Пианист Азамат Сыдыков акысыз онлайн сабактарды өтөт
Нью-Йоркто жашаган белгилүү кыргызстандык музыкант, Кыргыз-Америка фондунун негиздөөчүсү Азамат Сыдыков фортепиано боюнча онлайн мастер-класстарды, арт-ишкерлик боюнча семинарларды өткөрөт. Ага Кыргызстандагы 14 жаштан 25 жашка чейинки пианисттер катыша алышат. Муну менен Сыдыков коронавируска байланыштуу карантинде отурган пианисттердин билимин өркүндөтүүгө өз салымын кошкусу келет. Сабактар 1-апрелден 1-майга чейин Zoom тиркемеси аркылуу видеоконфереция уюштуруу менен өткөрүлөт. Толук маалыматты аталган фонддун сайтынан тапса болот. Читать дальше...