Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 30.03.2021

Ысык-Көл: Убактылуу кармоочу жайда отурган шектүү өз жанын кыйды

Azattyk.org 

29-мартта Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жаткан 19 жаштагы А.С. аттуу адам муунуп каза болгонун анын туугандары "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов ырастады. Суицидге барган адам Жазык кодексинин 161-беренеси ("Зордуктоо") менен айыпталып, эки айга камакка алынган.  «Каза болгон шектүү январь айында 36 жаштагы аялды зордуктаган деп кармалган. Тоң райондук соту 1-мартта аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Читать дальше...

“Кумтөр”- акталбаган үмүттөр” деп аталган китеп жарык көрдү

Azattyk.org 

Китеп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-спикер Кубанычбек Исабековдун калемине таандык. Анын ачылыш аземи 30-мартта Бишкекте депутаттар, коомдук ишмерлер жана бир катар саясатчылардын катышуусунда өттү. Исабеков китепте «Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгү, анын жергиликтүү тургундарга тийгизген таасири, кен иштетүүдөгү оош-кыйыштар тууралуу 16 жылдык иликтөөсү камтылганын билдирди.  Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Читать дальше...

Казакстан коронавирустун жайылышы боюнча “кызыл зонага” кирди

Azattyk.org 

Бул тууралуу Казакстандагы эпидемиологиялык кырдаалга баа берген Коомдук саламаттыктын улуттук борборунун сайты кабарлады. Соңку маалыматтар боюнча “кызыл зонага” баш калаа Нур-Султан, Алматы, Атырау жана Батыш Казакстан облустары кирген. “Сары зонага” Алматы, Актөбө, Караганды облустары киргизилди. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 30-мартта илдет жугузуган 1455 учур катталып, 17 адам кайтыш болгонун билдирди.

Моношбекова: "Жаз деми" жарым марафонунда эреже тыкыр көзөмөлдөнөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Nomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова "Жаз деми" жарым марафонунда эпидкырдаал тыкыр көзөмөлдөнөрүн, катышуучуларга санитардык эрежелерди бекем сактоо боюнча маалымат берилерин айтты.

Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп шайланды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп депутат Сайдулла Нышанов шайланды. Ал эми фракция лидеринин орун басары кызматы депутат Шайлообек Атазовго берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында бүгүн, 30-мартта жарыяланды. “Шайлоого жети депутат катышты. Бардыгы бир добуштан менин талапкерлигимди колдошту. Мен “Ата Мекен” партиясынан чыкканым менен фракциянын курамында калгам”, - деди Нышанов. 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Сайдулла Нышанов “Ата Мекен” партиясына мүчөлүк кылууну токтотконун жар салган. Читать дальше...

Кытай Гонконгдун шайлоо системасын реформалоо планын кабыл алды

Azattyk.org 

Мындай план Бээжиндин бул шаарга көзөмөлүн катаалдаштыра турганы айтылды. Өлкөнүн Жогорку мыйзам чыгаруучу органы болгон эл өкүлдөрүнүн жалпы Кытай жыйыны Гонконгдун Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү караган мыйзамды бир добуштан кабыл алды. Кийин ага Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кол койгонун 30-мартта мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Гонконгдун Баш мыйзамы Кытайдын ичинде ага өзгөчө укуктар менен эркиндиктерди берген документ. Мурда Улуу Британиянын колониясы болгон Гонконг 1997-жылы Кытайга өткөрүлгөн. Читать дальше...

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

Azattyk.org 

Өкмөттүн буйругу менен жоюлган Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Курманкул Зулушев 30-мартта кол койду. Маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Буга чейин Зулушевдин Жапыкеев тууралуу буйругунун көчүрмөсү интернетте тараган. Быйыл февралда премьер-министрлик кызматка Улукбек Марипов келгенде өкмөттүн курамындагы мекемелер 48ден 16га азайтылган. Анын ичинде октябрь... Читать дальше...

Тегеран АКШ санкцияларын алмайынча уран байытууну токтотууга макул эмес

Azattyk.org 

Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы аты аталбаган жогорку кызмат адамына шилтеме берип кабарлады. Бул АКШнын маалымат каражаттарында Вашингтон Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы тирешүүнү жөнгө салуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү сунуштай турганын жазган билдирүүдөн кийин чыкты. “Ирандын жогорку кызмат адамы Press TV телеканалына АКШ өзүнүн Иранга карата бардык санкцияларын алып сала турган болсо, Тегеран уранды 20 пайызга чейин байытууну токтотот”, – деп бул телеканал сайтына жазды. Читать дальше...



Добуш сатып алуу боюнча тогуз факт катталды

Azattyk.org 

Шайлоону өткөрүү боюнча ыкчам чара көрчү координациялык топ 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештин шайлоосуна жана референдум боюнча үгүт иштерине байланыштуу 31 маалыматты каттаган. Анын ичинен добуш сатып алууга байланыштуу тогуз, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу сегиз арыз түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. “Добуш сатып алууну активдештирүүгө жана административдик ресурсту кыянаттык менен колдонууга жол бербешибиз керек. Читать дальше...

Ташиев: Сох анклавындагы Кайтпаc, Өтүкчү чек ара бекеттери ачылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавындагы эки чек ара бекети ачылды. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 30-мартта Кадамжай районунун Бирлик айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда айтты. “Өтүкчү, Кайтпас постторунан жөө адамдар, жеңил машинелер жана кичи автобустар өтөт. Оор жүк ташуучу машинелер өтпөйт. Карапайым калктын жашоосу жеңилдесин деген максатта ушундай иштер аткарылды”, - деди Ташиев. Атайын кызматтын... Читать дальше...

COVID-19: Бишкектеги балдар аянтчалары кайра жабылат

Azattyk.org 

Бишкекте 1-апрелден тарта соода, оюн-зоок борборлорундагы балдар аянттары жабылат. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айжан Чыныбаева 30-марттагы брифингде билдирди. Анын айтымында, балдар аянтчаларын жабуу чечими эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.  Азырынча чектөөлөр эки жумага киргизилип жатат. Коронавирус боюнча абалга жараша  кайра ачылышы мүмкүн.   Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан 2021-жылдын январына чейин башкалаадагы соода, оюн-зоок... Читать дальше...

Бишкекте 6-7-8-10-класстардын окуучулары онлайн окууну улантат

Azattyk.org 

Бишкекте 4-чейректе  6-7-8-10-класстардын окуучулары онлайн режиминде окууну улантат. Мурдагыдай эле 1-5-9-11-класстардын окуучуларына гана мектепке барууга уруксат берилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева  30-марттагы брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, бул чечим коронавирустун жайылып жатышына байланыштуу кабыл алынды. Башкалаада айрым класстар кадимки тартипте окууга өткөн 18-январдан марттын башына чейин вирус 18 мектепте, 14 мугалимде жана 13 окуучудан табылды. Читать дальше...

Талас: аким сынактан эки орун басар өтпөй калды, бир аким кызматтан кетти

Azattyk.org 

29-мартта Талас облусунун төрт район башчыларын жана алардын орун басарларын кайра баалоо аяктады.  Анын жыйынтыгы менен Кара-Буура районунун акиминин биринчи орун басары Таалайбек Айманбетов жана Манас районунун акиминин орун басары Махабат Орозалиева тийиштүү балл топтой албай калышып,  аттестациядан өтпөй калышты. Ошол эле учурда Бакай-Ата районунун акими Чолпонкул Төрөкулов сынакка катышпай, анын себебин кызматтан кетүү боюнча жазган арызы менен “Азаттыкка” берген маегинде мындайча түшүндүрдү. Читать дальше...

Сокулук районунун маданият үйүнүн директору автокырсыктан каза болду

Azattyk.org 

БишкекОш жолундагы автокырсыктын кесепетинен каза болгон адам Сокулук райондук маданият үйүнүн жетекчиси, ырчы Нурзат Ажыгожоева экени белгилүу болду. Бул маалыматты аны менен окуу жайда бирге окуган Узак Урмат «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, маркум Ажыгожоева Сокулук районундагы маданият үйүн жетектеп келген жана Куралдуу күчтөрдүн оркестринде ырдачу. Ал Калый Молдобасанов атындагы консерваториянын элдик ырдоо бөлүмүн 2017-жылы бүтүргөн. Маркумдун артында үч баласы жана жолдошу калды. ... Читать дальше...

COVID-19: 113 адам жугузду, бирөө каза болду

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү -  30-марттагы маалыматына караганда, бир сутка ичинде Кыргызстанда бул вирус 113 адамдан жаңы аныкталды. Бир киши каза болду. Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (61) жана Чүй облусунда (44). Өлкө боюнча оору жуккандардын жалпы саны 88 726 адамга жетти, 1498 адам каза болду. Бир күндө 70 киши сакайды. Коронавируска каршы жарпырт эмдөө Кыргызстанда 29-мартта башталды. Вакцинаны алгачкылардан болуп саламаттык сактоо жана... Читать дальше...

Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөндүн үстүндө

Azattyk.org 

2021-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 1 463 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20га көп. Өткөн жылы карантин жарыяланган учурда зомбулуктун саны 62% көбөйгөн. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөдөгү зомбулуктун көбөйүшүн өлкөдөгү экономиканын төмөндөшү жана турмуш-шарттын оорлошу менен байланыштырып жатат. Статистикага келе турган болсок - январь, февраль айларындагы... Читать дальше...

ИИМ шайлоого байланыштуу 78 маалымат боюнча териштирүү жүргүзүп жатат

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештин шайлоосуна жана референдум боюнча үгүт иштерине байланыштуу 78 маалыматты каттады. Анын 21и кылмыш жасоого тете катары, он беши жоруктар, төртөө бузуулар деп квалификациялынууда. Ал эми маалымат каттоо китебине 38 материал киргизилди. Анын 33үнө чечим кабыл алынып, беш учур боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулу 30-мартта журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйында билдирди. Читать дальше...

Текебаевдин мандаты анын ишинде фигурант болгон Абдылдаевге берилди

Azattyk.org 

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандаты тизмеде кийинки турган Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге берилди. Мындай токтом Борбордук шайлоо комиссиясынын 29-марттагы отурумунда кабыл алынды. 2017-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Ата-Мекен» партиясынын тизмесинде 26-орунда турган Шералы Абдылдаевге "Кылмыш жаза кодексинин" (Жазык кодексинин ошол кездеги аталышы) 303-беренеси («Коррупция») менен кылмыш ишин козгоп, издөө жарыяланган. Читать дальше...

Бир чапканда жарык да өчтү. АКШда өткөн ММА беттешиндеги окуянын видеосу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Америкада өткөн Combat Night Pro 20 ММА мелдешинде кыздардын беттеши кызык окуя менен аяктады. Кэтлин Нельсон атаандашын нокаутка жыга чапкан учурда залда жарык да өчүп калды.

Таласта Нылды айылынын тургундары митингге чыгышты

Azattyk.org 

29-март күнү Таласта облустук администрациясынын имараты алдында Манас районунун Кайыңды айыл аймагынын тургундары бир нече маселелерди чечип берүүнү талап кылып митинг өткөрүштү. Өкмөттүн Таластагы өкүлү Бакытбек Нарбековдун атына жазылган кайрылууда митингчилер Талас-Нылды-Арал-Покровка автожолуна асфальт төшөп берүүнү өтүнүшкөн. Ошондой эле Нылды айылын Манас районунун аймактык административдик бөлүнүшүнөн Талас районунун Көк-Ой айылына кошуп берүү боюнча документтерди жогорку бийлик өкүлдөрүнө... Читать дальше...

Парламент кымбаттоого байланыштуу өкмөттүн маалыматын угат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети күнүмдүк керектөөчү азык-түлүктүн, күйүүчү, майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана кыргыз-кытай чек арасындагы жүк ташуучулар боюнча чараларды угуу үчүн өкмөттөн маалымат алат. 30-марттагы комитет жыйынына вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков баштаган бардык өкмөт мүчөлөрү катышат. Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кыргыз өкмөтүн азык-түлүк жана башка товарлардын кескин кымбаттоосуна... Читать дальше...

Бишкек-Ош жолунда аскер автоунаасы кырсыктап, бир адам каза болду

Azattyk.org 

Коргоо министрлигинин көчмө концерт уюштуруучулары Бишкек-Ош жолунда баратып, автоунаасы ала салып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Кырсык 29-мартта болгон. Маркум алган жаракатынан дароо жан берген. Ал эми дагы бир адам колунан жаракат алды. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу катаал аба ырайынан улам автоунааны башкара албай калган. Учурда Аскер прокуратурасы окуя боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат. (TSh)

Түркмөнстандын көсөмү "100 пайыз" добуш менен сенаторлукка шайланды

Azattyk.org 

Түркмөнстандын авторитардык көсөмү («Аркадаг») Гурбангулы Бердымухаммедов жаңы түзүлгөн Сенаттын мүчөсү болуп шайланды. Бул шайлоо өнөктүгүндө эч бир оппозиция өкүлү талапкер катары караандаган да жок жана калайыкка кыйыр шайлоо укугу гана таңууланды. Борбордук Азиядагы кубаттуу көзөмөлгө алынган жана обочолонгон бул өлкөдөгү өкмөттүк ЖМКлар Бердымухаммедов 28-марттагы шайлоодо "100 пайыз" добуш алып, сенатор катары жаңы кызмат ордуна жетишкендигин шаттануу менен кабарлашты. 63 жаштагы Бердымухаммедов... Читать дальше...

АКШ Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байдендин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак менен телефон аркылуу сүйлөшүп, расмий Вашингтон Киевди колдой тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүндө маалымдалды. «Салливан мырза улантылып жаткан баскынчылыкка кириптер болгон Украинанын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана Евроатлантикалык тилектерин АКШ мындан ары да колдой берет деп ырастады. Ошондой эле, Салливан Байдендин өкмөтү жемкорлукка... Читать дальше...

Армения «COVAX» долбоорунун алкагында «AstraZeneca» вакцинасынын алгачкы үлүшүн алды

Azattyk.org 

Армения БУУнун колдоосу менен уюштурулуп жаткан «COVAX» долбооруна ылайык «AstraZeneca» компаниясы менен Оксфорд университетинин «COVID-19» илдетине каршы вакцинасынын 24 миң дозадан турган алгачкы үлүшүн алды. Бул окуя өлкө коронавирустун жайылышынын үчүнчү толкунуна кириптер болуп жаткан учурга туш келди. 70тен ашуун өлкөдө уруксат берилген «AstraZeneca» вакцинасы – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Вакциналар жана эмдөө боюнча дүйнөлүк ынтымак (GAVI) колдоого алып жаткан эл аралык «COVAX» долбоорунун тиреги болуп калды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *