Ала-Букада Садыр Жапаровдон эл Кытайга карызды төлөө жолдорун сурады
Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 4-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш жана Көк-Серек айылдарынын эли менен жолукту. Жолугушууда жергиликтүү эл Жапаровдон Кытайга тышкы карызды төлөө жолдорун сурады. Жапаров бул суроого:
"Мага ишенген мигранттар, жеке ишкерлер банкка Кытайдын карызын төлөө боюнча атайын эсеп ачып жатышат. 2-3 күндө бул маселе чечилет. Ачылган эсептеги каражаттар элге, баарына ачык болушун камсыздайбыз", - деп жооп берди.
Бир күн мурдагы эл менен жолугушуулардын биринде Жапаров тышкы карыздан, анын ичинде Кытайдан кутулууга ички мүмкүнчүлүктөр жетиштүү экенин билдирген.
Жолугушууда Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ minerals Bozymchak» алтын комбинатын кайрадан иштетүү маселеси көтөрүлдү. Жапаров "алтын компаниялардын ишинин токтоп турганын элдин же инвесторлордун күнөөсү эмес, өкмөттүн катачылыгы" катары белгилеп, жергиликтүү элден чет элдик кен компанияларынын ишине 4-5 ай тоскоол болбой турууну өтүндү.
Чогулган эл жолугушуудан кийин кетпей турат. "Азаттык" радиосунун аймактагы кабарчысынын айтымында, чогулгандар «KAZ minerals Bozymchak» кенинде иштеп жаткан Жайылбек Дайдиевдин иштен кетишин талап кылышууда.
6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.
Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» алтын компаниясы жана Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ minerals Bozymchak» компаниясы жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган. Алардын өкүлдөрү Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев менен жолугушкан. Анда ишкана ишин кайра качан жандантары айтылган эмес. (TB)