Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 21.07.2020

Сот БШКны Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПны каттоого милдеттендирди

Azattyk.org 

Бишкектин административдик соту Сагынбек Абдрахманов башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) үстүнөн жазган арызын карап, канааттандырган чечим кабыл алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сагынбек Абдрахманов маалымдады. Анын айтымында, БШК эми КСДПны кайра катташы керек. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов маалыматты ырастап, соттун чечимин алгандан кийин алар өз чечими тууралуу кабар беришерин билдирди. 13-июлда Борбордук... Читать дальше...

Аймактардын ача пикир жараткан абалы

Azattyk.org 

Соңку күндөрдөгү статистика облустардагы эпидемиологиялык абал курчуп баратканын көрсөттү. Коронавирустан каза болгондордун дээрлик жарымы - элеттиктер.

Күндүзгү стационарлар оорунун очогу болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Европада иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгерлер өлкөдө ачылып жаткан күндүзгү стационарлар саламаттык сактоо тармагына түшкөн жүктү жеңилдеткени менен, бир нече күндөн кийин ал жакта дарыланган адамдардан башкаларга жуккан оору бир нече эсе көбөйүшү мүмкүн экенин, мунун алдын алуу жолдорун азыртадан колго алуу зарылдыгын белгилеп жатышат. Австриядагы Грац шаарынын университеттик клиникасында иштеген, Людвиг Больцман атындагы өпкө тамырларын изилдөөчү институттун доктору Бакытбек Эгемназаров “Азаттык” менен маектешти. Читать дальше...

COVID-19 жуккан дарыгерлерге кенемте төлөнө элек

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирусту жумушунан жугузган медицина кызматкерлери мамлекеттен кенемте ала элек. Каза болгон дарыгерлердин канчасынын үй-бүлөсүнө материалдык жардам төлөнгөнү тууралуу расмий маалымат жок. "Азаттыктын" бул маселе боюнча суроосуна жоопту 21-июлдагы онлайн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова оору жуккан 40 дарыгердин документтери каралып жатканын айтуу менен чектелди: "Коронавирустан жабыркаган бардык медицина кызматкерлеринин арасынан биринчи 40 адамдын тизмеси облустардан берилген. Читать дальше...

Жалал-Абадда он үйдү сел каптады

Azattyk.org 

Жаандын кесепетинен 20-июлдун кечинде Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагындагы кокту-колоттордо сел жүрүп, Саргата айылында 10 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Мындан сырткары ушул эле айылдагы ички чарбалык жолду, көпүрөнү да кыян каптады. Жол каттамы ачык, автоунаалар кыйынчылык менен өтүп жатканы айтылды. Кырсык болгон жерде ӨКМдин райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жана жергиликтүү тургундар тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. 21-июлда да жумуш уланып жатат. Читать дальше...

Кызыл жарым ай коому тез жардам кызматын көрсөтүүчү ыктыярчы топ түздү

Azattyk.org 

Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому 21-июлдан тартып үйлөргө барып, медициналык жардам көрсөтүүчү ыктыярчылардын бригадасын түздү. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Атайын тез жардам транспорту менен камсыздалган ыктыярчылар жана коомдун кызматкерлери муктаждарга кечиктирилгис жардам берип турушат. Бригада концентратор, пульсоксиметр, дем алуучу жана башка жабдуулар менен камсыздалган. Команданын мүчөлөрү алдын ала даярдыктан өтүштү. Алардын өздөрүндө да медициналык коргоочу каражаттар бар. Читать дальше...

COVID-19: 42 бейтап жаңы каза болду, көбү Бишкек шаарынан, Ысык-Көл, Ош облустарынан (видео)

Azattyk.org 

21-июлга карата соңку сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 42 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Кайтыш болгондордун тогузу Бишкекте. Ош жана Ысык-Көл облустарында жетиден, Жалал-Абад облусунда беш, Талас жана Нарын облустарында төрттөн, Чүй облусунда үч, Ош шаарында эки жана Баткен облусунда бир адам. Кечээтен бери бул илдетти жуктуруп алган 1 108 адам жаңы катталды. Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 667 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты. Читать дальше...

Эгемендик үчүн күрөшкөн атуул кетти...

Azattyk.org 

Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшкө бараандуу салым кошкон атуул, “Ашардын” жана КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер Жыпар Жекше оорунун айынан каза болду. Жакындарынын айтымында, ал Бишкектеги улуттук госпиталда COVID-19 илдетине байланыштуу дарыланып жаткан кезинде, 21-июлга караган түнкү саат 1:30дун тегерегинде үзүлгөн. Жыпар Жекше (Жыпар Жекшеевич Жекшеев) 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган. ... Читать дальше...



Пакистандык ыктыярчынын сабалышына шектүүлөр кармалды

Azattyk.org 

Чүйдө пакистандык ыктыярчынын сабалышына шектүү үч адам кармалды. Бул тууралуу 21-июлда "Азаттык" радиосуна Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева билдирди. Анын айтымында, Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери бул окуяга катышы бар деп  Ысык-Ата районунун 31 жаштагы бир тургунун жана Бишкек шаарынын 30 жаштагы эки тургунун кармады: "Бул факт Аламүдүн РИИБнин  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталган. Читать дальше...

Мирзиёев коронавируска каршы күрөшүүдөгү иштерди сынга алды

Azattyk.org 

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев пандемияны ооздуктоо үчүн жер-жерлерде ырааттуу иш жүргүзүлбөй жатканын видеоселектордук жыйында сынга алды. Өлкөдөгү абалга байланыштуу өткөн онлайн жолугушууда Мирзиёев алгачкы медициналык жардам берүү борборлору, башкача айтканда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору күнү-түнү иштөө режимине өтпөгөнүн белгиледи. Президент билдиргендей, Ташкент шаарындагы бейткапканаларда 50дөн 200гө чейин киши иштейт, бирок алар бейтаптарды күндүн биринчи жарымына чейин гана кабыл алып жатышат. Читать дальше...

Бириккен Араб Эмираты Марска алгачкы жандоочусун жөнөттү

Azattyk.org 

Дүйшөмбүгө караган түнү Бириккен Араб Эмираты (БАЭ) Марска “Аль-Амаль” (Үмүт) деп аталган автоматташтырылган спутникти учурду. Жапониянын H-IIA ракета-алып жүрүүчүсү менен Танэгасима аралындагы космодромдо учурулган “Аль-Амаль” кызыл планетага жети айдын ичинде жетет деп күтүлүүдө. Спутник 430 чакырым бийиктикте ракета-алып жүрүүчүдөн ийгиликтүү ажырады. Маалыматка караганда, «Аль-Амалдын» салмагы 1350 килограммды түзөт. Ал эки күн батареясы, көп каналдуу камера, инфракызыл жана ультрафиолет спектрометрлер менен жабдылган. Читать дальше...

Орусиялык актер Михаил Ефремовго айыбы угузулду

Azattyk.org 

Москва прокуратурасы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына шектелген актер Михаил Ефремовго акыркы такталган айыбын угузду. Актер Кылмыш кодексинин “Жол эрежесин бузган", "Мас абалында автоунаа айдаган" жана "Адам өлүмүнө себепкер болгон” деген беренелери менен соттолот. Ал 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул берененин эң аз жаза мөөнөтү - 5 жыл эркинен ажыратуу. Ишти Москванын Пресненск райондук соту карамай болду. 8-июндун түнүндө актер айдап келе жаткан автоунаа каршы тилкеге чыгып, фургон менен кагышкан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *