Коррумпированные кадры мафиозного клана Матраимовых - Шавкат Шарабидинович Капаров и Шарабидин уулу Шадыбек.
КР Президенти, КР ЖК төрагасы Т.Т. Мамытовго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 096762, эл.дарек 86vm@bk.ru)
АРЫЗ
Урматтуу Талант Турдумаматович!
Матраимовдордун коррупциялык-мафиялык кланы Кара-Суу районунун элинин канын соруп, жеке мүлктөрүнө кол салып, мыйзамсыз байып келишкен. Матраимовдор кланы Кара-Суу районунун башкаргандан бери карапайым эли жер тилке ала албай калды, бардыгы сатылды, коррупциялык жолдор менен бюджет акча каражаттарды өздөштүрүү системалык негизде алып барылды, жергиликтүү бюджет эсебинен аткарылган иштерди Искендер Матраимов акча берди деп уялышпай элди алдап, “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш сатып алышты. Мурдагы президент Жээнбеков: “Мага факт бериңиз, мен коррупционерлерди камайм”-деди. Бирок, Матраимовдор кланына келгенде экс-президент Жээнбеков сокур жана дүлөй болуп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартпай, тескерисинче коргогон. Кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган Искендер жана Тилек Матраимовдор жана алардын коррупционер кадрлары - Кара-Суу районундагы айыл өкмөт башчылары эл менен эсептешбей, мыйзамдарды тоготпой, мамлекетти тоноп, мыйзамсыз байышкан. Укук коргоо органдарындагы: прокуратура, УКМК, ИИМ, Финпол органдарындагы Матраимовдордун көптөгөн “кадрлары” аларды актап, өз милдеттерин аткарганы жок. Ошондуктан карапайым эл сизден Матраимовдордун коррупциялык кланын (мүчөлөрү көп) кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду, кыргыз элинен жана мамлекеттен уурдаган миллиарддаган доллар мүлкүн тез арада арестке коюп, конфискациялап, Кыргызстандын 5 млрд. доллар тышкы карызын төлөөңүзга үмүт кылат. Эгерде Матраимовдор жаңы бийликти сатып алып, жер саткыч айыл өкмөттөр иш орундарында калса, анда кыргыз эли дагы толкундойт.
Бюджетибиздин кирешесин 40 % берген бажы тармагын Раим миллион өзүнүн кадрлары менен толуктаган. Натыйжада, мамлекеттик бажы кызматы мамлекетке эмес, Матраимовдор сол чонтогуно иштеген. Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Кара-Суу районунун айыл өкмөттөрунө, укук коргоо органдарына, прокуратурага, башка жетекчилик кызматтарына мамлекетке эмес, жеке өзүнө кызмат кылган кадрларды койду. Коррупциялык-мафиялык Матраимовдор кланынын атаманы Искендер Матраимов КР Мамлекеттик кадр кызматынын туштук региону боюнча башчысы жана Мамлекеттик кызмат боюнча кеңешинин төрагасынын орун басары кызматында көптөгөн жетекчилик кызматтарга жеке өзүнүн пайдасына кызмат кылган кадрларын жетекчилик кызматтарга койду. Андан кийин, КР ЖК укук коргоо, тартип Комитетинин төрагасынын орун басары кызматында укук коргоо органдарына өзүнө кызмат кылган кадрларды, кудаларын жетекчилик кызматтарга жайгаштырган, өзүнүн кол астындагы коррупционерлерди крышевать этип, карапайым элди куугунтуктап, басмырлап, отугун торго илип журду. Натыйжада мамлекеттик жана жергиликтуу органдар карапайым элге эмес, коррупцияга белчесинен баткан Матраимовдор кланына кызмат кылган. Бирок, кыргыз эли андай журтбузарлардын кылыгына чыдабай 6 октябрь күнү ал жемкор доопарастарды бийликтен айдады. Ошого карабай, Матраимовдор жылдар бою коюп келген кадрлар азыркы күнгө чейин иштеп, мамлекетке каршы кылмыштарын жасап жатышат.
1. Кара-Суу районунун бардык айыл өкмөт башчылары, айрыкча Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жерлерди сатып, бюджет акчаларын уурдап жатат.
2. Ш.Капаров И.Матраимов ишеничине кирип, өзүнүн уулу Шавкат Капаровду КР Мамлекеттик кадр кызматынын туштук региону боюнча башчысы кызматына дайындаган. Ал кызматта Шавкат Капаров Матраимовдорго кызмат кылган кадрларды коюп, мамлекетке чыккынчылык кылып жатат. Мисалы үчүн, Шавкат Капаров мамлекеттик кызмат орду жана жеке кызыкчылыктары ортосунда жеке кызыкчылыктардын кагылышуусу менен өзүнүн жемкор атасын Шарабидин Капаровду тестирлоодон откоруп, мыйзамсыз КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы жетекчи кызматына ишке коюуга аракет кылган.
3. Шарабидин Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, базар баасынан ото арзан баада атайын баалатып, Ш. Капаровдун муниципалдык кызмат орду жана жеке кызыкчылыктары ортосунда жеке кызыкчылыктардын кагылышуусу менен Мамлекеттик кадр кызматында иштеген өзүнүн уулу Капаров Шавкат менен алдын ала суйлошуп, айыл окмотунун №183 30.10.2014 ж токтому менен Кызыл-Кыштак айылы 400 кв.м. муниципалдык мулкун жылына 500 сомдон, айына болгону 41 сомдон, 1 чарчы метрин болгону 1 сом 25 тыйындан ижарага берип, мамлекетке от ири олчомдо зыян келтиришкен жана ушул убакытка чейин зыянды мамлекеттик бюджетке тологон эмес.
4. КР Мамкадр кызматына бир нече жолу жазуу турундо кайрылып, муниципалдык мулкту мыйзамсыз сатып байыган Капаровдор жана анын туугандары Маматалиевдердин декларацияларындагы маалыматтарды текшерип жана декларацияларын бир нускасын бизге берууну, Мамкадр кызматынын башчысы Шавкат Капаровго чара корууну суранган элек. Бирок, Мамкадр кызматы Капаровтордун жана Маматалиевтердин декларацияларын текшерген жана бизге берген эмес. Себеби, жоопкерчиликке тартылбаган Мамкадр кызматынын башчысы болуп озунун уулу Капаров Шавкат иштейт жана ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, маалыматтарды берууго мыйзамсыз тосколдук кылып бербей жатат.
5. Мамкадр кызматынын башчысы Шавкат Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Мамкадр кызматынын кызмат адамдары менен алдын ала суйлошуп, өзүнүн бир тууган иниси Шарабидин уулу Шадыбекди тестирлоодон откоруп, Кара-Суу райондук Мамэкотехинспекция башкы адистигине дайындайт. Шарабидин уулу Шадыбек кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып атасы Шараб Капаровдун мыйзамсыз иштерине калкан болуп жатат.
6. Шарабидин уулу Шадыбек куйоом 2 тайпададагы майып, озун-озу коргой албаган Мирзакаримов Махамадякубду согуп, тилдеп, шантаж жасаганы учун кан кусуп Ош облустук ооруканасынында бир нече жолу дарыланып чыкты. Мыйзамсыз аракеттерди токтотуну бир нече жолу айтсак да Шарабидин уулу Шадыбек: «Атамдын аркасында кучтуу Матраимовдор кланы турат, акча менен ар кандай проблеманы жабат» - деп бизди басмырлап жатат.
Кара-Суу райондук прокуратурасы 20.11.2018 жылы Кара-Суу райондук Мамэкотехинспекция башчысы Р. Юсупов атына Мамэкотехинспекция адиси Шарабидин уулу Шадыбекдин мыйзамсыз аракеттери жонундо официалдуу кат менен кайрылган. Ал катта Мамэкотехинспекция адиси Шарабидин уулу Шадыбекке чара коруп, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу керектиги жазылган. Бирок, Кара-Суу райондук Мамэкотехинспекция башчысы Р. Юсупов адиси Шарабидин уулу Шадыбекке чара корбой, иштен албай, катка формалду турдо жооп берген. Натыйжада жазасыз калган Кара-Суу райондук Мамэкотехинспекциянын адиси Шарабидин уулу Шадыбек адамдарга: «Балдары Россиядан келсе тубуно жетем» - деп коркутуп, шантаждап, коркутууну токтоткону жок. Адамдар арасында биздин намысыбызга тийе турган создорду таркатып журот. Натыйжада, М.Мирзакаримов кан кусуп реанимация болумуно тушуп калды.
КР Конституциясынын 41 беренесине ылайык Кыргызстандын ар бир жараны жогорку органдарга кайрылууга укугу бар. Бирок, мыйзамдарды тушунбогон, билими тайкы МЭТИ адиси, мамлекеттик кызматкер Шарабидин уулу Шадыбек конституциялык укугубузду тепелеп-тепсеп, 2 тайпадагы майып Мирзакаримовду жарым олук болуушуна алып келди. Суроо туулат мамлекеттик кызматкер КР Конституциясын, жарандардын фундаменталду укуктарын тушунбосо, майып жарандарды кысымга алып, куугунтуктаса, жарым олук кылса, ал мамлекеттик кызматта иштоого укугу барбы?
7. КР Президенти жана Өкмөтүно Кара-Суу районунун акими кызмат ордуна коррупционер Тилек Матраимовдун ишенимдуу адамы, мурда соттолгон жер саткыч жемкор Эрмат Исмаиловдун талапкердиги көрсөтүлөт. Ал сунуштамада КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү-губернатор Ж.О. Абдураимовдун кол тамгасы жасалмаланган болот. Бул Ош облусунда жана Кара-Суу районунда кадрларды дайындоо жаатындагы иштер азыркы күнгө чейин мыйзамсыз болуп жаткандыгы жөнүндө кабар берет. Суроо туулат эмне үчүн жаңы бийлик коррупцияга чырмашкан Матраимовдор кланына сокку берууну жана кармоо ордуна алар менен кызматташып жатат. Бул болсо коррупция менен күрөш реал турдо эмес, тескерисинче оозеки болуп жатат деген шек жаралып жатат. Бул бийликтин алсыздыгыбы же кыргыз эли менен эсептешпей койгондугубу?..
КР Конституциясынын 33 беренеси жана “КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”гу КР мыйзамынын талаптарын негизинде Сизден төмөнкү маалыматтарды жазуу турундо беруунузду жана жогоркулардын негизинде Сизден Республикалык ведомстволор аралык комиссия тузуп, тийиштуу органдарга тапшырма беруунузду суранабыз:
1) Капаровдор жана анын туугандары Маматалиевдердин декларацияларындагы маалыматтарды толук кандуу текшерип, толук маалымат жана декларацияларын берүүнүздү.
2) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүн башчысы Ш.Капаровду анын балдары Шавкат Капаровду, Шарабидин уулу Шадыбекди кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду.
Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева,
Г.М. Мирзакаримова, 22 ноябрь 2020 жыл
Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз, себеби бизди бир нече жолу Ш.Капаров жана анын баласы олтуробуз деп коркуткан.