Прокуратура Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу соттолгондордун жазасын күчөтүүнү суранып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» 11-мартта мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, Исаковдун мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу өтүнүч келтирилди.
«Кээ бирлеринин жазасын күчөтүүнү, ал эми Сапар Исаковдун мүлкүн конфискация кылууну өтүнүп жатышат. Бирок анын андай мүлкү жок. Эмнесин конфискация кылат?» - деп сурады адвокат.
ЖЭБди модернизациялоого Кытай бөлгөн акчанын коротулушу боюнча кылмыш ишин шаардык сот апелляциялык негизде карап жатат.
Мурдагы эки премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары энергетиктер жана экс-министр болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен 2019-жылдын 6-декабрында соттолгон.
Ал күнү Бишкектин Свердлов райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган.
Соттолуучулар коюлган айыптар далилсиз экенин айтып жатышат. (RK)
«Грузовичкоф» выступил в Санкт-Петербургской торгово-промышленной палате с предложениями для развития отрасли
Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Зверев сыграет с Алькарасом в финале "Ролан Гаррос"
«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros
Российский теннисист Медведев снялся с турнира в Хертогенбосе
Ига Свёнтек одержала 40 побед над теннисистками из топ-10 рейтинга WTA