Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 04.05.2021

Масанчыдагы дунгандар чек арада жабыркагандарга жардам жөнөтүштү

Azattyk.org 

Казакстандын Масанчы айылында жашаган дунган тектүү тургундар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган кыргызстандыктарга гуманитардык жардам жөнөттү. Азык-түлүк жана башка зарыл каражаттар салынган жүк ташуучу автоунаа 2-майда Баткен облусуна жиберилгенин Кыргызстандагы дунган коомчулугу кабарлап, сүрөт, видеолорду интернетке чыгарышты.   Чүйдүн Ысык-Ата районунда жашаган дунгандар дагы гуманитардык жардам чогултуп, жабыркагандарга тилектештик билдиришти.   Кыргыз-тажик... Читать дальше...

Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, элге кайрылуу жасайт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасайт. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, иш-чарага бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышат. "Пандемияга байланыштуу чакырылгандар коронавируска карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулуп жатат. Кайрылууну Коомдук телеканал түз көрсөтөт", деп айтылат маалымат. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-апрелде жыйынга чогулуп... Читать дальше...

БУУнун баш катчысы Бишкек менен Дүйшөмбүнүн келишимин кубаттады

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 1-майда макулдашылган ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди кубаттайт. Бул тууралуу баш катчынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик 3-майдагы басма сөз жыйынында билдирди. "Ал эки өлкөнүн президенттеринин, премьер-министрлеринин жана тышкы иштер министрлеринин ортосундагы байланыштарды кубаттайт жана эки тарапты ок атышпоо тууралуу келишимдин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө үндөйт", - деди Дюжаррик. Читать дальше...

27 жыл чогуу өмүр сүргөн Билл Гейтс менен Мелинда Гэйтс ажырашууну чечти

Azattyk.org 

"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү, миллиарддер филантроп Билл Гэйтс жана жубайы Мелинда 27 жылдан кийин ажырашууну чечишкенин жарыялашты. Дүйнөдөгү эң популярдуу филантроп жубайлардын бири деп мүнөздөлгөн Гэйтс үй-бүлөсү мындай чечимин 3-майдын кечинде "Твиттер" аркылуу билдиришти. "27 жыл ичинде мыкты үч баланы тарбияладык жана бардык адамдарга дени сак жана жемиштүү өмүр сүрүшүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн дүйнө жүзү боюнча иш алып барган фондду түптөдүк. Биз бул миссияга ишенебиз жана фонддогу биргелешкен ишибизди улантабыз. Читать дальше...

Ооганстандагы селден 14 адам өлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында катуу жамгырдан кийинки сел кеминде 14 адамдын өмүрүн жалмады. Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Жаилани Фархад 4-майда билдиргендей, бир күн мурда Адраскан районун каптаган селден каза болгондордун арасында төрт өспүрүм бар. Каза тапкан эки кишинин тек-жайы аныкталбай жатат. Гераттагы башка эки райондо да сел жүргөнү кабарланганы менен андан кандай зыян келгени айтыла элек. Соңку эки күн ичинде провинциянын көпчүлүк аймактарында катуу жамгыр жааган. Читать дальше...

Улукбек Марипов: "Головной" эч качан берилбейт

Azattyk.org 

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жай Тажикстанга эч качан берилбей турганын билдирди. Бул тууралуу 4-майда Баткен облусунда куралдуу жаңжалда жабыркаган эл менен жолугушканда айтты: "Бул суу бөлүштүрүүчү жайдын үстүндө "Кайырма" деген канал бар. "Кайырманын" башы үч куб. Бирок 1992-жылкы Алматадагы келишим бузулуп, бизди укпай, 2016-жылы ошол үч кубду 23 кубга чейин чоңойткон. Мен ошол тууралуу айтканмын. Читать дальше...

5-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

5-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 29...34, Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 26...31, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33, Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 23...28, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5... Читать дальше...



Индияда COVID-19га чалдыккандардын расмий саны 20 миллиондон ашты

Azattyk.org 

4-майда Индияда өпкөнү сезгенте турган коронавирусту жугузуп алгандардын расмий саны 20 миллиондон ашты. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку бир суткада дагы 357 миң кишиден вирус табылды. Муну менен Индияда акыркы үч ай ичинде эле COVID-19га чалдыккандардын саны дээрлик эки эсе көбөйдү. Илдеттен көз жумгандардын расмий саны 220 миңден ашты. Бирок адистер өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар менен андан каза тапкандардын чыныгы саны алда канча көп экенин, үйүндө... Читать дальше...

Абдыганы Эркебаев: Чек ара маселесин акыл менен чечүү керек

Azattyk.org 

Кыргызстан элинин ассамблея кеңешинин төрагасы, мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев апрель айынын этегинде кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепеттери, сабактары, абалды жөнгө салуу жолдору тууралуу “Азаттыкка” видеомаек курду. Маектин кыска вариантын жазуу жүзүндө сунуштайбыз. - Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш кеминде 36 адамдын өмүрүн алды. 178 киши жабыркады, үй-жай талкаланып, өрттөлдү. 50 миңден ашыгы коопсуз жайга жер которду. Тажик тараптан 16 киши каза болгону, үйлөр өрттөлгөнү кабарланды. Читать дальше...

Мехико метросундагы кырсыктан кеминде 20 адам мерт болду

Azattyk.org 

Мексиканын баш калаасы Мехикодогу метро кырсыгында кеминде 20 адам мерт болуп,  70тей киши жаракат алды. Расмий маалыматка ылайык, дүйшөмбүнүн кечинде поезд өтүп бара жатканда дээрлик беш метр бийиктиктеги метро линиясы кыйрап түшкөн. Натыйжада поезддин вагондору асма көпүрөнүн алдындагы бери дегенде бир автоунаанын үстүнө кулаган. "Тилекке каршы, каза болгондордун арасында балдар да бар", - деп билдирди Мехиконун мэри Клаудия Шейнбаум.  Урандылардын алдында да адамдар бар экени, андыктан каза тапкандардын саны өсүшү мүмкүндүгү айтылууда.

Эмчектеги баласын ала албай жүргөн келин президентке кайрылды

Azattyk.org 

Оштун Кара-Суу районунда мурдагы күйөөсүнөн  баласын ала албай жүргөн 34 жаштагы Нурила Төрөканова президентке кайрылып, жардам сурады. Ал 36 жаштагы Руслан Жураев 10 айлык баласын бербей жатканын айтууда. 4-май күнү Кара-Суу райондук соту анын арызынын негизинде ишти карап, наристени атасында калтыруу чечимин чыгарды. Буга жергиликтүү социалдык коргоо мекемесинин келиндин бала чоңойтууга шарты жоктугу тууралуу маалыматы негиз болгонун адвокат Мухайё Абдураупова маалымдады. Руслан Жураев келин... Читать дальше...

Ооганстанда "Талибандын" чабуулу күч алды

Azattyk.org 

Ооганстан "Талибан" кыймылы менен соңку эки күн ичиндеги кагылышууларда 100дөн ашуун жоочу жок кылынганын билдирди. Эки провинциядагы талибдердин чабуулдарынан кеминде 15 ооган аскери мерт болду. Мындай окуялар АКШ Ооганстандагы күчтөрүн чыгарып кетүү жараянын баштаган учурга туура келүүдө.  Ооганстанда соңку мезгилде "Талибан" кыймылынын чабуулдары да, алардын өкмөттүк күчтөр менен кагылышуулары да күчөдү. Ишембиге караган түнү Логар провинциясынын борборунда жардыруучу зат шыкалган автоунаа жарылып, андан каза болгондордун саны 20дан ашты. Читать дальше...

Жапаровдун ишин караган Бакирова сотторду башкарат

Azattyk.org 

Кыргызстанда Жогорку соттун төрайымы алмашты. Сот бийлигинин башчылыгына Нургүл Бакирова шайланды. Өлкө бийлиги кезектеги жолу сот реформасын убада кылып жаткан чакта Жогорку соттун башчылыгына ким келди, тармакты өзгөртүүдө ролу кандай болушу мүмкүн? Өткөн аптада буга чейин кылмыш иши козголуп, жумуштан убактылуу четтетилген Гүлбара Калиеванын ордуна Нургүл Бакирова шайланды. Ар түркүн саясий окуялар тез өнүгүп жаткан Кыргызстанда бул окуяга көп деле көңүл бурулган жок. Жогорку соттун басма... Читать дальше...

Чек ара жаңжалы: Ооруканаларда 100 киши жатат

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган 100 кыргызстандык ооруканада жатат. Алардын арасынан оор абалдагы 59 адам Бишкекте, 41и Баткендеги бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары Ализа Солтонбекова 4-майда билдирди. "Аларга дары-дармектер, кан жана медицина кызматкерлери жетиштүү", - деди ал. 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Читать дальше...

Активист Токтонасыров ЕККУнун кеңсесинин алдына пикетке чыкты

Azattyk.org 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу максатындагы акцияны 4-майда да улантты. Ал Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгып, тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагындагы куралдуу аракетин айыптоону талап кылды. Ал талаптары жазылган кагазды уюмга тапшырарын "Азаттыкка" билдирди.   Токтонасыров ушундай эле талап менен 3-майда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында акцияга чыккан. Читать дальше...

Экспертизада Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталды

Azattyk.org 

Соттук-медициналык экспертизада Бишкекте уурдалган Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталды. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. "Бишкек шаардык милициясы Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин тергеп бүтүп,  сотко жөнөттү.  Анда Замирбек Теңизбаевге "адам уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоо" беренелери менен айып коюлду.  Ишти иликтөөдө  маркум зордукталганы аныкталды. Айзада каршылык көрсөткөн. Эспертизада анын буту-колдору тытылганы, көгөргөнү аныкталды", -деди Токтакунов. Читать дальше...

Коронавирустан соңку бир суткада дагы сегиз адам өлдү

Azattyk.org 

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы сегиз бейтап көз жумду. Алардын алтоо - Бишкекте, экөө - Ысык-Көл облусунда. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары Ализа Солтонбекова соңку күндөрү COVID-19 илдетинен көз жумгандар көбөйгөнүн белгилеп, 1-майдан 4-майга чейин 26 бейтап өлгөнүн билдирди. 4-майга карата 224 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 202 киши айыкты. Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1630га жетти. Читать дальше...

"Кылым шамы": чек арада жабыркагандар психологго муктаж

Azattyk.org 

Чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдардын тургундары психологго муктаж болууда. Бул тууралуу аймакта эл менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угуп жүргөн "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун өкүлдөрү билдиришти. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова да бул тууралуу 4-майдагы брифингде айтып, 20 адис аймакка жөнөтүлгөнүн маалымдады.  Ошондой эле "Кылым шамы" уюму чек арачыларга чөнтөк телефонду заряд кылчу повербэнк зарыл экенин кабарлады. Аймакта электр энергиясы таңкыс болуп жаткандыктан... Читать дальше...

Садыр Жапаров Катардын эмири менен алаканы өнүктүрүүнү талкуулады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефондон сүйлөштү. Пезиденттин басма сөз кызматы анда эки өлкөнүн алака-катышы тууралуу пикир алышканын кабарлады. Сүйлөшүүдө "жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу, экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", деп айтылат. Ошондой эле тараптар эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашты.

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү үчүн документ даярдады

Azattyk.org 

Кыргызстандын өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө макам берүү үчүн документ даярдады. Эгер ал кабыл алынса, аймакта салыктан жеңилдиктер болот. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 3-майда аймактагы Көк-Таш (Төрт-Көчө) айылынын тургундары менен жолугушканда билдирди. Чечимге Марипов кол коюп, парламенттин кароосуна жиберилди. Өкмөт башчы турак-жайлары талкаланган же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үй курулаарын айтты. "Баткен районунда 30, Лейлек районунда 70 турак-жай курулат. Комиссия эсептеп жатат. Читать дальше...

Жогорку сот Равшан Сабировдун ишин кайра кароого жөнөттү

Azattyk.org 

Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүгүралиева билдирди. Ага ылайык, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун адвокаты прокурорлордун кортундусуна ылайык жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти апелляциялык кароого жөнөтүү тууралуу 20-апрелде арыз жазган. Мындан улам Жогорку сот Сабировго карата чыгарылган буга чейинки сот өкүмдөрүн жокко чыгарды. Равшан Сабиров 2011-жылдын аягында социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. Жарым жылдан кийин, 2012-жылдын... Читать дальше...

Ак-Татырда снаряддарды зыянсыздандыруу башталды

Azattyk.org 

Баткен районундагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Боз аймагында Коргоо министрлигинин сапёрлору жарылбай калган снаряддарды таап, аларды зыянсыздандырууну баштады. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады. Орган мындан улам жергиликтүү тургундарды эгер жарылуунун үнү угулса чочулап, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Чек ара кызматы 4-май, 09.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин жана түндө кандайдыр бир окуялар катталбаганын билдирди. Читать дальше...

АКШдагы кыргызстандыктар БУУнун алдына акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарындагы кыргыз диаспорасы 3-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Нью Йорк шаарындагы башкы кеңсесинин алдына акциясына чыгышты. Алар 28-29-30-апрель күндөрү чек арада болгон куралдуу кагылышта тажик тараптын карапайым калкка ок атканын айыпташты. Акцияга чыккандар чек арада өмүрү кыйылган жеткинчек кыз Мадинанын жана чырдын айынан ооруканага жетпей каза болгон беш жаштагы баланын сүрөтүн кармап турушту. Уюштуруучулардын айтымында, кыргыз диаспорасы Баткенде жапа чеккен тургундарга жардам катары 86 миң доллар чогултушкан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *