Зулпиев: 80 депутат Конституциянын жаңы долбоорунун автору болуп чыгып жатат
Конституциянын коомдук талкууга чыгарылган жаңы долбоорунун авторлору – парламенттин 80 депутаты. Бул тууралуу 18-ноябрда “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев билдирди.
Зулпиев Баш мыйзамдын долбоору жашыруун иштелип чыкканы тууралуу айыптоолорду четке кагып, төмөнкүлөрдү билдирди:
“80 депутат кол коюп, автор болуп чыгып жатышат. Коомчулукта көп демилгечи топтор бар. Президенттик аппаратка, Жогорку Кеңештин аппаратына 40-50дөй долбоор киргизилген. Ошонун баарын карап чыксын деп эл талап кылып жатат. Жашыруун эмес. Депутаттар карап чыгып, акыркы вариантын даярдайт деп ойлойм”.
Ушул эле талкууга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев долбоор жашыруун иштелип чыкканын айтты:
"Аксак, жалтак, жарым жан парламент болуп жатсак ушундай тарыхый, оор маселени алып чыкканда жашыруун албастан, эл-журт даярдаса биз формалдуу түрдө киргизип берсек болмок".
Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда көрсөтүлгөндөй, Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.
Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.
Укук коргоочулар жана айрым саясатчылар эгер бул долбоор кабыл алынса Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын айтып жатышат.
Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жоктугун, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлуусуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. (RK)