МАГАТЭ: Иран өзөктүк келишимди кайрадан бузду
Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран дүйнөлүк державалар менен беш жыл мурда кол коюлган өзөктүк келишимди бузуп жатканын билдирди. Уюм буга Ирандагы Натанз заводунун аймагында уран байытуучу центрифугалар ишке киргенин жүйө келтирди.
МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Натанздагы жер төлөөдө орнотулган центрифугалар иштей баштаганын 18-ноябрдагы маалымат жыйынында айтты. Уюм заводдо центрифугалар орнотулганы тууралуу маалыматты өткөн аптадагы баяндамасында ачыкка чыгарган. Бирок анда центрифугаларга урандын фториди (UF6) бериле элек деп айтылган.
2015-жылы Иран бийлиги менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Орусия жана Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү кол койгон өзөктүк келишимге ылайык, Тегеран уран байытууну чектөөгө убада берген. Буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы документте бир топ маселелер каралбай калганын белгилеп, келишимден чыгып кеткен жана санкцияларды кайра жанданткан. Андан бери Иран өзөктүк келишимдеги бир топ чектөөлөрдү аткарбай келет.
17-ноябрда Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф эгер АКШнын шайланган президенти Жо Байден Тегеранды бутага алган санкцияларды алып сала турган болсо, өзөктүк келишимдин шарттарын толук аткара турганын билдирди. Бирок бир катар эксперттер мурдагы келишимге кайра кайтып баруу өтө кыйын болоорун "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдиришти.
7-ноябрда Кошмо Штаттардагы дээрлик бардык ири маалымат каражаттары Жо Байден президенттик шайлоону жеңип чыкканын жарыялашкан. Бирок президент Дональд Трамп 3-ноябрдагы президенттик шайлоо «бурмаланганы» тууралуу негизделбеген дооматтарды айтып, өз командасы шайлоонун жыйынтыгы боюнча сотко кайрылып жатканын белгилеп келет.