Ысык-Көлгө кокон гилас быша баштады
Ысык-Көлдө абрикос жана башка мөмө-жемиштерден сырткары кокон гилас өстүргөн багбандар көбөйдү. Азыр багбандар түшүмдү жыйнап гиласты коңшу өлкөлөргө экспортко чыгарып жатат.
Ысык-Көлдө абрикос жана башка мөмө-жемиштерден сырткары кокон гилас өстүргөн багбандар көбөйдү. Азыр багбандар түшүмдү жыйнап гиласты коңшу өлкөлөргө экспортко чыгарып жатат.
Евробиримдиктин лидерлери пандемиядан жабыркаган шаркеттин экономикасын калыбына келтирүү боюнча орток пикирге келишти.
Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун тапшырмасы менен Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №19 абагында жаткан Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институту 21-июлда кабарлады. Анда айтылгандай, аталган түзөтүү колониясынын санитардык бөлүм башчысы Э.Курманалиев Аскаровдун дене табы бир нече күн бою өөдө-ылдый болуп, 38,5 градуска чейин жеткенин, кан басымы нормадан бир аз төмөн болуп жатканын билдирген. Читать дальше...
Бишкекте Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык бюронун өлүкканасындагы опузалап акча алуу тууралуу маалыматка байланыштуу иш козголду. Бул жөнүндө 21-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаары боюнча тергөө башкармалыгы сотко чейинки териштирүүнү маркумдун сөөгүн ачпастан өткөрүп берүү үчүн жакындарынан акча опузалоо фактысынын негизинде жүргүзүп жатат. Иш Кылмыштардын жана жоруктардын... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну Бактыгүл Дөнөнбаева соцтармактарга кайнатасы тууралуу блог чыгарат. Төрт баланын энеси учурда декретте. 60 жаштагы кайнатасы Рыскулбек Сатылгановдун эки көзү көрбөй калган. Видеолордон кайнатасы от жагып, суу ташып, келинине жардам берип жатканын көрүүгө болот. Бактыгүл бул блог менен келинге жана кайын журтка байланыштуу стереотиптерди жок кылгысы келет. Ал келинди өз кызындай көргөн үй-бүлөлөр көбөйсө экен деп тилейт.
Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 21-июлдан тартып коронавирустан үйүнөн дарыланып жаткан жарандарга керектүү дары-дармек салынган кутулар бекер берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Координациялык кеңешинин башчысы Хабибулла Акилов билдирди. Анын айтымында, ушул тушта ташкенттиктерге таратып берүү үчүн беш миң куту дары-дармек даярдалды. Өкмөттүн чечими менен Өзбекстанда үйүнөн дарыланып жаткан бейтаптарга акысыз дары-дармек таратылып берилери айтылган. Соңку бир күндө өлкөдө COVID-19 дагы 566 адамдан аныкталды. Читать дальше...
Бийликке сын-доомат күчөп турган маалда президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус шартында иштеп жаткан ыктыярчылар менен жолукту.
АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарында COVID-19 кеңири жайыла баштаганын ырастады. Ал соңку абалдан улам 21-июлдан тартып Ак үйдүн коронавируска байланыштуу түзүлгөн жумушчу тобунун күнүмдүк брифинги жанданарын билдирди. Бул жумушчу топ март-апрель айларында коронавирус пандемиясына байланыштуу күн сайын брифинг уюштуруп турган. Трамп айрым бир учурда "коомчулукту адаштырган же туура эмес маалымат берет" деген мазмундгы сынга кабылгандан кийин бул иш-чараны токтотуп койгон. АКШда президенттик... Читать дальше...
Иш-чараны XXII Москва Олимпиадасынын 40 жылдыгынын урматына Кыргызстандын Олимпиадачылар ассоциациясынын башчысы Шаршен Касенов уюштурган.
Бишкек жана Ош шаарларында ар бири 100 орундуу эки оорукананы куруу иштери ушул аптада башталат. Бул тууралуу 21-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Премьер-министр белгилегендей, эки шаарда курула турган ооруканалардын орду жана долбоору даярдалууда. Ооруканалардын ар бири 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болушу шарт. «Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул жуманын ичинде баштоо керек. Бул иштерге Өкмөткө караштуу Архитектура... Читать дальше...
Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүүнүн улуттук күнү жарыяланат. Бул тууралуу 21-июлда коронавирус шартында элге жардам берип иштеп жаткан ыктыярчылар менен жолугушууда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков билдиргенин "Азаттык" радиосуна активист Эркин Рыскулбеков айтып берди: "Кесиптешибиз Венера Жуматаева кечээ "Фейсбуктагы" баракчама пикир калтырды эле. Ошол инсандын да өтүнүчү боюнча айттым. "Канча деген залкар адамдарыбыз өтүп кетти. Жалпы ковидден каза болгон инсандар... Читать дальше...
Украинанын батышындагы Луцк шаарынын борборунда куралчан киши автобустагы жүргүнчүлөрдү барымтада кармап турат. Волын облусунун полициясы алдын ала маалыматтарга таянып ал адамдын жанында курал жана жардыруучу зат болушу мүмкүн экенин билдирди. Күч органдары "облуста ыкчам операция жүрүп, шаардын борбору курчоого алынды, окуя болгон жерде полиция иштеп жатат" деп кабарлады. Автобуста 20дай адам болушу мүмкүн. Полициянын облустук башкармалыгынын жетекчиси Юрий Крошко ыкчам операцияга антиттеррор борборунун өкүлдөрү тартылганын кошумчалады. Читать дальше...
Орусия быйыл Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорду жана катышкандарды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрбөйт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 20-июлда аннексияланган Крымдагы Керч кысыгында "Залив" кеме куруу заводунун жумушчулары менен жолугушуу учурунда билдирди. Путин Улуу Жеңишке арналган парад, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өлкөдө коронавирус пандемиясынын жайылышына таасир этпегенин айтып, бирок "Өлбөс полк" жүрүшүндө социалдык аралыкты сактоо өңдүү талапты аткаруу мүмкүн болбосун белгиледи. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбековдун коронавирус шартында иштеп жаткан ыктыярчылар менен 21-июлда өткөн жолугушуусу эки сааттан ашык убакытка созулду, ага 12 адам катышты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна жолугушуунун катышуучусу, активист, алып баруучу Эркин Рыскулбеков айтып берди. Суроо-жооп форматында өткөн жолугушууга журналисттер катышкан жок. Рыскулбеков Жээнбеков ыктыярчылардын айрым суроолоруна жооп берсе, кээ бирлери жоопсуз калганын, бирок, ошондой болсо да элдин маанайын жеткирүүдө бул жолугушуу пайдалуу болгонун белгиледи. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтык мөөнөтү аяктаган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кайра кызматка дайындоодон баш тартты. Муну Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева «Азаттыкка» ырастады. Мамлекет башчы кеңеш сунуштаган он талапкердин тогузун дайындоо боюнча жарлыктарга кол койгон. Анын бирөө жөнүндө мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, президент материалдарды артка кайтарганы кабарланган. Читать дальше...
Европа Биримдигинин лидерлери Брюсселдеги жолугушуунун төртүнчү күнүндө, узакка созулган талаш-тартыштан кийин бюджет жана экономикалык жардам боюнча орток пикир табышты. Ошондой эле уюмдун кийинки жети жылга белгиленген 1,1 триллион бюджети тууралуу да мунасага келишти. Саммитке төрагалык кылып жаткан Европа Кенешинин жетекчиси Шарль Мишель "Твиттердеги" баракчасына "Келиштик!" деп кыска сүйүнчүлөдү. Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул учурду "Европа үчүн тарыхый күн" катары сыпаттады. Макулдашууга ылайык... Читать дальше...
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Жыпар Жекшеевдин басып өткөн өмүр жолу эркиндикке умтулган жарандын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков баштаган жетекчилердин атынан жарыяланган көңүл айтуу катында белгиленди. Некрологдо Жекшеев өткөөл мезгилдеги демократиялык институттардын түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн башатында турган демократ, саясий жана коомдук ишмерлердин бири катары замандаштарынын эсинде калганы айтылды. Жыпар Жекшеев 21-июлда 73 жаш курагында оорудан каза болду. Читать дальше...
Кыргызстандагы демократиялык жүрүмдүн байсалдуу өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон коомдук ишмер Жыпар Жекшенин жаркын элесине арналган тарыхчынын блогу.
22-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Читать дальше...
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна тогуз судьяны дайындоо боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады. Маалыматка караганда, Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу райондук соттун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн он талапкерди президентке сунуштаган. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу... Читать дальше...
Быйыл Кыргызстанда мектептин 53 бүтүрүүчүсү "Алтын сертификатка" татыды. Бул тууралуу 21-июлда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 43 963 бүтүрүүчү катышты, алардын 53ү эң жогорку балл алды. 20-июлда өлкөдө жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Быйыл бул жараян толугу бойдон онлайн форматта өтөт. Былтыр «Алтын сертификат» 52 бүтүрүүчүгө тапшырылган, алардын 19у аймактарда жашагандар болчу. Читать дальше...
COVID-19 илдетинин алты түрү бар экенин Лондондогу Падышалык академиянын илимпоздору аныкташты. Бешинчи, алтынчы түрү абдан оор болот.
Кыргызстанда мектептер үчүн видеосабактар тартылып баштады. Бул тууралуу 21-июлда онлайн брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, быйыл биринчи чейректе балдарды аралыктан окутууга даярдык көрүлүүдө. Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды, Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын корутундуларын эске алуу менен кабыл алынды. Кээ бир аймактарда окуу кадимки режимде өткөрүлүшү мүмкүн, бул үчүн ал жерде... Читать дальше...
21-июлда «Авиатраффик» компаниясынын чартердик каттамы менен Орусиянын Екатеринбург шаарынан 188 кыргызстандык Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Учуп келгендердин арасында Екатеринбург шаарынан сырткары Челябинск, Тюмен, Сургут, Жаңы Уренгой, Салехард, Кургана, Ноябрьск жана Пермь шаарында иштеген мигранттар да бар. Кайткандардын курамын оорулуулар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, карылар, кош бойлуу жана балалуу аялдар да түзөт. Жүргүнчүлөрдүн... Читать дальше...
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Жалал-Абад Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургуну, 38 жаштагы Мекен Абдалиев акыркы үч жылдан бери Орусияда жеке менчик клиникада иштеп келатат. Ал пандемиядан улам кыйналып жаткан жердештерине көмөк берүү үчүн бир айга келген. Токтогул районунда 43 киши коронавирус менен ооруганы аныкталып, төрт адам каза болгон. Район борборунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Терек-Суу айылындагы №6... Читать дальше...