Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Новости за 09.11.2020

Эрдоган күйөө баласынын кызматтан кетишине макулдук берди

Azattyk.org 

9-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган финансы жана казына министри Берат Албайрактын кызматтан кетүү жөнүндө арызына кол койду. Министр 8-ноябрда «Инстаграмдагы» баракчасына ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетип жатканын жазган. Жергиликтүү серепчилер министр Албайрактын кызматтан кетишин өлкөдөгү экономикалык кризиске байланыштырышууда. Берат Албайрак бул кызматка 2018-жылы келген. Буга чейин ал түрк парламентинде депутат болуп, энергетика жана табигый ресурстар министри болуп да иштеген. Читать дальше...

Карабак үчүн кармаш: Азербайжан Шушаны алганын жарыялады

Azattyk.org 

Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги стратегиялык Шуша шаары Азербайжандын карамагына өткөнүн ырастады. Ал ортодо 9-ноябрда Армениянын аймагында орусиялык тик учак атып түшүрүлүп, эки адам каза болду.

Ош шаарында 10 ай ичинде 33 киши өз өмүрүнө кол салды

Azattyk.org 

Ош шаарында 2020-жылдын башынан бери 33 жаран өз өмүрүнө кол салган. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Мындай окуялардын ккыркысы 30-октябрда катталды. Анда 15 жаштагы кыз Сулайман-Тоодон боюн таштап каза болду. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну экени аныкталган. Шаардык милиция кыз ага чейин жакындары менен уруша кетип үйүнөн чыгып кеткенин тактаганын кабарлады. Замир Сыдыковдун маалыматына караганда өз өмүрүнө кол салгандардын басымдуу... Читать дальше...

Кара-Суу районунда 5,5 млн. сомду карактоо үчүн шектүү эки жаран кармалды

Azattyk.org 

6-ноябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 5,5 миллион сомдон ашуун акча каражатын карактоого шектүү катары эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматында кылмыш боюнча шек саналган Алай районунун 36 жаштагы, Ысык-Көл облусунуна караштуу Ысык-Көл районунун 29 жаштагы тургуну Ош шаарына жакын жайгашкан Фуркат айылында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган факт боюнча облустук милицияга 20-октябрь... Читать дальше...

COVID-19: Венгрия чектөө чараларын катаалдаштырды

Azattyk.org 

Венгриянын өкмөтү коронавирус пандемиясы күч алганына байланыштуу өлкө аймагына катаал карантин чараларын киргизди. 9-ноябрда “Фейсбукта” жарыяланган видеодо өкмөт башчы Виктор Орбан кечки саат сегизден таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилерин билдирди.   10-ноябрдан тартып бардык мекемелер саат 19:00гө чейин жабылышы керек. Ал эми спорттук таймаштар күйөрмандарсыз өтүп, жеке жана үй-бүлөлүк иш-чараларга ондон көп адам чогулбоого тийиш. Бала бакчалар жана мектептин баштапкы класстары ачык бойдон калат. Читать дальше...

Украинанын президенти Владимир Зеленский коронавируска чалдыкты

Azattyk.org 

Украина президенти Владимир Зеленскийдин анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу анын администрациясы 9-ноябрда билдирди. “Мамлекет башчысы өзүн жакшы сезип жатат жана өз милдеттерин аралыктан аткара берет”,-деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө. Ушул эле күнү Зеленский Украинада коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында жекшемби күндөрү карантин киргизилиши мүмкүн экенин жана мындай кадам экономикага өтө чоң зыян тийгизбестигин айткан. “Жекшемби күндөрү карантин киргизүү катаал... Читать дальше...

Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги Шуша шаарын алдырганын ырастады

Azattyk.org 

Тоолуу Карабак жикчил аймагынын лидерлери Азербайжандын күч түзүмдөрү айыгышкан кармаштан кийин стратегиялык Шуша шаарын өз карамагына алышканын билдиришти. “Тилекке каршы, акыркы күндөрү бир нече ийгиликсиз окуя бизди тооруду. Шуша шаары толугу менен биздин көзөмөлдөн чыкты”,-деп жазды “Фейсбукка” таанылбаган аймактын де-факто өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ваграм Погосян. Тоолуу Карабактагы экинчи чоң шаар деп саналган Шуша алынганын бир күн мурда Азербайжандын президенти Илхам Алиев жарыялаган. Читать дальше...



Президенттик шайлоого талапкер болгусу келгендерден арыз 15-ноябрга чейин кабыл алынат

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоого катышкысы келгендерден арызды 15-ноябрга чейин кабыл алат. Талапкер болгусу келгендер арыз берген соң 7-декабрга чейин колдоочуларынан 30 миңден кем эмес кол чогултуп, документтерин даярдап, миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн коюшу кажет. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.   «Талапкерлерди каттоо мөөнөтү 14-декабрда аяктап, 15-декабрда үгүт иштери башталат» , - деди Бекматов. Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык... Читать дальше...

«Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын коронавируска каршы вакцинасы 90% натыйжалуу болду

Azattyk.org 

Америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары биргелешип чыгарган COVID-19га каршы вакцинасы сыноонун үчүнчү баскычында 90% натыйжалуу экенин көрсөттү. Сыноого 43,5 миңдей ыктыярчы катышып, аларга вакцина жана анын плацебосу сайылган. Катышуучулардын арасынан коронавируска 94 гана адам чалдыккан. Эки компания тең коопсуздук маселесинде олуттуу кыйынчылык байкалбаганын жана вакцинаны ыкчам колдонуу боюнча АКШ бийлигинин уруксатын күтүп жатышканын билдиришти. «Бүгүн илим жана адамзат үчүн улуу күн»... Читать дальше...

«Дин маданиятынын тарыхы» сабагын окутуу толук ишке ашпай турат

Azattyk.org 

Кыргызстанда «Дин маданиятынын тарыхы» сабагын мектептерге толук киргизүү ишке ашпай турат. Буга ушуга чейин 60тай мектепте үч ирет сыноо мөөнөтүндө окутулган предметти толук жайылтууда мугалимдердин жетишсиздиги себеп болууда. Ошондой эле адистер окуу китебин азыркыдан да жакшылап иштеп чыгууну сунуш кылышкан. План боюнча предмет 2020-2021-жылы мектеп программасына киргизилмек. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Гүлназ Исаева билдиргендей, бул маселе Мугалимдерди кайра даярдоо институту менен сүйлөшүүнүн алкагында чечилип... Читать дальше...

Өлүм жетелеген жол кырсыктары

Azattyk.org 

Өткөн аптада эки күндүн ичинде жол кырсыгынан сегиз киши каза болду. Баткендеги авариядан бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү үзүлсө, Бишкек-Ош жолундагы эки машине катышкан кырсыктан айдоочу, анын уул-келини жан берди.

Кыргызстанда доллар менен евронун кымбатташы уланууда

Azattyk.org 

Улуттук банктын эсеби менен бир АКШ долларынын наркы 83 сом 81 тыйынга барабар болуп турат. Жеке менчик акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда 84,5 сом деп бааланууда.  Ал эми бир евронун расмий курсу дээрлик 100 сомго тең. Сомдун чет элдик валюталарга катышы тууралуу расмий эсеп акыркы ирет 7-ноябрда жарыяланган. Бир жыл мурун ушул мезгилде доллар 69 сомдун, евро 83 сомдун тегерегинде эле. 1993-жылдан бери чет өлкөлүк валюталардын курсу суроо-талапка жана сунушка жараша калыптанат. Читать дальше...

Өзбекстан Кытайдын вакцинасын сынайт

Azattyk.org 

АКШнын шайланган президенти Жо Байден коронавируска каршы күрөштү координациялай турган жумушчу топ түзөрүн жарыялады. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактагы Шуша шаары алынганын жарыялаганы менен расмий Ереван шаар үчүн кармаш уланып жатканын билдирди. Өзбекстан Кытайдан коронавируска каршы 5 миң доза вакцина алды.

Байдендин планы жана Трамптын каяшасы

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Жо Байден коронавируска каршы күрөш боюнча кеңешчилерден турган жумушчу топ түзөрүн жарыялады. Ал пандемияны ооздуктоого болгон күчүн жумшарын айтты. Ал арада Дональд Трамп Байдендин жеңишин тааный элек жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча соттошорун айтты.

Нарындыктардын арызы, Жапаровдун убадалары

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 9-ноябрда Нарын облусуна барды. Ал бир катар социалдык объектилерди кыдырып, облустун коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Песков: Путин АКШдагы шайлоонун расмий жыйынтыгын күтөт

Azattyk.org 

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус президенти АКШнын жаңы шайланган лидерин куттуктабай жатышынын себебин билдирди. Анын айтымында, Владимир Путин Кошмо Штаттардагы шайлоонун расмий жыйынтыгын күтүүдө. «Биз шайлоонун жыйынтыгынын расмий жарыяланышын күтүү туура болот деп эсептейбиз. Президент Путин америкалыктардын тандоосу кандай гана болбосун аны сыйлай турганын бир нече жолу айткан. Ошондой эле ал АКШнын кайсы гана президенти болбосун, иштешүүгө даяр», - деди Песков. Путин 2016-жылы... Читать дальше...

«Орто-Сай» базарындагы өрт боюнча сотко чейинки териштирүү башталды

Azattyk.org 

«Орто-Сай» базарындагы өрттүн чоо-жайын такташ үчүн Жазык кодексинин 201-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү») менен сотко чейинки териштирүү башталды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы «Азаттыкка» кабарлагандай, экспертиза дайындалып, милиция фактынын негизинде териштирүү жүргүзүүдө. Бишкектеги ири базарлардын бири «Орто-Сайда» 9-ноябрга караган түнү өрт чыгып, аянты болжол менен 1 800 чарчы метрди түздү. Кырсыктан базарда соода-сатык кылган ишкерлер, кийим тигүүчү цехтин ээси чыгымга учурады. Читать дальше...

Кен компаниялары иштер-иштебеси арсар

Azattyk.org 

Кыргызстандагы башаламандыктан кийин ишин убактылуу токтоткон компанияларды кайрадан иштетүү белгисиз мөөнөткө калды. Мурдараак алар жыл соңуна чейин жабылганы маалымдалган.

Соодагерлерди сызга отургузган өрт

Azattyk.org 

Бишкектеги ири базарлардын бири «Орто-Сайда» өрт чыгып, тилсиз жоо каптаган аянт болжол менен 1 800 чарчы метрди түздү. Кырсыктан базарда соода-сатык кылган ишкерлер, кийим тигүүчү цехтин ээси чыгымга учурады.

Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын жарыялады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Бүгүн, 9-ноябрда ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылуу таратып, парламентаризм багытын жоготууга каршы экенин жана аны коргой турганын билдирди: «Биздин шорубуз - президенттикте. Ошондуктан мурдагы президенттерибиз эл-жерине келе албай качып жүрүшөт. Керек болсо, партияларга парламентке өтүү босогосун бир пайызга түшүрүш керек». Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп... Читать дальше...

Базардагы өрт соодагерлерди күйгүздү

Azattyk.org 

Бишкектеги ири базарлардын бири «Орто-Сайда» өрт чыгып, тилсиз жоо каптаган аянт болжол менен 1 800 чарчы метрди түздү. Кырсыктан базарда соода-сатык кылган ишкерлер, кийим тигүүчү цехтин ээси чыгымга учурады. Бул пандемияда ансыз да араң иштеп жаткан соодагерлерди сызга отургузду.

"Данисте": Алайдагы үй музей, эмгекчил энелер

Azattyk.org 

Нарындагы памирлик кыргыздар Алайга көчтү. Облуста калган эки үй-бүлөнүн бирине атбашылыктар үй салып беришти. Алайда жарым кылым мурда курулган үй музейге айланды. Экономикага салым кошкон эмгекчил энелер. Студенттер телефонго тарткан тасма жеңүүчү болду. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.

Жапаров Байденди куттуктап, сүйлөшүүлөр алга жылып жатканын кубаттады

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Жо Байденди Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 9-ноябрда кабарлады. Жапаровдун куттуктоо катында «Бүгүн АКШ өзүнүн өнүгүүсүнүн тарыхый этабында турат жана сиздин жетекчилигиңиз менен Америка эли жаңы бийиктиктерге жетет деп терең ишенем. Кыргыз Республикасы кыргыз-америка мамилелерин өз ара пайдалуу өнүктүрүүгө дайыма өзгөчө көңүл буруп келет. Кызматташуу жөнүндөгү... Читать дальше...

"Дарак ыры" Орусияда өткөн кинофестивалда "Мыкты сценарий" сыйлыгын алды

Azattyk.org 

Кыргызстанда тартылган алгачкы киномюзикл – "Дарак ыры" тасмасы дагы бир эл аралык сыйлыкка татыды. Бул тууралуу 9-ноябрда фильмдин режиссеру жана сценарийинин автору Айбек Дайырбеков билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Чебоксары шаарында жыйынтыкталган XIII эл аралык кинофестивалда “Дарак ыры” "Мыкты сценарий" номинациясын жеңип алды. Сыйлык сценарийдин авторлору Айбек Дайырбековго жана Садык Шер-Ниязга ыйгарылды. «Дарак ыры» - сүйүү, жаратылыш, салт-санаа темасын камтыган тарыхый мюзикл жана кино дастан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *