Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Новости за 18.11.2020

МАГАТЭ: Иран өзөктүк келишимди кайрадан бузду

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран дүйнөлүк державалар менен беш жыл мурда кол коюлган өзөктүк келишимди бузуп жатканын билдирди. Уюм буга Ирандагы Натанз заводунун аймагында уран байытуучу центрифугалар ишке киргенин жүйө келтирди. МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Натанздагы жер төлөөдө орнотулган центрифугалар иштей баштаганын 18-ноябрдагы маалымат жыйынында айтты. Уюм заводдо центрифугалар орнотулганы тууралуу маалыматты өткөн аптадагы баяндамасында ачыкка чыгарган. Читать дальше...

COVID-19: "Pfizer" өз вакцинасы 95% натыйжалуу экенин жарыялады

Azattyk.org 

Америкалык "Pfizer" фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасынын клиникалык сыноосунун акыркы жыйынтыгын жарыялады. Компаниянын 18-ноябрдагы маалыматына ылайык, сыноолор вакцина 95% натыйжалуу экенин, ал аярлуу топко кирген улгайган адамдарды да коргой аларын көрсөттү. "Pfizer" "BioNTech" компаниясы менен чогуу иштеп чыккан бул вакцинасын жакынкы күндөрдө АКШда чукул каттоодон өткөргөнү жатат. "Reuters" жаңылыктар агенттиги вакцина жылдын аягына чейин колдонууга чыгып калышы мүмкүн экенин жазды. Читать дальше...

Венеция комиссиясы: Жогорку Кеңеш конституциялык реформа жүргүзө албайт

Azattyk.org 

18-ноябрда Европа Кеңешинин кеңеш берүүчү органы болгон Венеция комиссиясы Кыргызстандагы конституциялык реформага байланыштуу парламенттик шайлоонун жылдыруу маселеси боюнча чукул корутундусун жарыялады. Анда комиссиянын эксперттери Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Башмыйзамды өзгөртүү боюнча реформаны жүргүзө албай турганын баса белгилешкен. “Парламенттин мандаты конституциялык мөөнөттөн узартылган шартта, шайлоолор кийинкиге жылдырылган учурда парламенттин чектелүү гана ыйгарым укугу бар жана конституциялык... Читать дальше...

Автору жок, катасы көп Конституциянын долбоору

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Конституциянын жаңы долбоору кыргыз коомчулугунда нааразычылык жаратты. Ал эми президенттик аппарат Конституциянын долбоору коомдук жана эксперттик пикирлерди эске алуу менен оңдолуп, кайрадан иштелип чыгарын маалымдады.  Студиянын коноктору: Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева, Жогорку Кенештин вице-спикери Мирлан Бакиров... Читать дальше...

Текебаев: 80 депутат жаңы Конституция кабыл алуу боюнча демилге көтөрө албайт

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 18-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Конституция өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесине комментарий берип, анын процедураларына токтолду. Ал Баш мыйзамга ылайык өзгөртүү боюнча 80 депутат демилге көтөрө ала турганын тактады:  «Бүгүнкү Конституцияга ылайык, өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизүү укугу 80ден кем эмес депутаттарга таандык. 10 депутат, президент, өкмөт киргизе албайт. Бирок 80 депутат өзгөртүү гана киргизе алат. Читать дальше...

Өкмөттүн реформасы: Эски система, жаңы талап

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү 6-ноябрдагы №551 токтому менен мамлекеттик кызматкерлерди азайтып, алардын ишин оптималдаштырууну пландап жатат. Ал үчүн мамлекеттик органдардын тутумун реформалоодо сунуштарды иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Комиссияны өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев жетектеп жатат. Комиссия 17-ноябрдын кечинде Өкмөт Үйүндө алгачкы жыйынын өткөрдү. Өкмөттүн реформасы кантип ишке ашат? Бакыт Аманбаевдин айтымында, Кыргызстанда 28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар. Читать дальше...

Пакистандын премьери Имран Хан биринчи жолу Ооганстанга барат

Azattyk.org 

Пакистандын премьер-министри Имран Хан бийликке келгенден бери биринчи жолу коңшу Ооганстанга сапар алганы турат. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Хан ооган президенти Ашраф Ганинин чакыруусу менен 19-ноябрда Кабулга барарын шаршемби күнү билдирди. Маалыматка ылайык, бир күндүк сапардын алкагында Ашраф Гани баштаган бийлик жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкөнүн соода алакасын, Ооганстандагы тынчтык орнотуу аракеттерин, аймактагы экономикалык кызматташтыкты талкуулайт. Хан 2018-жылдын... Читать дальше...



Депутат Жанарбек Акаев ИИМге суракка чакырылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка чакырылды. Социалдык тармактарда чыккан маалыматты эл өкүлү «Азаттыкка» да ырастап, чакырууга кагазын 18-ноябрда алганын, 19-ноябрда барышы керек экенин тактады. Депутат өзү кайсы иш боюнча чакырылганынан кабары жок экенин кошумчалап, 5-6-октябрдагы окуяларга байланыштуу болушу мүмкүн деп болжоп жатканын айтты. Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки 5-октябрдагы Бишкектеги нааразылык акциялары ири башаламандыкка айланган. Читать дальше...

Талант Мамытов Орусия менен Казакстандын элчилерин кабыл алды

Azattyk.org 

Президентттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 18-ноябрда Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады. Мамытов эки элчи менен өлкөлөр ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыктын азыркы абалы тууралуу пикир алмашты. Ал өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрүнө коронавирус пандемиясына байланыштуу татаал мезгилде Кыргызстанга көрсөткөн... Читать дальше...

Атамбаев: Өлкөнү жарга такагандар Садыр Жапаровду тегеректеп алышты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 18-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн соттук отурумдан кийин журналисттерге кыскача комментарий берип, өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу билдирүү жасады. Өз сөзүндө ал экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчылык милдетин убактылуу токтотуп турган Садыр Жапаровдун байланышы жөнүндө да кеп козгоду: «Өлкөнү жарга алып барып такап койгон адамдар, Сооронбайлар жана аны колдоп жүргөн кошоматчылар, чимкириктер, баары биригип Кыргызстанды мындан ары да жардан кулатканы турушат. Читать дальше...

Зулпиев: 80 депутат Конституциянын жаңы долбоорунун автору болуп чыгып жатат

Azattyk.org 

Конституциянын коомдук талкууга чыгарылган жаңы долбоорунун авторлору – парламенттин 80 депутаты. Бул тууралуу 18-ноябрда “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев билдирди. Зулпиев Баш мыйзамдын долбоору жашыруун иштелип чыкканы тууралуу айыптоолорду четке кагып, төмөнкүлөрдү билдирди: “80 депутат кол коюп, автор болуп чыгып жатышат. Коомчулукта көп демилгечи топтор бар. Президенттик аппаратка, Жогорку Кеңештин аппаратына 40-50дөй долбоор киргизилген. Читать дальше...

Украинада COVID-19дан көз жумгандар 10 миң адамдан ашты

Azattyk.org 

Украинада соңку бир сутка ичинде 256 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Украинанын саламаттык сактоо министри Максим Степанов шаршемби күнү билдиргендей, өлкөдө коронавирустан кайтыш болгон адамдардын жалпы саны 10 112 кишиге жетти. «18-ноябрга карата Украинада 12 496 киши короанвирус жугузуп алганы ырасталды. Алардын 535и өспүрүмдөр, 529у медицина кызматкерлери», - деди Степанов. Украинада соңку бир күн ичинде 1600дөн ашуун бейтап COVID-19дун белгилери менен ооруканага жаткырылды. Читать дальше...

АКШнын мамлекеттик катчысы грузин лидерлери менен жолугууда

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 18-ноябрда Тбилисиде Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал жети өлкөдө өтө турган сапарынын алкагында 17-ноябрда Стамбул аркылуу Тбилисиге келген. «Жолугушууда мамлекеттик катчы АКШ Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын дагы бир жолу белгиледи жана өлкөнүн глобалдык террорчулукка каршы күрөшкө кошкон олуттуу салымын кубаттады», деп билдирди Кошмо Штаттардын Тбилисидеги элчилиги. Ошондой эле элчилик Помпео Грузиянын... Читать дальше...

Атамбаевдин Кой-Таштагы жери боюнча сот жүрүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция маселесине байланыштуу иш каралууда. Атамбаев сотко катышып жаткан айыптоочу тарапты толук четтетүү тууралуу өтүнүч киргизди. Судья Мирлан Термечиков бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Атамбаев ага карата айыптоо документтерине сотко катышып жаткан прокурорлор эмес, алардын жетекчилери кол койгонун, андыктан алар өзүлөрү көзмө-көз отуруп катышуусу керек экенин айтты.

Эмил Жороев: Конституциянын жаңы долбоору - кыргыз элине кыянаттык

Azattyk.org 

Саясат таануучу, Борбор Азиядагы Американ университетинин окумуштуусу Эмил Жороевдин баамында мынчалык кыска убакыттын ичинде жазылган долбоорду референдумга алып чыгуу мүмкүн эмес. "Эгер бул долбоорду студент жазса, анда ага "2" деген аба берилмек" деди талдоочу. Эмил Жороев өзүнүн Фейсбук баракчасына: "Конституцияны өзгөртүү демилгесинин өзүн мазмунуна карабай туруп эле легитимсиз десек болот. Парламенттин азыр мындай демилге көтөрүүгө легитимдүүлүгү жок. Азыр биз президентти эски (учурдагы) Баш мыйзамдын негизинде шайлаганы турабыз. Читать дальше...

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгарууга кол койгон депутаттардын тизмеси жарыяланды

Azattyk.org 

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон сексен депутаттын аты-жөнү жарыяланды. Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, алар төмөнкү депутаттар: КСДП фракциясынан 21 депутат: А.Абжалиев, А.Акматов, А.Арапбаев, Ө.Бакиров, С.Жураев, С.Ибраев, А.Карашев, Н.Каримов, С.Келдибаев, К.Керезбеков, А.Кулбараков, И.Маннанов, Г.Молдобекова, С.Молдалиев, Ж.Мусабекова, И.Өмүркулов, А.Осмонова, У.Примов, К.Рыспаев, М.Эгембердиев, Ч.Урумкалиева. Читать дальше...

Ысык-Көлдө мал аралашкан жол кырсыгынан эки киши каза болду

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 2020-жылдын башынан бери облус аймагында мал аралашкан 134 жол кырсыгы катталып, эки киши каза болуп, тогуз киши ар кандай жараат алганын маалымдады. Мындай кырсыктардан 100дөн ашуун автоунаа каражаттарынын ээлери материалдык чыгымга учураган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы атайын билдирүү таратты. Билдирүүдө мал аралашкан жол кырсыктарында айдоочу менен мал ээсинин жоопкерчилигине байланыштуу мыйзам-укуктук жагдайлар толук камтылган. Читать дальше...

Кыргызстанда «Азербайжандын досторунун клубу» түзүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда «Азербайжандын досторунун клубу» түзүлдү. Бишкекте клубду уюштуруу конференциясы өтүп, ага бийликтин жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Клубду түзүү боюнча демилгени көтөрүп чыккан мурдагы тышкы иштер министри, «Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Аскар Айтматов негизги максат эки эл ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты элдик дипломатия каражаттары менен байланыштыруу, достукту бекемдөө экенин айтты. Ошону менен катар ал азери элине карата жылуу мамиле атасы... Читать дальше...

Тыныбекова: Олимпиада өтчү күндү күтүп жатам

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова 4-8-ноябрь күндөрү Польшада өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдеште алтын байгеге ээ болушту.

АКШ Ооганстандагы жана Ирактагы күчтөрүн азайтат

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар 15-январга карата Ооганстандагы жана Ирактагы аскерлерин азайтат. Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер 17-ноябрда жарыялады. Анын айтымында, Ооганстандагы америкалык жоокерлердин саны 4500дөн 2500гө чейин азаят. Ошондой эле Ирактагы күчтөрдүн саны да 500 адамга кемип, 2500гө түшүрүлөт. Миллер соңку чечим Трамптын Ооганстан менен Ирактагы согушту ийгиликтүү жыйынтыктоо жана аскерлерди мекенине кайтаруу тууралуу саясатына шайкеш келерин белгиледи. Читать дальше...

Евробиримдик: Бишкек демократиялык багытты карманышы кажет

Azattyk.org 

Евробиримдик менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин 17-ноябрдагы видео конференциясында Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу да учкай сөз болду. Бул тууралуу Еврошаркеттин тышкы маселелер боюнча башкы басма сөз катчысы Питер Стано “Азаттыкка” маегинде билдирди.

УКМК: Кыргызстандын жарандары үчүн визалык чектөөлөр алынып, биометрикалык паспорттор бериле баштайт

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жакын арада Кыргызстандын жарандарына карата болгон визалык чектөөлөр алынып, биометрикалык паспорттор бериле баштай турганын маалымдады. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын жарандарына биометрикалык паспорттор берилип, эл аралык ICAO PCD маалымат кампасына кошулат. Буга чейин кыргызстандыктарда биометрикалык паспорттордун жоктугунан улам АКШнын адиминистрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *