Европа AstraZeneca вакцинасынан күмөн санап турат
Нидерланддар коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен өз жарандарын эмдөөнү убактылуу токтотконун жарыялады.
Нидерланддар коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен өз жарандарын эмдөөнү убактылуу токтотконун жарыялады.
Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын четиндеги православдар көрүстөнүндө 12 эстелик талкаланды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады. Окуя 5-мартка караган түнү болгон. "Бул факт Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар жөнүндө кодекстин 131-беренеси менен сотко чейинки тергөө иши башталды. Тергөө ыкчам тобу түзүлгөн, жергиликтүү бийлик, жаштар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Читать дальше...
Бүгүн, 15-мартта, футбол боюнча Кыргызстандын Шоро премьер-лигасынын 2021-жылдагы сезонунун алгачкы оюнунда "Абдыш-Ата" клубу менен "Кара-Балта" командасы кез келмек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бийлик азыркы тапта коңшу Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо боюнча жигердүү иш алып барып жатканын билдирип, жергиликтүү элди чагымга алдырбастан жардам берүүгө чакырды. Ташиев жер алмашууда эки мамлекеттин кызыкчылыгы тең эске алынааарын белгиледи: “Силер ойлобогула, чек араны чечсе эле жер берет, туура эмес, алмаштырып коёт экен деп. Андай болбойт. Ошол чек араны чечүү комиссиясынын башында мен турам. Читать дальше...
Жогорку сот кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловго буга чейинки инстанцияны колдогон чечим чыгарды. Муну менен ал 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттон тастыкташты. Сотко Жумагуловдун жактоочусу кайрылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагулов боюнча 2020-жылдын 19-июнунда өкүм чыгарып, судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү... Читать дальше...
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда Кыргызстанда аялдар эркектерге салыштырмалуу орточо сегиз жылга узак жашайт. 2020-жылы өлкө калкынын саны 6,5 миллионго жетип, анын 3,3 миллиону аялдар, 3,2 миллиону эркектер деп саналды. Бирок, жыл өткөн сайын эркек балдарга караганда кыздар аз төрөлүүдө. Акыркы жылдары 100 кызга 105 эркек бала туура келет. 40 жаштан өткөн аялдардын саны эркектерге караганда көбүрөөк. Сексенден өткөн аялдар өз курагындагы эркектерден эки эсе көп болуп, 100 аялга 55 эркек туура келет. Читать дальше...
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская абакта ачкачылык жарыялаган үч беларус активистти акцияны токтотууга чакырды. 14-мартта жарыяланган видео кайрылууда Тихановская журналист Игорь Лосикке, музыкант Игорь Банцерге жана активист Дмитрий Фурмановго кайрылып, өмүрлөрүн тобокелдикке салбоону өтүндү. “Силер азыр ачкачылык аркылуу протест кылып, өз өмүрүңөрдү тобокелге салып жатасыңар. Бирок биз, беларустар, буга жол бере албайбыз. Силер жакындарыңарга, ата-энеңерге, балдарыңарга керексиңер. Читать дальше...
Бирмада аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кулатылган лидери, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси Аунг Сан Су Чжинин үстүнөн 15-мартка белгиленген сот жараяны башка күнгө жылып калды. Буга өлкөдөгү интернет байланышында көйгөй себеп болгону айтылды. Адвокат Кхин Маунг Зау Reuters агенттигине соттук жараян тогуз күндөн соң болорун билдирген. Бирмада аскердик хунтага каршы демонстрациялар токтобой, полиция тынч жайкын тургундарга каршы ок ачып жатат. 14-мартта өлкөдө демократиялык башкарууну... Читать дальше...
Германиянын канцлери Ангела Меркель жетектеген Христиан-демократиялык союзу эки аймактагы шайлоодо утулду. 14-мартта өткөн жергиликтүү парламентке (ландтаг) шайлоолордо Рейнланд-Пфальц аймагында Социал-демократтар, ал эми Баден-Вюртембергде “Жашылдар” партиясы жеңишке жетти. Бул аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгы Германиянын кийинки канцлери үчүн күрөшкө таасирин тийгизиши мүмкүн. Быйыл күзүндө Бундестагга шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында Ангела Меркелден кийинки немис канцлери ким болору аныкталат. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районунун Самаркандек айылында атайын кызматтын операциясына куралдуу каршылык көрсөткөн маалда кармалган шектүүлөрдүн жазасын жеңилдетип берүүгө аракет кылаарын айтты. Бул тууралуу Ташиев Баткендин Самаркандек айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда билдирди. «Алар деле өзүбүздүн балдарыбыз. Алыстан келген баскынчылар эмес. Бирок, аларга туура түшүндүрүп айтып, жеткириңиздер. Мындан кийин андай болбосун! Читать дальше...
Төрөбай Зулпукаров: "Биримдиктин" каржылык иштеринен кабарым жок
Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакировдун үстүнөн арыз түшүп, «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки тергөө иши жүрүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык милициясы билдирди. Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун маалыматына ылайык Абакировдун үстүнөн арыз 13-март күнү түшкөн. Окуя Спорт комитетинин жетекчиси менен Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан базарда соодагерлердин ортосунда болгон. Абакировдун өзү «Азаттыктын» кабарчысына муну жалган маалымат катары сыпаттап... Читать дальше...
Орусиянын Сургут аймагында менчик үйдөн чыккан өрттө чарчап калган 5 жана 8 жаштагы эки баланын сөөгүн 16-мартта Кыргызстанга жиберишет. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Югра аймагында жарыяланган "Ugra news" порталынын маалыматына караганда Сургуттагы "Здоровье" кооперативинин Бурсничная көчөсүндө жайгашкан үйдөн 11-марттын таңында өрт чыккан. Өрттөн беш жана сегиз жаштагы бир кыз, бир уул уктап жаткан бойдон жан берген. Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, өрттүн себептери иликтенүүдө. Читать дальше...
Казакстандык 20 жаштагы диджей Иманбек Зейкенов дүйнөлүк абройлуу Grammy музыкалык сыйлыгына ээ болду. Ал сыйлыкты америкалык рэпер SAINt JHN Roses композициясынын ремикси үчүн алды. “Музыканттын карьерасында эң жакшы учур Grammy сыйлыгына ээ болуу, биз муну жасай алдык”,-деп жазды Иманбек “Инстаграммдагы” баракчасында. Зейкенов атактуу болгонго чейин Павлодар облусунда темир жолчу болуп иштеп, бош убагында музыкага кызыгып келген. Ал жасаган ремикс YouTube хостингинде миллиондогон көрөрманга жагып... Читать дальше...
Нидерланддар коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен өз жарандарын эмдөөнү убактылуу токтотконун жарыялады. Буга чейин мындай чечимди Ирландия, Дания, Норвегия, Болгария жана Таиланд кабыл алган болчу. Буга вакцина менен эмделген айрым адамдардын тамырында тромб пайда болгону боюнча маалыматтар себеп болду. Бирок AstraZeneca компаниясы жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул маалыматтар далилдене электигин айтып, вакцинадан баш тартпоого чакырган. Нидерланддардын бийлиги коңшу Дания, Норвегиядан келип түшкөн маалыматтарга таянып... Читать дальше...
16-мартта өлкөнүн бардык аймактарында кар аралаш жамгыр жаайт. Жолдор тайгак болот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2…3; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…1, күндүз 3…8; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7; Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7 градус болот. Читать дальше...
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев "Азаттык" менен маектешип, Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына коридор ачат деген маалыматтар туура эмес экенин билдирди.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-март күнү эртең менен берген маалыматына караганда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза болду. Вирус 67 кишиге жукканы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1483 кишини түздү. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 86 917 адамга жетти. Акыркы суткада вирустан 39 адам айыгып чыкты. Читать дальше...
15-марттан 18-мартка чейин Тажикстандын Согд облусуна караштуу Хужанд шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргыз тараптын делегациясына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилик кылат. Ал эми тажик тараптан бул өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов катышат. Бул - эки мамлекеттин атайын... Читать дальше...
Сурамжылоодо чөлкөмдөгү Иран, Австралия, Япония сыяктуу алдыңкы футболдук өлкөлөрдүн оюнчулары ат салышып, Алыкулов эң көп добуш алган.
Президент Садыр Жапаров 17-мартта Таластагы «Жерүй» кениндеги алтын иштетүү фабриканын ачылышына барат. Ачылышка Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттыкка» билдирди. Таластагы «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени кабарланган. Читать дальше...
Эл аралык “ТҮРКСОЙ” уюму, Улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Беш акын” теледолбоорун кайрадан эфирге алып чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жазуучулар союзунун басма сөз кызматы кабарлады. Аталган долбоордо жазгыч акындар ат салышат. Быйылкы теледолбоордун биринчи баскычында акындар – Кыялбек Урманбетов, Бурулкан Сарыгулова, Жедигер Саалаев, Мая Осмонкулова жана Алтынай Темирова катышат. Кече... Читать дальше...
Жаңы сезондун биринчи турунун алгачкы оюнунда "Абдыш-Ата" клубу менен "Кара-Балта" командасы беттешет.
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов бул тууралуу журналист Адыл Акжол уулуна берген интервьюсунда айтты. Ал 12-мартта президент Садыр Жапаров менен жолугуп шайлоого байланыштуу маселени талкуулаганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, өлкө башчы шайлоо таза өтөрүн айтты. Мырзакматовдун маалыматы боюнча, бирок Ош облусунда шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузуу болуп жатат. «Административдик ресурс аябай колдонулуп жатат. Алдын ала эле айтып коёюн шайлоо таза өтпөйт. «Муну алдын алыш керек» деп айтыла турчу жерлерге айтып атабыз. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн 179 жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациядан өткөрдү. БШКнын маалыматына ылайык анын ичинен 115и телеканал, радиокомпаниялар жана гезиттер. Калган 64ү интернет порталдар. 11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталган. Ал 10-апрелге чейин созулат. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8 326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2 858 квота берилген. Читать дальше...