Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 18.03.2021

Саясатчы Феликс Кулов активисттин камалышын сындаган билдирүү таратты

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр, саясатчы Феликс Кулов активист Тилекмат Кудайберген уулунун камалышын сынга алган билдирүүнү 18-мартта таратты. "Азаттык" Куловдун өзү менен байланышканда ал акыркы мезгилдеги камакка алууну аша чапкандык катары баалап жатканын айтты: "Биринчиден мен бул кишинин социалдык тармактарга эмне жазганын окуй элекмин. Бирок саясатчы, активист Жеңиш Молдоакматов Кудайберген уулунун баракчасын бирөө бузуп кирип, анын атынан жазып жатканын айтып жатпайбы. Садыр Жапаровдукун да ошентишпеди беле. Читать дальше...

Фарид Ниязов 13-апрелге чейин камакта калды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды 18-мартта карады. Жабык жараянда Ниязовдун камактагы мөөнөтүн 13-апрелге чейин узартуу боюнча райондук соттун чечими күчүндө калды. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдараак былтыр 9-октябрдагы жапырт башаламандыкты уюштурууга шектүү катары кармалган Ниязовдун абактагы мөөнөтүн 13-апрелге чейин узарткан. Читать дальше...

Аэропорттун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуевдин тарапташтары аны бошотууну талап кылууда

Azattyk.org 

Бишкектеги Ленин райондук сотунун имаратынын алдында “Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуевдин тарапташтарынын акциясы өтүп жатат. Алар Чукуев таза иштегенин, негизсиз камалганын айтып, аны абактан бошотуп, эркиндикке чыгарууну талап кылышууда. Анын жакындары абакта отурган Чукуевдин ден соолугу начарлап кеткендиктен, жок дегенде үй камагына чыгышы керек деген талап коюп жатышат. Чукуев 9-февралда Түркиянын «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясына эл аралык... Читать дальше...

Каратаев: Абал курчуса дары-дармек менен коргонуучу каражаттар 2 айга жетет

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал курчуп кетсе дары-дармек менен медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар 2 айга жетет. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-марттагы брифингде билдирди. "Жасалма дем алдыруучу жабдуулар, ооруну дарылоого керектүү аппараттардын баары жетиштүү. Эгер абал курчуп кетсе биз 2020-жылдагыдай мектеп, клубдарга стационар ачпай, ооруканалардын баарында вирус болгондорду дарылоо үчүн даярданып жатабыз". Читать дальше...

Шайлоо: Ошто милиция журналисттерге тоскоолдук кылбайбыз деп убада берүүдө

Azattyk.org 

Ош шааардык ички иштер башкармалыгы 17-мартта басма сөз жыйынын өткөрүп, мурдагы шайлоолордо боло келгендей журналисттердин ишине "тоскоолдук болбойт" деп билдирди. Шаардык милициянын жетекчисинин орун басары Таалайбек Нурбаев шайлоо күнү иштей турган кызматкерлер атайын окуудан өткөнүн, журналисттерге, шайлоочуларга кандай мамиле кылуу керектигинен кабардар болушканын айтты: «Президенттик жана парламенттик шайлоодогудай журналисттерди шайлоо участкасына киргизбей койгон фактылар болбойт. Милиция... Читать дальше...

Согди облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча жыйын өттү

Azattyk.org 

Тажикстандын Согди облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстандан сүйлөшүүлөргө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев баштаган делегация барды. Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин... Читать дальше...

Коронавирустан каза болгон медкызматкерлер 100дөн ашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус катталган бир жылдан бери бул оору 3400дөн ашуун медициналык кызматкерге жугуп, 104ү каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-марттагы брифингде маалымдады. Оору жуктурган жана андан каза болгон медициналык кызматкерлерге кенемте төлөп берүү боюнча министрликке 2800дөй арыз түшкөн. Ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилди. Ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөсүнөн 60 арыз түшүп... Читать дальше...

Нооруз: Көк бөрү мелдеши башталды

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына карата көкбөрү боюнча мелдеш башталды. Мелдеште командалар жогорку жана биринчи лигаларга бөлүнүп ойноп жатышат.



ГЭС долбоору: Бишкек эми Ташкент менен макулдашты

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстан Нарын дарыясына курулчу «Камбар-Ата-1» гидроэлектрстанциясына байланыштуу биргелешкен аракеттерин баштады. Эки өлкө лидерлери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ГЭСти чогуу куруу боюнча келишимге кыргыз президенти Ташкентке барган учурда жетишкен. Бул жагдай коомчулукта түрдүүчө талкууланып жатат. «Камбар-Ата-1» электростанциясы «Токтогул» ГЭСине караганда электрди көп чыгара турган долбоор болору айтылган. Эки коңшунун изги тилеги Масштабдуу курулушка байланыштуу... Читать дальше...

Муфтийликке талапкерлерди каттоо аяктады, сегиз кишиден арыз түштү

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы 17-мартта муфтийликке арыздарды кабыл алып, каттоону аяктады. Аалымдар кеңешинин катчылыгы билдиргендей, муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берди. Алар: 1. Нурбек Токтогулов 2. Сайдамир Жээналиев 3. Султанали Гапуров 4. Убайдулла Сарыбаев 5. Шүкүр Исмаилов 6. Шакир Маматов 7. Нематилла Жээнбеков 8. Ниязали Арипов Мындан тышкары Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды. Ал эми Борбордук... Читать дальше...

Бир айлык ымыркай, 101 жаштагы карыя коронавирус жугузуп алды

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус оорусу катталганына бир жыл болду. Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 143 кишини түздү. Анын 84 031и айыгып чыкты. Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын клиникасында 2020-жылдын 18-мартынан бери жети миңден ашуун адам коронавирус жугуп түшкөн. Бул тууралуу аталган клиниканын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев маалымдады: "Биздин ооруканада COVID-19 вирусу жуккан эң жаш бейтап - жыйырма күндүк ымыркай болду. Ал апасы менен кайрылып, ПЧР-анализинен вирус чыгып, дарыланып, айыгып чыгышты. Читать дальше...

Министрлик: Пандемия бүткөн жок, абал курчуса карантиндик чектөөлөр болот

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Абал курчуса, карантиндик чектөөлөр болушу ыктымал экенин саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары, башкы санитардык дарыгер Нурболот Үсөнбаев 18-марттагы брифингде билдирди. Анын айтымында, карантин боюнча чечимдер коронавирустун жайылышына жараша кабыл алынышы мүмкүн: "Абалды курчутуп ийбеш үчүн өтө кылдат болуу зарыл. Пандемия бүткөн жок. Карантин чараларын киргизүү, чектөөлөрдү баштоо сыяктуу маселе эпидемиологиялык кырдаалга жараша каралат. Читать дальше...

Коронавирус кыйнаган бир жыл: араңжан экономика, кечиккен вакцина

Azattyk.org 

Өткөн жылы Кытайдын Ухань шаарында катталган коронавирус илдети Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Илдет жаз менен кошо келип, медицинанын, билим берүүнүн абалы кризиске кептелгенин, экономиканын чамасы чак экенин көргөздү. Дүйнөнүн жана Борбор Азиянын айласын кетирген коронавирус пандемиясы тууралуу баян. Кытайдан чыккан COVID-19 инфекциясы дүйнөгө тарай баштаганда кыргыз өкмөтү оорунун алдын алуу үчүн чара көрө баштаган. Чек ара өткөрмө бекеттеринде санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, ыкчам штаб түзүлгөн. Читать дальше...

Коронавирус бир күндө 98 кишиден аныкталды

Azattyk.org 

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 18-мартта билдиргендей, бир күндө вирус 98  кишиден жаңы аныкталды. Статистика боюнча бул 23-февралдан берки эң көп көрсөткүч. Андан бери илдет күн сайын 20-60 кишинин тегерегинде аныкталып жаткан. 16-мартта вирус жугузуп алгандар кайра көбөйгөнү байкалды. Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда. Соңку бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок.  Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган... Читать дальше...

Мурас-Ордо конушунда өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип анын агасы кармалды

Azattyk.org 

Мурас-Ордо жаңы конушунда 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шек саналып, анын агасы кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди: "Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 17-мартта түшкү саат 12:40тар чамасында маркумдун энесинен телефон чалуу болгон. Милиция барганда 13 жаштагы өспүрүм моюнунан, ичинен жаракат алып, көз жумганы аныкталган. Ал талма оорусу менен жабыркагандыктан, дайыма жанында жакындары карап турган. 17-мартта 16 жаштагы агасы менен үйдө калган. Читать дальше...

Казакстанда оппозиция биригеби?

Azattyk.org 

Шаршембиде Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда Улуттук координациялык кеңештин жыйыны өттү. Анын катышуучулары казак бийлигин сындагандарды биригүүгө чакырышты. Бирок айрым активисттер жалпы күн тартиби болбосо, биригүүнүн эч кандай мааниси жок экендигин айтышты.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *