Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 04.03.2021

5-мартта өлкөдө жаан, кар жаайт

Azattyk.org 

5-мартта республиканын көпчүлүк аймактарында, ал эми Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар  жаайт. Кээ бир райондордо туман түшүп, жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6; Суусамырда түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10; Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5; Баткен облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 5…10; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…3... Читать дальше...

Жалил Атамбаев УКМКнын кылтагына түштү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы милиционер, Оштогу таанымал ишкер Жалил Атамбаевди 3-мартта мыйзамсыз баюуга айыптап кармады.

Аксыда алты адам ууланып каза тапты

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ууланып каза болгон алты адамдын үчөө эркек, үчөө аял экени аныкталды. Аксы райондук ички иштер бөлүмү фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Милициянын маалыматына ылайык, 2-мартта саат 14:00 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-жылы туулган Э.Б. буюрутма берген. Бул чакан кечеге 19 адам барган. Читать дальше...

Райымбек Матраимов жеке клиникада дарыланууда

Azattyk.org 

Бишкектеги менчик "Бикард" кардиологиялык клиникасы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бир нече күндөн бери бул ооруканада жатканын ырастады. Аталган клиниканын өкүлү Елена Баялинова "Азаттыкка" Матраимовдун абалы улам өзгөрүп жатат деди: "Бишкектеги "Бикард" кардиологиялык клиникасынын башкы дарыгери айткандай, бейтап ооруканага кан басымы оор абалда келип түштү. Кан басымы улам түшүп, көтөрүлүп, бейтаптын абалы стабилдүү болбой жатат. Ал шашылыш түрдө текшерүүгө алынып, коронарография жасалууга муктаж. Читать дальше...

Булактар: Өзбек президентинин күйөө баласы жол кырсыгына кабылып, Түштүк Кореяда дарыланууда

Azattyk.org 

Өзбекстан өкмөтүнө жана президенттин үй-бүлөсүнө жакын булактардын айтымында, Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы 13-февралда болгон жол кырсыгында оор жаракат алып, ушу тапта Түштүк Кореяда дарыланууда. Маалыматка караганда мамлекет башчынын Коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары Отабек Умаров мындан жыйырма күн мурда Ташкентте болгон автокырсыктын маалында бутунан жана башынан жаракат алып, кыймылдай албай калган. "Озодлик" радиосунун булактары ошондой эле президент ошол окуяга байланыштуу... Читать дальше...

Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин иши каралууда

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча ишти кайрадан кароону улантууда. Маалыматты бул ишке айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жараянда айыпталуучулардын бири, гематолог-дарыгер Абдухалим Раимжанов ден соолугуна байланыштуу өзүнүн ишин өзүнчө бөлүп кароо тууралуу өтүнүч келтирди. Сот аны карап жатат. Азырынча чечим чыга элек.  Атамбаев саламаттыгын жүйө кылып, жараянга келген жок. Читать дальше...

Кыргызстандагы кымбатчылыктын беш себеби

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо башталды. Анын ичинде азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50%га чейин кымбаттап кетти. «Элдик экономика» түрмөгүндө кымбатчылыктын себептери талданды. Таңкыстык жана суроо-талап Арийне, экономикадагы азыркы көйгөйлөрдүн көбү коронавирус пандемиясы менен байланыштуу. Анын ичинде соңку кымбатчылыктын төркүнү да 2020-жылдын башына барып такалат. Читать дальше...

Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы боюнча түшүндүрмө жазды

Azattyk.org 

Бүгүн, 4-мартта Президент Садыр Жапаров "Фейсбук" социалдык түйүнүндөгү "Садыр Жапаров" аттуу тайпага өзүнүн жеке баракчасы тууралуу түшүндүрмө жазды. "Урматтуу кыргызстандыктар! Менин аккаунтумдан бирөө жарым кирип, комментарийлерди жазыптыр. Мен жасалма аккаунттардан жазып жатышса керек деп ойлогом, тилекке каршы менин жеке аккаунтум экен. Колдонуп жүргөн жардамчымдан сурасам, "биз эмес" дейт. Азыр менин мурдагыдай интернет карап отурганга убактым деле жок. "Фейсбукту" эле сындырып киришеби... Читать дальше...



Starship ракетасы жерге конгондон кийин жарылды

Azattyk.org 

Илон Масктын SpaceX компаниясынын пилоттолгон Starship кемесинин прототиби жерге ийгиликтүү конуп, бирок 10 мүнөттөн кийин жарылып кетти. Ага чейин жаңы муундагы SN10 деген аппарат Техастагы сыноо учурунда 10 километр бийик көтөрүлгөн. SpaceX тараткан видеодо кеменин бир бөлүгү жерге конгондо өрттөнө баштаганын көрүүгө болот. Бир нече мүнөттөн кийин жарылып кетти. Буга карабай компания сыноолорду уланта берерин билдирди. Маск Starship өзү жабыркабаганын "Твиттерге" жазды. Кеменин прототиби жарылганын азырынча комментарийлеген жок. Читать дальше...

Аксы: Жапырт уулангандар спиртке суу кошуп ичкени белгилүү болду

Azattyk.org 

Аксы районундагы Кара-Суу айылында ууланып каза болгон алты адамдын үчөө эркек, үчөө аял экени аныкталды. Алардын эң улуусу 1958-жылы,  кичүүсү 1970-жылы туулган. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Инфекциялык эмес ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Бүбүжан Арыкбаева маалымдады: "Он тогуз адам бир кафеде отуруп, салат, бешбармак жешкен. Бөтөлкөдөгү спиртке суу кошуп ичишкен экен. Момпосуй, печенье да жешкен. 3-мартта түндө төртөө ооруканага кайрылды, алардын ичинен үчөө каза болуп калды, бирөө оор абалда.

Бекешев Матраимовду колдоо митингине катышкан депутаттарды сындады (видео)

Azattyk.org 

Парламенттин 4-марттагы сессиясында депутат Дастан Бекешев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон митингге барган депутаттарды сынга алды. Ал коррупцияга шектүү катары кармалып, тергөө абагында отурган Жылдыз Чодобаева тууралуу  маселени көтөрүп, анын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө сотторду чакырды. Коррупцияга каршы күрөшүүдө кош стандарттуулук болуп жатканын айтты: "Коррупция менен күрөшкө түшүнбөй калдым. Акчасы барлар үйүндө же менчик клиникаларда жатат. Читать дальше...

Бразилияда эки күндөн бери каза тапкандардын саны көбөйдү

Azattyk.org 

Бразилияда 3-мартта COVID-19 илдетинен 1 миң 910 киши каза тапты. Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны өлкөдө 260 миңге жетти. Бразилия өлүм-житим жагынан АКШдан кийин экинчи орунда турат. 44 миллион калкы бар Сан-Паулу штатында карантин киргизилди. Коронавирустун Бразилиядан тараган штаммын адистер өтө кооптуу деп сыпатташат. Түндүк Америкада инфекция жуккандар дагы деле көп болгону менен жыл башынан бери сандар төмөндөдү. Кошмо Штаттарда вирусту жугузуп алгандардын күнүмдүк... Читать дальше...

Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук берди

Azattyk.org 

Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы 4-мартта Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берди. Жыйынга Калиева өзү келген жок. Анын өкүлдөрү төрайымдын ооруп жатканы тууралуу дарыгерлердин маалымкатын алып келишти. Ошондон улам Гүлбара Калиева маселени кароонун мөөнөтүн ден соолугуна байланыштуу кийинкиге жылдырууну өтүнгөн. Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүт Коңкубаева иштин создугуп жатканын айтып, мыйзамга ылайык баш прокурор Курманкул Зулушевдин өтүнүчүн токтоосуз кароону сунуштады. Читать дальше...

Аксыда ууланып каза болгондор алты адамга жетти

Azattyk.org 

Аксы районундагы Кара-Суу айылында уулануудан алты адам каза болгону белгилүү болду. Буга чейин 4-марттын түнүндө төрт киши ооруканага жеткирилип, үчөө жолдо каза таап, бирөө реанимацияда жатканы кабарланган. Дагы үч киши үйүнөн каза тапканын "Азаттыкка" Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.  2-мартта Кара-Сууда жыйырмага чукул адам айылдык ашканада бешбармак, салат менен тамактанган. Спиртке суу кошуп ичишкен. Азыркы тапта райондук санитардык- эпидемиологиялык кызматы... Читать дальше...

Депутат Райымкулов «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун кароону сунуш кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 4-марттагы сессиясында «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун кийинки аптада үчүнчү окууда кароону сунуштады. Ал спикер Талант Мамытовго кайрылып, парламенттин аппаратына протоколдук тапшырма берүүгө чакырды: «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоор эки окуудан өтүп келип токтоп калган. Үчүнчү окууда турат. Ушуга протоколдук тапшырма берип койсоңуз. Комитет эмне үчүн алып чыкпай атат? Биз... Читать дальше...

Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнө каршы пикет болду

Azattyk.org 

Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн бир нече жашоочусу Бишкектин Ала-Тоо аянтынаа акцияга чыгышты. Алар айыл өкмөт жетекчилерин "менчик айдоо талааларын жең ичинен сатып жатат" деп айыпташууда. Акциянын катышуучулары президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге жолугууну, айыл өкмөттүн чечимдерине  чара көрүүнү талап кылышты.  "Бүгүнкү пикетке айлам кеткенде келдим. Биздин жерди Кайыргүл Бекова деген айыл өкмөт башчысы мыйзамсыз сатып жиберди. Акимге да, милицияга да кайрылып жатабыз. Читать дальше...

Кремлди түнөрткөн санкциялар

Azattyk.org 

Кремль Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу айрым орус төбөлдөрүнө карата Батыштын санкцияларын жаалдануу менен кабыл алды. 3-мартта Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттары менен Евробиримдикте "кара тизмеге" алынган жогорку даражалуу орус аткаминерлери тууралуу Кремлдин позициясын билдирди. Ал Москва Батышка жооп боло турганын белгиледи. «Буга окшош чектөөлөрдү кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Алар ансыз да АКШ жана Евробиримдик менен начар абалдагы алаканы биротоло кыйратат. Читать дальше...

Байтерек: Президент Жапаровдун «Фейсбук» баракчасын бузуп киришкен

Azattyk.org 

Садыр Жапаровдун "Фейсбук" социалдык тармагындагы баракчасын белгисиз тараптар бузуп кирип, ар түрдүү комментарийлерди жазууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди. «Кечээ президент Садыр Жапаровдун "Фейсбуктагы" баракчасы бузулду. Аны ким, кандай максатта бузганы белгисиз. Президенттин атынан ар түрдүү комментарийлерди жазып жатат. Президент бардык тараптардын пикирлерин сыйлайт. Садыр Жапаров бул үчүн өтө кабатырланууда. Азыр териштирип жатабыз». Читать дальше...

Тартип комиссиясы башкы прокурордун өтүнүчүн Калиеванын катышуусуз карап жатат

Azattyk.org 

Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева баш болгон бир нече судьяны жоопко тартууга макулдук берүү боюнча өтүнүчтү  кароого киришти. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, комиссиянын 4-марттагы отурумуна Калиева келген жок. Анын өкүлү төрайым ооруп жатканы тууралуу медициналык маалымкат көрсөттү. Анда ал ден соолугуна байланыштуу жыйынды жылдырууну суранган.  Башкы прокуратуранын өкүлү маселени төрайымсыз эле кароого мыйзам жол бере турганын айтты.... Читать дальше...

Кыргызстан «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кошулду

Azattyk.org 

“Freedom House” уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошту. Уюмдун 3-мартта жарыяланган баяндамасына ылайык, дүйнө жүзүндө жарандык эркиндик 15 жыл катары менен начарлап, "эркин эмес" мамлекеттердин саны көбөйүп бара жатат. Кыргызстан 11 упайын жоготту “Freedom House” уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик-2021” аттуу жаңы баяндамасы өткөн жылы Кыргызстанда жарандардын саясий укугу жана эркиндиги начарлап кеткенин көрсөттү. Жаңы жарыяланган рейтингде Кыргызстандын... Читать дальше...

Аксыда уулануудан үч киши каза болду, бирөө оор абалда

Azattyk.org 

Аксы районунун Кара-Суу айылында уулануудан үч адам каза болду. Төртүнчүсү оор абалда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Маалыматка караганда, жарандар 4-мартка караган түнү дарыгерлерге кайрылган. Үчөө Аксы райондук ооруканасына бара жаткан жолдо үзүлгөн. Алардын эмнеден ууланганы такталууда. Болжолдуу маалыматтарда ууланууга спирт ичимдиги себеп болгон. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *