Минскиде 1-клиникалык оорукананын жанына чогулган ондогон медицина кызматкерлерин милиция кармап кетти.
7-ноябрь – майрам күнү медицина кызматкерлери тилектештик акциясын өткөрүүнү пландашкан. Бирок медицина кызматкерлери оорукананын имаратынан чыга баштаганда милиция кармап кеткени кабарланды. “Весна” укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө, 36 киши кармалды.
Ишембиде салт болуп калгандай эле Беларуста аялдар маршы өтмөк, бирок укук коргоочулар акциянын катышуучулары чогула баштаганда эле милиция кармап кеткенин маалымдашты.
Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек.
Күч органдарынын ашкере күч колдонуп демонстранттарды кууп таратканы, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүнүн камалганы эл аралык коомчулукта сынга алынган.
Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү, АКШ жана Украина Лукашенкону легитимдүү президент катары тааныган эмес.
Сентябрдын аягында Британия Лукашенко менен анын уулу Викторго жана дагы алты аткаминерге санкция салган. Буга чейин Латвия, Литва менен Эстония Лукашенко баштаган 130 адамды «кара тизмеге» киргизген.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Качественная
и современная мебель для вашего дома
Инго Экосистема стала победителем национальной премии FinTech Awards Russia