Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Новости за 07.11.2020

Таланттуу акын, жаратман ишкер, улутман саясатчы эле

Azattyk.org 

2020-жылы таажы вирусу илдетинин айынан мезгилсиз дүйнө салган Кыргызстандагы таанымал инсандардын бири, мурдагы парламент спикери, акын, илимпоз Чыныбай Турсунбековдун жаркын элеси тууралуу журналист Болотбек Таштаналиев эскерүүсүн сунуштайт.

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп тандалды

Azattyk.org 

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп шайланды. Пенсильвания штатында ал шайлоочулар коллегиясынын 20 добушун алды. Ага удаа эле Невада штатынын алты добушу да кошулду. Натыйжада Байден шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты. Мындан сырткары Жоржия, Аризона штаттарында добуштар саналып бүтө элек. Бул штаттарда да Жо Байден Республикалык партиянын талапкери, учурдагы президент Дональд Трамптан алдыда бара жатат. Трамптын... Читать дальше...

Жедигер Саалайдын “Манас Дух” аттуу китеби чыкты

Azattyk.org 

Китепте кыргыз элинин өткөнү, бүгүнкү күнү, келечеги, ата-бабалардын нарк-насили, кайып дүйнө, космостук энергия түрүндөгү Манас ааламы баяндалган. Тарыхтагы тарбиялык мааниге ээ окуялардын мисалында бүгүнкү кыйчалыш, оош-кыйышы көп өткөөл доордо нарк-нуска, каада-салтты, адамгерчиликти жоготпой, ниет-пейилди оңдоого чакырык ташталган.

Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы. Сингапурду саздан сууруп чыккан Ли Куан Ю

Azattyk.org 

Сингапурдун биринчи премьер-министри, даңазалуу Ли Куан Ю өз өлкөсүн белчеден коррупцияга баткан жеринен, саздан сууруп чыккан жетекчи. Акын Шайлообек Дүйшеев Кыргызстандан да жакыр жашаган Сингапурду 30 жыл ичинде дүркүрөп өнүккөн мамлекетке айланткан Ли Куан Юнун айткандарын кыргызчага которду.

Чеке, кашы айрылып... Дарыгер "Тайсондун" кармашын токтотуп салган видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

"Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков АСА 113 мелдешинин алкагында россиялык Александр Матмуратовго утулуп калды. Беттештин видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Минскиде нааразылык акциянын катышуучулары кармалды

Azattyk.org 

Минскиде  1-клиникалык оорукананын жанына чогулган ондогон медицина кызматкерлерин милиция кармап кетти. 7-ноябрь – майрам күнү медицина кызматкерлери тилектештик акциясын өткөрүүнү пландашкан. Бирок медицина кызматкерлери оорукананын имаратынан чыга баштаганда милиция кармап кеткени кабарланды. “Весна” укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө, 36 киши кармалды.  Ишембиде салт болуп калгандай эле Беларуста аялдар маршы өтмөк, бирок укук коргоочулар акциянын катышуучулары чогула баштаганда эле милиция кармап кеткенин маалымдашты. Читать дальше...

Кыргызстанда калктын коронавируска туруштук берүү жөндөмү жөнүндө изилдөө жарыяланды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясынын сероэпидемиологиялык изилдөөсүнүн биринчи баскычынын жыйынтыктыгын жарыялады. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб маалымдады. Бул изилдөө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин техникалык колдоосу менен июлдан октябрга чейин ишке ашырылган. Изилдөөнүн жыйынтыгында, COVID-19 вирусуна антиденечеси (антитело) бар калктын саны август айынын башында республика боюнча 30,8% түзгөн. Облус боюнча алганда... Читать дальше...

Рыспаев: Реформа учур талабы болуп турат

Azattyk.org 

Жаңы бийликтин иш-аракеттери, конституциялык реформа жана башка темалар тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчиси, техника илимдеринин доктору Талант Рыспаев “Азаттыкка” маек курду. Ал Кыргызстанга жаңы улуттук идеология керек деп эсептейт.



Басма сөз өкүлдөрүнө коркутуу, кол салуу күчөдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Басма сөз күнү кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу негизделген.  Медиа уюмдар, журналисттер бирикмеси Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү туш болгон кол салуу, кысым көрсөтүлгөн фактыларды тизмектеп жатат. Алардын маалыматына караганда, 2020-жылы бир нече медиа мекемелердин кеңсесине чабуул жасалып, иликтөөчү журналисттер сабалган. Читать дальше...

Сурабалдиева көчөлөрдү дезинфекциялоо токтотуларын билдирди

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө көчөлөрдү дезинфекциялоо токтотуларын билдирди. Сурабалдиева бул тууралуу “Твиттердеги” баракчасына жазды. “Пайдасыз бирок, хлор үчүн деп “чыгаша” кылууга ыңгайлуу нерсени токтоттум. Буга миллиондогон мамлекеттик каражат кеткен”, - деп жазды. Пандемия башталгандан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги хлор менен (ӨКМ) көчөлөрдү, имараттарды  дезинфекциялап жатат. ӨКМ дезинфекция каражаттары Саламаттык сактоо министрлигинин... Читать дальше...

Күчү жок чыккан өкүм

Пресс.kg 

Бул китепте автор сот тармагындагы жаңылыштыктарга кенен токтолгон. Албетте турмушта болуп өткөн курч окуя менен коштолуп, күнөөсүз кесилип кеткен адамдын өмүрү баяндалган. Китепте союз учурундагы окуя кенен камтылган. Ошол кезде

Continue reading...Күчү жок чыккан өкүм

Байден: Шайлоодон жеңдим деп айтууга али эрте

Azattyk.org 

АКШ президенттигине талапкер Жо Байден “президенттик шайлоону жеңип чыгышым мүмкүн” деп айтканы менен “так кесе жеңдим деп айтууга эрте” деди. 7-ноябрда Аризона, Невада жана Пенсильвания штаттарындагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгына ылайык, Байден алдыда баратканы маалым болду. АКШдагы шайлоо учурунда коронавируска чалдыккандардын саны кескин өсүп жатат. Президенттик шайлоодо 100 миллиондон ашуун шайлоочу алдын ала добуш берди. Ушул тапта Байден шайлоочулар коллегиясынын 253, ал эми Трамп 214 добушун алды. Читать дальше...

ТИМ:Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин аткарат

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 7-ноябрда Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну толук калыбына келтирүү жана улантуу үчүн жигердүү сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды улантып жатканын билдирди. ТИМ тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстан буга чейин тараптар менен макулдашып, кол коюлган бардык келишимдерди так аткарат. Анын ичинде инвесторлордун укугун коргоо, өлкө ичиндеги чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугу сакталары айтылат. Ошондой эле мекеме өлкө ичинде стабилдүүлүктү, демократия... Читать дальше...

Эски жана жаңы бийликтин башын кошкон Эскерүү күнү

Azattyk.org 

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Быйыл төртүнчү жолу белгиленип жаткан майрамга байланыштуу "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде өткөн эскерүү иш-чарасына мурдагы жана азыркы бийлик өкүлдөрү катышты. Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баш болгон бийлик өкүлдөрү 1916-жылдагы окуяга арналган мемориалга, саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине... Читать дальше...

Коронавирус жугузуп алган миңден ашык бейтап оор абалда жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын арасынан 969 адам оор абалда бейтапканаларда жатат. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 7-ноябрдагы маалыматында айтылат. Учурда стационарда 3445 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 51 адамдын абалы - канааттандыраарлык, 2293 бейтаптын абалы – орто, 969 киши - оор абалда, 132 киши - өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 3645 бейтап бар. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган... Читать дальше...

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышты

Azattyk.org 

6-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Отурум видеоконференция форматында өтүп, Садыр Жапаров Кыргызстандагы коомдук-саясий абал туруктуу экенин, өлкөдөгү саясий жараяндар укуктук жолго түшкөнүн айтып берди. Ошондой эле ал Кыргызстан буга чейинки кабыл алынган чечимдерди, макулдашылган эки тараптуу келишимдердин... Читать дальше...

Онлайн окуунун ата-энеге берген сабактарынан

Azattyk.org 

Айрым өлкөлөрдө мурдатан эле онлайн сабактар өткөрүлүп келчү. Кыргызстанда КОВИД-19 илдетинин айынан бул усул жалпы окуу жайларына таңууланды. Журналист Аскер Сакыбаева бул усулдун өзү байкаган жагдайларын айтып, коомчулукту ачык талкуу кылууга чакырат.

Коронавирус дагы эки кишинин өмүрүн алды, 556 кишиден табылды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 7-ноябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония дагы эки кишинин өмүрүн алды. Каза болгондордун экөө тең Ош облусунда катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1172 кишиге жетти. Бир суткада дагы 556 кишиден вирус расмий табылды. Коронавирус расмий аныкталгандар боюнча Бишкек шаары алдыга чыкты. Баш калаада 160 кишиден илдет табылды. Читать дальше...

“Ак үйдөгү” темир тосмо алына баштады

Azattyk.org 

6-ноябрда Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы темир тосмолорду ала баштады.

Жапаров, Отунбаева жана Жээнбеков «Ата-Бейиттеги» иш-чарага катышты

Azattyk.org 

7-8-ноябрь Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баш болгон бийлик өкүлдөрү «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Алар 1916-жылдагы окуяга арналган мемориалга, саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине жана 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондордун бейиттерине гүл коюп, куран окутушту. Читать дальше...

Жараланган жаштар, үзүлө элек үмүт

Azattyk.org 

Бишкекте 5-6-октябрдагы массалык тополоң менен коштолгон митингде оор жаракат алгандардын көпчүлүгү жаштар. Алардын арасында желим октон колунан жана көзүнөн айрылгандар бар. “Азаттык плюс” жаштар берүүсүнүн бул чыгарылышында башаламандыктан жаракат алган жаштардын маселеси козголду.

COVID-19: Европада ооруканаларда орун калбай баратат

Azattyk.org 

Европа жана Орусияда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 300 миңден ашты. Бул континент оорунун экинчи толкунуна кабылып, чектөөлөргө, карантинге карабай вирусту жуктургандар улам көбөйүп бара жатат. 7-ноябрга карата чөлкөмдө 300 688 адам каза болду. Өлүмдүн үчтөн эки бөлүгү Британия, Италия, Франция, Испания жана Орусияда катталууда. Оору жуккандар көбөйгөн сайын ооруканаларда реанимациялык орундар тартыш болууда. Германиянын Саламаттык сактоо министрлиги вирус жуккандар эки эсе көбөйгөнүн... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *