Кыргыз-казак чек арасынан жүк алып өтүү маселеси талкууланды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадан жүк алып өтүү маселесин талкуулашты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.
«Өзгөчө абал шартында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташууну камсыз кылуу маселеси талкууланып, өлкөлөр ортосунда товарды эркин ташуу үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгү дагы бир жолу белгиленди», - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек.
25-мартка карата коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44кө, казак жарандары 79ка жетти.
Буга чейин Чүй облусундагы «Ак-Тилек» жана Таластагы «Чоң-Капка» бекеттеринде казак тараптан азык-түлүк жана жабдык жүктөлгөн жүздөгөн оор жүк ташуучу машинелер чек арадан өтө албай турганы кабарланган. (RK)