Кыргыз өкмөтү өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизүүдө
Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетин жайылтпоо максатында 22-марттан тарта Коопсуздук кеңешинин сунушунун негизинде өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизүүдө.
Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча кеңешме өткөргөн. Анда премьер-министр өкмөт өзгөчө кырдаалда ишке ашырыла турган планды аткарууга киришкенин билдирген.
“Планда борбор калаа жана аймактардагы блокпостторду жайгыштыруу боюнча маалымат, биринчи керектеле турган товар жана дары-дармектерди жеткирүүнүн маршруттары, өлкө ичиндеги авиакаттамдардын тартиби, коомдук транспорт, дүкөн жана аптекалардын иштөө графиги камтылат. Ар бир жетекчи өз тармагындагы иштин үзгүлтүксүз иштеши жана режимдин сакталышына жооптуу”, –деген премьер-министр.
Абылгазиев Бишкек, Ош шаарларына жана коронавирус илдетин жуктурган адамдар катталган райондорго өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Бүгүн Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши коронавируска каршы күрөштү күчөтүү максатында премьер-министрге өлкө аймагында 22-марттан тарта бир айлык мөөнөт менен өзгөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштаган.
Өлкөдө чукул кырдаал режими киргизилгени үчүн 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат.
Учурда өлкө аймагында 12 адамдан коронавирус аныкталган. Алдардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ноокатта болсо, дагы бир адам Баткен районунун тургуну. Алардын баары Сауд Арабияга умрага барып келгендер.
Акыркы маалымат боюнча өлкө боюнча 649 адам обсервацияда жатат. Умрадан кайтып келгендер менен байланышта болгон 2330 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.(BkA)