Нью-Йорк шаарынын экс-мэри, миллиардер Майкл Блумберг Демократиялык партиядан президенттик шайлоого катышуу ниетинен баш тартты. Ал тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, мындай чечимди бир катар себептерден улам кабыл алганын айтты жана мындан ары мурдагы вице-президент Жо Байденди колдой турганын жарыялады.
Майкл Блумберг негизинен адаттан тыш, башкалардан айырмаланган шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп жаткан эле. Ал шайлоочулар менен дээрлик жолуккан жок жана буга чейинки төрт штатта өткөн алгачкы дебаттарга катышкан эмес. Бирок ал телеканалдардагы жана онлайн жарнамага 500 миллион доллар короткон.
Ал азыркы президент Дональд Трампты жеңип, Американы кайра куруш үчүн президенттикке аттанганын билдирген. 78 жаштагы Блумберг өзүнүн атындагы маалымат агенттигин негиздеген. Ал дүйнөдөгү чириген бай деген он адамдын бири болуп эсептелет. «Forbes» журналы анын байлыгын 52,5 миллиард долларга баалаган.
АКШда 3-мартта «супер шейшемби» деп аталган күнү 15 штатта демократтардын ички жарышы - праймериз өттү. Баштапкы жыйынтыктарга ылайык, анда мурдагы вице-президент Жо Байден тогуз штатта озуп чыкты. Экинчи орунду сенатор Берни Сандерс алды, ал эл эң көп жашаган Калифорния менен Техаста утту. Бул жарышта сенатор Элизабет Уоррен менен Майкл Блумберг утулду.
Жергиликтүү басылмалар Байденди негизинен афроамерикалыктар жана улгайган адамдар колдогонун, Сандерс болсо латын америкалыктар менен жаштардан колдоо тапканын жазышты. Демократтардын атынан башында президенттикке талапкер болууну каалаган 25 киши чыккан эле. Азыр жарышта беш үмүткөр калды. Демократтар АКШнын президенттигине талапкерин партиянын быйыл июль айында Милуокиде өтүүчү курултайында аныкташмакчы.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Инго Экосистема стала победителем национальной премии FinTech Awards Russia
Итоги пригласительного этапа Всероссийской олимпиады школьников подвели в Москве
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов