарынын Орусиядагы элчилиги "Твиттердеги"... Читать дальше...

Аксыда коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дарыгердин иши иликтенип жатат

Azattyk.org 

Аксы райондук аймактык ооруканасынын медайымы коронавирус боюнча жалган маалымат таратканы аныкталып, окуяны милиция териштирип жатат.  Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, дарыгер жаңылыштыктын айынан туура эмес маалымат таратып алганын моюнга алып, коомчулуктан кечирим сурады. “Мен бизге келген бейтап боюнча туура эмес түшүнүп, кошуналарыма такталбаган маалымат жөнөтүп алыпмын. Ал бейтап карантинге алынып, анализи толук чыга элек тургун экен” деп айтылат дарыгердин кайрылуусунда. Читать дальше...

АКШ COVID-19 жуккан жагынан 3-орунга чыкты

Azattyk.org 

23-мартка карай коронавирус дүйнөнүн 186 өлкөсүндө катталды. 340 миңден көп киши вирусту жугузуп алды. Илдеттен көз жумгандардын саны 13 миң адамдан ашты. Өлкөлөр илдеттин жайылышынын алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Дүйнөдө коронавирустан ажал тапкандардын саны 15 миңден ашты

Azattyk.org 

Бул тууралуу коронавирустун кесепетин талдап-тактап жаткан АКШдагы Жон Хопкинс институту билдирди. Аталган институт жарыялаган соңку статистикага ылайык, ажал тапкандардын тогуз миңден ашыгы Европа мамлекеттеринин жарандары, алардын теңинен көбү италиялыктар. Оору алгач катталган Кытайда бул оору үч миңден ашык кишинин өмүрүн жалмады. Испанияда соңку бир күндүн ичинде оорудан 462 адам ажал тапты жана бул эң чоң көрсөткүч болуп калды. Бул өлкөдө коронавирус эки миңден ашык адамдын өмүрүн кыйды.... Читать дальше...

Кыргызстанда дагы эки кишиден коронавирус чыкты (видео)

Azattyk.org 

Бул тууралуу 23-мартта Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, оору жуккан аял жана эркек Ноокат районунун 60 жаштагы тургундары болгон. Алар да умрага барып келген.  «Ноокат районунун тургундары - аял жана эркек, жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Бардык керектүү иш-аракеттер жүрүп жатат. Бул эки жаран менен байланышта болгон адамдар изделүүдө», - деди Акматова. Кыргызстанда... Читать дальше...

Гаага соту кыйраган малайзиялык учак ишин июнда карай баштайт

Azattyk.org 

Нидерландда сот Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн MH17 каттамындагы малайзиялык учакка байланыштуу иштин өзүн 8-июндан тартып териштире баштайт. Мындай чечим 23-марттагы сот процессинде кабыл алынды.  Бул окуя боюнча ачык сот  9-мартта башталган жана ушул күнгө чейин сот жараянынын жол-жобосу такталды. Нидераланддар жетекчилик кылган Эл аралык тергөө тобу каргашага байланыштуу Орусиянын үч, Украинанын бир жаранына айып койгон. Аталган топ жүргүнчү учак Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан... Читать дальше...

БУУ коронавируска каршы күрөш боюнча глобалдык фонд түзөт

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Норвегиянын сунушу менен коронавируска каршы күрөш боюнча атайын фонд түзүлөт. Анын максаты өнүгүп келе жаткан, саламаттык сактоо тармагы чабал өлкөлөрдүн өпкөнү сезгенткен илдетке жана анын кесепетине каршы турушуна жардам берүү болуп саналат. Норвегиянын тышкы иштер министри Ине Эриксен Сөрейде мындай фонд түзүүнү сунуш кылып жатып, 2014-жылы БУУда Ебола вирусуна каршы фонд түзүлгөнүн эске салды. Бирок Осло жаңы фондго канчалык колдоо көрсөтө аларын азырынча билдирген жок. Читать дальше...

«Кыйноого каршы коалиция» коркунучу аздарды абактан бошотууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Кыйноого каршы коалиция» уюму коронавируска байланыштуу өкмөткө кайрылып, абакта кармалып тургандарга көңүл бурууга чакырды. 23-мартта уюм тараткан билдирүүдө «абакта кармоонун начар шарттары жана ыкчам медициналык тейлөө кызматынын жоктугу» ал жактагы адамдардын жана кызматкерлердин ден соолугу үчүн «катастрофалык кесепетке» алып келиши ыктымал экендиги айтылат.  Ошондуктан коркунучу аздарды, шарттуу түрдө бошотсо боло тургандарды абактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу керек экендиги айтылды. Читать дальше...

Айыпсыз атылгандарды актоо аракети

Azattyk.org 

Репрессияга кабылгандарды актоо боюнча жаңы мыйзам долбоорунун саясий, тарыхый мааниси. Өзгөчө кырдаалда жашай баштаган Кыргызстан. 83 жашында такси айдаган сузактык Кадыр карыя. “Данисте” телеберүүсүнүн кезектеги чыгарылышн сунуш кылабыз.

Москва мэри улгайган жарандарды үйдө отурууга милдеттендирди

Azattyk.org 

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 26-марттан 14-апрелге чейин жашы 65тен өткөн жана өнөкөт оорулары бар адамдар үйүндө гана болушу керек деген буйрук чыгарды.  Ага ылайык, иш берүүчүлөр аларга үйүнөн гана иштегенге мүмкүнчүлүк берип же акы төлөнчү эмгек өргүүсүнө чыгарышы керек. Мэрдин буйругу өтө маанилүү деп эсептелген ишкана-мекемелерде иштегендерге жана саламаттык сактоо кызматкерлерине тиешелүү эмес.  Ошондой эле үйдө отургандарга төрт миң рублдан бир жолку жардам берилет жана алар акчанын теңин карантиндин башында... Читать дальше...

24-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

24-мартта Кыргызстанда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14, Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13, Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *