Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Новости за 22.11.2020

АКШ аба мейкиндигин өз ара көзөмөлдөө жаатындагы "Ачык асман" келишиминен чыкты

Azattyk.org 

АКШ 18 жылдан бери күчүндө болуп келген "Ачык асман" эл аралык келишиминен расмий чыкты. Америка тарап Москванын бул келишимдин шарттарын бузганын жүйө катары келтирүүдө. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги Вашингтондун чечимин айыптап чыкты.

Чет өлкөгө билим алуу үчүн демөөрчү таап берген уюм ачылды

Azattyk.org 

Чет өлкөгө барып билим алууга каражаты жок мыкты окуган жаштарга демөөрчүлөрдү таап берүү максатында GEF (Global Education Foundation) аталган коммерциялык эмес уюм түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмду  түптөгөн Хабиб Арзыкулов билдирди. “2021-окуу жылынан баштап, бир канча окуучуну демөөрчүлөрүбүздүн колдоосу менен Американын жана Европанын окуу жайларына жиберели деп пландап жатабыз. Алдыдагы күндөрдө шарттарыбыз жана програмаларыбыз жөнүндө кененирээк маалымат беребиз”, - деди Арзыкулов.... Читать дальше...

Кошмо Штаттар "Ачык асман" келишиминен чыкты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар 18 жылдан бери күчүндө болуп келген "Ачык асман" эл аралык келишиминен расмий чыкты. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти 22-ноябрда билдирди. Анын маалыматы боюнча, келишимге кол койгон калган 34 мамлекетке быйыл май айында жиберилген алты айлык эскертүү жекшемби күнү аяктады. "Алты ай өттү. АКШнын бул келишимден чыгуу чечими 2020-жылдын 22-ноябрында күчүнө кирди. Кошмо Штаттар "Ачык асман" келишимине мындан ары мүчө эмес", - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө. Читать дальше...

Шевченко: биздин үй-бүлө күчтүү аялдардын үлгүсү

Azattyk.org 

Чемпиондук наамын коргоп калган кыргызстандык спортчу Валентина Шевченконун жеңиштен кийинки маалымат жыйынын UFC Ютубдагы орус тилдүү каналы жарыялады. Анда Шевченко бир тууганы Антонина Шевченко менен өзүнүн жеңишине жакында эле муай тай (тай боксу) боюнча виртуалдык турнирде апасы Елена Шевченконун дүйнө чемпионун утуп алганы шыктандырганын белгиледи. “Мага жана бир тууганыма бул чоң мотивация болду. Биз баарыбыз спорт менен машыгабыз. Биздин үй-бүлө күчтүү аялдардын үлгүсү”, - деди Шевченко. Читать дальше...

Акыркы он айда 20 миңден ашык өрт чыкты, андан 102 адам куткарылды

Azattyk.org 

2020-жылдын 10 айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары ар кандай кырсыктардан 221 адамды куткарышкан. Алардын ичинен өрттөн 102, жол кырсыктарынан 74, экстремалдык абалдагы 44 жана көлмөдөн бир адамды куткарышкан. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Ошондой эле жалпы 829 адамга жардам көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 33 кишиге дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз кырдаалга туш болгон 392 кишиге, үйүнүн эшиги жабылып калган 4040 кишиге жардам беришкен. Телефон аркылуу кеңеш 3483 жаранга көрсөтүлгөн. Читать дальше...

Европанын айрым өлкөлөрү карантинди жумшартканы жатат

Azattyk.org 

Европанын айрым өлкөлөрү коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу бир нече апта мурда күчөтүлгөн чектөөлөрдү жумшартканы жатат. Франция президенти Эммануэл Макрон келе жаткан жумада элге кайрылып, 30-октябрда киргизилген улуттук карантинди жарым-жартылай жумшарта турганы кабарланды. 21-ноябрда француз премьер-министри Жан Кастекс чектөөлөрдүн бир бөлүгү саналуу күндөн кийин алына турганын ишарат кылган. Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун кеңсеси Англияда карантин 2-декабрда алынарын... Читать дальше...

Муфтият аялдар зомбулугуна каршы иш-чараларды өткөрөт

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) активист аялдар менен бирге аялдардын көйгөйлөрүнө, алар кабылган зомбулукка каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгат. Бул тууралуу 20-ноябрда активист аялдар менен муфтият жетекчилиги өткөргөн жыйында айтылды. Жыйынга муфтийдин орун басары Кадыр Маликов баш болгон жетекчилер катышты. Маликов жолугушуу аялдар кездешкен көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн уюштурулганын белгиледи. Жыйынга катышкан “Хисса Бинт Зайд” аялдар өнүктүрүү борборунун жетекчиси Айнагүл... Читать дальше...



Путин Байденди эмне үчүн куттуктабай жатканын айтты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын шайланган президенти Жо Байденди куттуктабай жатканында жашыруун мүдө-максат жок экенин, болгону Кошмо Штаттардагы "ички саясий карама-каршылыктардын чечилишин" күтүп жатканын билдирди. Ал мындай пикирин 22-ноябрда "Россия 1" мамлекеттик телеканалында жарыяланган маегинде айтты. "Биз учурдагы президент Трампка да, бул кызматка талапкер Байден мырзага да сый мамиле кылабыз. Бул жерде биз үчүн эч кандай маселе жок. Формалдуу нерселер", - деди Путин. Ошондой эле "кайсы бир талапкерди жаман көрүү... Читать дальше...

Жогорку кеңеш: Имаратты оңдоп-түзөөгө депутаттар салым кошууда

Azattyk.org 

Парламенттин жана президенттин имаратын оңдоп-түзөө иштерине депутаттар салым кошууда. Бул тууралуу Жогорку кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Бирок, курулуштун жалпы чыгымы жана эл өкүлдөрүнүн которгон каражаты тууралуу айтыла элек. 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов курулуш иштери менен таанышуу үчүн барып, “бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, оңдоп-түзөө иштерин ыкчам бүткөрүү аракети көрүлүүдө” деп билдирген. 5-ноябрда Жогорку Кеңеште 6-октябрдагы... Читать дальше...

Коррумпированные кадры мафиозного клана Матраимовых - Шавкат Шарабидинович Капаров и Шарабидин уулу Шадыбек.

PR Kyrgyz 

                             КР Президенти, КР ЖК төрагасы Т.Т. Мамытовго                                                                               

Читать дальше...

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы акция өттү

Azattyk.org 

Бишкекте 22-ноябрда жарандык активисттер уюштурган "Баш мыйзам үчүн!" деп аталган тынчтык жүрүшү өттү. Акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтып, “Хандыкка жол жок!” деген ураандын алдына биригишкен.

Маалыматтык технологиялар комитети: Санариптештирүү толук кандуу жүрүп жатат

Azattyk.org 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаилов учурда өлкөдө санариптештирүү иштери толук кандуу жүрүп жатканын жана электрондук башкаруудан улам мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө кыйла жеңил болуп, коррупциялык тобокелдиктер азайып жатканын маалымдады. Исмаилов бул тууралуу 21-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов “Түндүк электрондук борбору” мамлекеттик ишканасына барган учурда билдирди. Ошондой эле Исмаилов санарип... Читать дальше...

Грузиянын бийликтеги партиясы шайлоонун 2-айлампасында жеңди

Azattyk.org 

Грузияда 21-ноябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында бийликтеги "Грузия кыялы" партиясынын талапкерлери бардык бир мандаттуу 17 шайлоо чөлкөмүндө алдыга озуп чыгышты. Бул тууралуу өлкөнүн БШКсы өз интернет барагында маалымдады. Ал эми 31-октябрдагы биринчи айлампаны мыйзамсыз деп санаган оппозициялык партиялар экинчи айлампага бойкот жарыялашты. 21-ноябрдагы шайлооого 2,1 миллион жаран катыша алмак. Алар үчүн 2 миңдей шайлоо тилкеси уюштурулган. Экинчи айлампага добуш берүүгө шайлоочулардын 26,29 пайызы гана келди. Читать дальше...

Баш мыйзамды өзгөртүү аракети активисттерди акцияга чыгарды

Azattyk.org 

Бишкекте 22-ноябрда жарандык активисттер уюштурган "Баш мыйзам үчүн!" деп аталган тынчтык жүрүшү бир жарым сааттай убакытка созулду. "Азаттыктын"кабарчысынын жана акцияга көз салган байкоочулардын божомолунда ага 400-500дөй адам катышты.  "Баштан башта" кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары темир жол бекетинин алдына чогулушту. Алар Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтып, ушул өңүттө кыргызча жана орусча чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүштү. Уюштуруучулардын бири, жарандык... Читать дальше...

Беларустун борборунда нааразылык иш-чаралары улантылууда

Azattyk.org 

Беларустун борбору Минск шаарында Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган нааразылык жыйындары жекшембиде да улантылууда. Лукашенко да, оппозиция да өз турумдарында кала берип жатканы бул күнү да айгинеленди. 22-ноябрда демонстранттар Минск шаарынын ар башка бөлүктөрүндө чогулушту. Алар "Жашасын Беларус!" деп ураан чакырып, өлкөнүн кызыл жана ак түстөгү тарыхый желегин көтөрүп чыгышты.    Минскинин борборундагы бир метро бекетинин жанында аларды полиция жаш агызчу граната ыргытып тосуп алды. Читать дальше...

Помпео Ооган бийлигинин жана талиптердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Катарда Ооганстандын бийлигинин жана талиптердин өкүлдөрү менен жолугушуудан соң, талиптердин жетекчилигин ок атышууларды биротоло токототуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.  Майк Помпео Катарда талиптердин кыймылынын жетекчисинин орун басары, молдо Абдул Гани Барадар жана башка талип өкүлдөрү менен жолукканда, аларды учурдагы зомбулук аракеттерди азайтуу үчүн салым кошууга чакырган. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү шардана кылды. Читать дальше...

АКШ "Ачык асман" келишиминен чыгуу ниетинде

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар 18 жылдан бери күчүндө болуп келген жана курал-жарактарга көзөмөл киргизүү максатын көздөгөн "Ачык асман" келишими аттуу эл аралык келишимден чыгуу ниетин 6 ай мурда расмий билдирген. Вашингтон Кремлди аталган келишимди одоно бузуп жатат деп бир нече жолу айыптаган. АКШнын бул келишимден чыгуусу 22-ноябрга белгиленген.  Бул иш-аракет азыркы президент Доналд Трамптын курал-жарактарды эл аралык көзөмөлдөө системасына каршы акыркы соккусу болуп калгансыды. Трамптын оюнча, мындай келишимдер... Читать дальше...

Кытай Кыргызстандын карызын кечеби?

Azattyk.org 

Кыргызстанда сунушталган "Ханституциянын" таржымалы. Кытай Кыргызстандын карызын кечеби? Европа Биримдиги Борбор Азиядагы адам укугуна көңүл бурбай калды.

Улуу Британия менен Канада убактылуу соода келишимине кол коюшту

Azattyk.org 

Улуу Британия менен Канаданын бийликтери британдыктардын Евробиримдиктен чыгуу маалында ыңгайлуу өткөөл түзө тургандай убактылуу соода келишимин түзүүгө жетишти. Макулдашууда эки тараптуу жаңы келишим даяр болгонго чейинки өткөөл учурда учурдагы кызматташтык шарттары сакталып кала берээри тууралуу көрсөтүлгөн.  Британиянын айтымында, азыркы тапта Канада менен анын соода жүгүртүүсү 22 жарым миллиард еврону түзөт. Болочокто бул эки өлкөнүн өз ара соода карым-катнашы мындан да жогорку чектерге жетиши ажеп эмес. Читать дальше...

«Аялдар санарип ишкердикте» деп аталган хакатон уюштурулду

Azattyk.org 

Бишкекте «Аялдар санарип ишкердикте» деген аталышта хакатон өтүп жатат. Ал “Айым Creates” долбоорунун алкагында санарип шартта ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган. Ишкердикке бел байлаган 80 аял электрондук коммерция багытындагы эксперттердин, адистердин, менторлордун катышуусунда идеяларын жайылтууну талкуулашууда. Уюштуруучулар кабарлашкандай, 20-22-ноябрь күндөргө белгиленген иш-чарага Кыргызстандын түрдүү аймактарынан ишкер айымдар катышууда. Аларга товарын Интернет айдыңында жайылтып... Читать дальше...

Аба ырайы: Кар жаайт

Azattyk.org 

23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...+2, Талас жергесинде түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5, Ош... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *