Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Новости за 26.11.2020

Суваналиев: 6-октябрдан кийин криминал бийликти алууга аракет кылды

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев «Азаттыктын» «Эки бир» программасында маек куруп, 6-октябрдагы саясий окуяларда криминал бийликти колго алууга аракет кылганы жөнүндө маалыматы болгонун билдирди. «Мен айтып жаттым. «Аянтта кылмыштуу топтун мүчөлөрү жүрөт» деп. Уюшкан кылмыштуу топтун «Дөө Чыңгыз» деген лидери таасирин көрсөткүсү келип жатканын айттым. Бирок мен координацияда турганда Камчы Көлбаев киришпей калды. Анткени биз алардын жолун буудук. Бирок алардын... Читать дальше...

Суваналиев Башкы прокуратуранын Мадумаров боюнча кайрылуусун туура эмес деп эсептейт

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Башкы прокуратуранын саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылганын туура эмес деп эсептейт. Суваналиев мындай пикирин «Азаттык» менен болгон маегинде билдирди. «Мадумаров барып ал жактагы биздин жарандар менен жолугуп эле жүргөн. Ал роль ойнобойт. Бизде мамлекеттик кызматкерлер кызмат көрсөтөбүз дейт. Анын кесепетин ойлош керек. Ар бир аткаминер саясатты дагы ойлошу керек. Читать дальше...

Дин тутуу эркиндиги толук камсыздала элек

Azattyk.org 

Бишкекте диндер аралык тилектештикке арналган жыйында дүйнөбий мамлекет принциптерин сактоо, динчил чөйрөнүн укуктарын урматтоо сыяктуу чакырыктар айтылды.

Лавров Беларустагы окуялар үчүн Батышты сындады

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш өлкөлөрүн "Беларустун ички ишине кийлигишти" деп айыптады. Бул тууралуу ал 26-ноябрда Минскиде Александр Лукашенко менен жолугушуудан кийин  билдирди. Беларус тышкы иштер министри Владимир Макей менен биргеликте өткөн маалымат жыйынында сүйлөп жатып Сергей Лавров Батыш Минскиге одоно түрдө кийлигишип жатканын айтты: “Сырттан кийлигишүү жана ортомчулардын кереги тийбеген  сунуштарысыз эле акылман беларус калкы өз ишин өзү чече алат”. Лавров “Батыш өлкөлөрү коомдук пикирди бурмалап... Читать дальше...

Дүйнө эли Марадона менен коштошууда

Azattyk.org 

Аргентинанын президенти Альберто Фернандес футболчу Диего Марадонанын өлүмүнө байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады. Диего Марадона 25-ноябрда 60 жашында жүрөгү токтоп каза болду. Италиянын Неаполь шаарынын тургундары дагы көчөгө чыгып, аргентиналык генийди эскерип жатышат. Анткени, Диего Марадона бул шаардагы “Наполи” клубун дүйнөгө тааныткан. Чемпиондор лигасынын алкагындагы оюндар да Марадонаны эскерүү мүнөтү менен башталууда. Дүйнө эли коштошуп жаткан Диего Армандо Марадонанын... Читать дальше...

Донбасста атып түшүрүлгөн учак боюнча cот кошумча тергөөгө убакыт берген жок

Azattyk.org 

Нидерланддын соту 2014-жылы Украинада атып түшүрүлгөн "Malaysia Airlines" компаниясына таандык учак боюнча иштин алкагында альтернативалуу версияларды териштирүү үчүн тергөөгө кошумча убакыт берүүдөн баш тартты. Бул иштин алкагында төрт адамга айып тагылган. Малайзиянын Амстердам-Куала-Лумпур багытындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Украинанын Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөн. Бул учурда Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер өкмөттүк аскерлерге каршы согушуп жаткан. Нидерланд жетекчилик... Читать дальше...

Киностан: Инвестицияны Голливуддан тарталы

Azattyk.org 

Чехиядагы “Баррандов” студиясын "Чыгыш Европанын Голливуду" деп коюшат. Ал жакта дүйнөлүк режиссерлор өз фильмдерин тартып, Чехияга миллиондогон инвестиция салышат. Ал эми Кыргызстанды кантип дүйнөлүк кинокомпаниялар кызыккан платформага айлантса болот? “Биз жана дүйнө” телеберүүсүндө жооп издедик.

Өзбекстан медициналык максатта кара куурай өстүрөт

Azattyk.org 

Өзбекстан медициналык максатта кара куурай өстүрүп, колдонуу үчүн мальталык компания менен келишим түздү. Мальтанын “Мелабис” компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, кара куурай Сырдарыя облусунун Сардаба районундагы 3000 гектар жерде өстүрүлөт. Бул тууралуу 26-ноябрда Өзбекстандын маалымат каражаттары өкмөткө таянып жазышты. "УзА" маалымат агенттиги кабарлагандай, өндүрүлгөн продукция негизинен чет өлкөлөргө экспортко кетет. Ошондой эле бул долбоорду ишке ашыруу максатында алгач 33 миллион  доллар көлөмүндөгү инвестиция салынат. Читать дальше...



«Клооп» Чаткалдагы кабарчысынын суракка чакырылышын басым катары баалады

Azattyk.org 

«Клооп» басылмасынын кабарчысы Аскарбек Мырзабековду 25-ноябрь күнү райондук милиция суракка чакырган. Суракка анын тарткан тасмасы себеп болгон. Милиция Мырзабековдун телефонундагы маалыматтарды көрүп, буга чейин Интернетке жарыяланган видеосун өчүрүүнү талап кылган. Бул тууралуу «Азаттыкка» басылманын редактору Элвира Султанмурат кызы билдирди. Кабарчынын суракка чакырылышына Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары, алтын өндүргөн компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар катышкан жыйында Мырзабеков тарткан тасма себеп болгон. Читать дальше...

Питердеги жардырууга айыпталгандардын иши сотто каралууда

Azattyk.org 

АКШнын шайланган президенти Жо Байден коронавируска каршы чараларды эки эсе көбөйтүүгө чакырды. Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруу үчун айыпталгандардын доо-арызы аскердик сотто карала баштады. Дүйнөнүн булуң-бурчунда даңазалуу футболчу Диего Армандо Марадонага аза күтүп жатышат.

УКМК: Ташиевдин саламаттыгы канаттандыраарлык

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага жатты. УКМКнын басма сөз кызматкери учурда Ташиевдин ден-соолугу канаттандыраарлык экенин билдирди. Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда Бишкекте болгон нааразылык акциялары ири башаламандыкка айланган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин имаратын талкалап салышкан. Бул окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Читать дальше...

Суваналиев: Райымбек Матраимов бүт жерге өз кишилерин коюп алган

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев «Азаттыкка» маек куруп, Мамлекеттик бажы кызматынынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду "өлкөдө мафия системасын түзүп алган" деп айыптады. «Ак үйдө иштеген жалаң эле министр же жетекчилер эмес. Алардын орун басарлары бар, УКМКда балдары бар. Райымдын, криминалдын феномени бүт жерлерге кишилерин коюп алган. Күч түзүмдөрүнүнүн, кала берсе журналисттер алардын карамагында. Эмне үчүн мафия деген терминди колдонуп жатам? Читать дальше...

Түркияда төңкөрүш аракети боюнча 400гө жакын адамга өкүм чыкты

Azattyk.org 

Түркияда 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракети боюнча 400дөй адамга соттун өкүмү чыкты. Анын ичинде ондогон мурдагы армия командирлери, учкучтар өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул адамдар өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга, президент Режеп Тайып Эрдоганды өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталганын соттук жараянга катышкан маалымат каражаттары жазып чыгышты. Түрк өкмөтү 250 кишинин өмүрүн алган окуялар үчүн АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Динаятчы ал окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

Суваналиев: Садыр Жапаровдун күчөтчүлөрүн алууга мен буйрук берген эмесмин

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев кызматта турган Садыр Жапаровдун машинесин жана күзөтчүлөрдү алып коюуга буйрук бербегенин билдирди. Суваналиев мындай пикирин «Азаттыктын» «Эки бир» программасында айтты. Ал бул техникалык талап болгонун белгиледи. ««Достук» мейманканасында премьер-министр Садыр Жапаров, спикер кылып Юсупович шайланды» деп расмий айтылгандан кийин УКМКнын 9-башкармалыгы дароо күзөтчү берди. Андан кийин кайра «легитимсиз» деген сөздөр пайда болду. Читать дальше...

Конституциялык реформа: Тараптардын тиреши

Azattyk.org 

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан конституциялык кеңешменин курамына дагы он киши кошулду. Ушуну менен анын мүчөлөрүнүн саны 100 адамга чукулдады. Ошол эле учурда Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгон бир катар саясатчылар, юристтер жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү сөз болуп жаткан кеңешмени тааный элек. Алар кеңешменин иши мыйзамсыз экенин айтып, коомдук келишимге ээ болбогон Баш мыйзам көпкө иштебесин эскертишүүдө. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы... Читать дальше...

Соодасы солгундаган "Дордой"

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынан улам “Дордой” базарындагы соода солгундады. Буга базардан чогулган салыктын көлөмү далил. Мисалы, “Дордойдогу” ишкерлер 2019-жылы 414 млн. 585 миң сомду мамлекеттин казынасына төккөн. Бул жылдын тогуз айында 160 млн. 498,6 миң сом чогулган. Орто Азиядагы ири базардагы сооданы токтоп калышынан 100 миңдеген адамдар жабыр тартып, тигүү цехтери четинен жабыла баштады.

«Жарандык көзөмөл комитети» опузага каршы биригүүгө, УКМК чагымчыл маалымат таратпоого чакырды

Azattyk.org 

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму өкмөт башчылык кызматты убактылуу тапшырып берген Садыр Жапаровдун тарапкерлери агрессия жана коркутуп-үркүтүү ыкмаларын колдонуп жатышканын белгилеп, жарандарды жана укук тартибин коргоо органдарын аларга каршы биригүүгө чакырды. Уюм тараткан кайрылууда конституциялык реформанын тегерегиндеги талкуу курч өтүп жатканы, ар бир адам ачык сүйлөөгө укуктуу экени жана пикирин ачык айткандар азыр Жапаровдун тарапкерлери көрсөтүп жаткандай агрессияга буга чейин эч качан туш болбогону белгиленген. Читать дальше...

Саясатчы Бектур Асанов ачкачылык жарыялайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бектур Асанов 27-ноябрдан тартып мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу ал 26-ноябрда басма сөз жыйынында кабарлады. Ал мунун себебин өзүнүн сот иштери улам жылдырылып жатканы менен байланыштырды. «Мага 2016-жылы козголгон иш боюнча соттук отурум 25-ноябрда Жогорку сотто кайра каралышы керек эле. Бирок «соттук коллегиянын курамы толук эмес» деген негиз менен отурумду 10-декабрга жылдырышты. Бул саясий буйруктун негизинде, мени президенттик шайлоого катыштырбоо максатында... Читать дальше...

Суваналиев: 5-октябрдын түнүндөгү ок атууга президент баш болгон жетекчилер жооп берүүгө тийиш

Azattyk.org 

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан митингчилерге ок атууга башкы командачы катары президент, андан кийин өкмөт жана башка жетекчилер жооп берүүгө тийиш. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курамында парламенттик шайлоого катышкан Өмүрбек Суваналиев «Азаттыктын» «Эки бир» программасында билдирди. Ал айрым саясатчылар 5-октябрдагы ок атууга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Орозбек Опумбаев... Читать дальше...

Байсалов: Жакыр мамлекетте парламенттик демократия болушу мүмкүн эмес

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов 26-ноябрда «Азаттык» радиосу менен болгон маегинде Конституциялык кеңешменин иши тууралуу айтып, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жеке пикирин ортого салды.  Кеңешменин мүчөсү катары ал өз сөзүндө конституциялык реформаны жана башкаруунун президенттик формасы кайтып келишин колдой турганын белгиледи: «10 жыл бою керек болсо кандуу эксперимент жүргүзүлдү, биздин мамлекетте. Бул эксперименттин жыйынтыгы – азыр биз өтө чоң туңгуюкка түшүп калганыбыз. Читать дальше...

Зере кыздардын укуктарына арналган жаңы ырын ырдап чыкты

Azattyk.org 

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызынын «Апам айткан» аттуу ыры коомчулуктагы кыздарды тыюу маселесин чагылдырат. Анда ырчы кыздарга бала кезинен тартып «сен кыз баласың, абайла» деген мааниде салынып келген тыюулар жөнүндө ырдаган. Зеренин адам укуктарын урматтоого чакырган «Кыз» аттуу клиби былтыр күзүндө жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылгандар аны «өлтүрүп кетебиз» деп коркутушкан. Зере андан кийин да кыздардын укуктарына арналган бир нече ыр жаратып... Читать дальше...

Марадонанын каза болгонуна байланыштуу Аргентинада үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү футбол ышкыбоздору аргентиналык даңазалуу футболчу, дүйнө чемпиону Диего Армандо Марадонага аза күтүүдө. Ал шаршембиде жүрөгү кармап 60 жашында каза болгон. Аргентинадан баштап Италияга чейин ышкыбоздор көзү тирүү кезинде эле тарыхка кирип, легендага айланган ХХ кылымдын эң мыкты футболчуну эскерип жатышат. Марадонанын мекени Аргентинада президенттин буйругу менен үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Маркумдун сөөгү коштошуу үчүн Буэнос-Айрестеги президенттик сарайга коюлмакчы. Марадона... Читать дальше...

Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт

Azattyk.org 

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы» баракчасында шаардыктарга кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында 10-декабрда борбордук Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык балатынын гана оттору жанат. «Былтыркы жасалгалар менен символдуу түрдө аянтка балаты орнотобуз, отун жандырабыз. Бирок Жаңы жылдык концерт болбойт жана салют атылбайт. Буга 4 млн. сомдой каражат керектелет. Учурдагы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал ашыкча чыгымга жол бербейт», - деди ал. Мэрдин... Читать дальше...

Талант Мамытов: Кыргызстан - бир да дин мамлекеттик же милдеттүү деп таанылбаган дүйнөбий өлкө

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 26-ноябрда «Азыркы дүйнөбий мамлекеттеги ислам: конфессия аралык кызматташтык тажрыйбасы» деген темада эл аралык конференция өттү. Аны уюштурган Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, конференция дүйнөдөгү азыркы диний абалды, ислам дининин дүйнөбий мамлекеттеги ордун жана ролун, конфессиялар ортосундагы кызматташтыкты талкуулоону көздөйт. Ал диний тармактагы демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана диний негизде... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *