Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жумшалчу акчанын бир бөлүгүн медицинага бермей болду
Дүйнөлүк банк Кыргызстанда башка долбоорлорго жумшалчу каражаттын бир бөлүгүн саламаттык сактоо түзүмүн колдоого бөлүштүрмөй болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар менен жолугушуусунда айтылды.
Жээнбеков аймактагы башка өлкөлөр менен катар Кыргызстандын экономикасы да коронавирустун дүйнөгө жайылышынан улам терс таасирге кабылганын билдирди. Бул кырдаал өлкөнү өнүктүрүү пландарынын убагында ишке ашырылышын кыйындатып, бюджеттин чыгаша беренелерин кайрадан карап чыгууга мажбурлап жатканын кошумчалады.
Банк өкүлү Кыргызстанда пандемияга жол бербөө максатында «Коронавируска чукул жооп кайтаруу» долбооруна каражат бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди.
Ошону менен катар Дүйнөлүк банк өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпы бюджети 160 млрд доллар түзгөн көмөк көрсөтүү фондун түзгөнүн, Эл аралык финансы корпорациясы да экономиканын төмөндөшүнөн улам «соккуга» учураган жеке компанияларды колдоо ниетинде экенин билдирди.
27-мартта Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) COVID-19 вирусуна каршы күрөш жана бюджеттеги тартыштыкты жоюш үчүн Кыргызстанга 120,9 миллион доллар бере турганы маалым болду.
Буга чейин Жээнбеков коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, Европа Биримдигинен, Азия өнүктүрүү банкынан жардам сураган.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, быйыл өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар. (RK)