Башкы прокуратура: Тажикстан келишимдерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу аракетин көргөн
Тажикстандын аскерлери эки өлкө ортосундагы 2004–жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп кирген. Мындай маалыматты Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 3-майда таратты. Ага ылайык, тажик тарап Кыргызстандын эгемендигине жана бүтүндүгүнө кол салып, тынч жашаган элди, чек араны коргогон аскерлерди, коопсуздукту камсыз кылган... Читать дальше...