Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2019

Новости за 04.03.2019

Мэй: Солсбери уудан тазаланды

Azattyk.org 

Туура бир жыл мурда Солсбери шаарында орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль жана кызы Юлия “Новичок” деген зат менен ууландырылган. Ал окуя “кансыз согуштан” берки ири “тыңчылар согушуна” алып келди.

Ооганстанда суу ташкыны 30дан ашык кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Ооганстанда суу ташкындан кеминде 32 кишинин өмүрү кыйылды. Каза болгон алты киши Гильменд провинциясындагы Навы шаарынын, алтоо Лашкаргах калаасынын жашоочулары экенин провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Омар Звак билдирди. Анын айтымында, аймакта табият кырсыгынан сегиз киши жаракат алды. Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки суу ташкындан эки миңден ашуун турак жай зыянга учурады.   Ал эми Кандагар провинциясында 20 киши каза таап, эки миңге чукул үй кыйраганын БУУнун гуманитардык... Читать дальше...

Кыргыз жигиттин дүйнөдөгү аттракциондору

Azattyk.org 

Эл аралык ондогон сыйлыктарга ээ болгон программист, ойлоп табуучу Бакыт Байдалиевдин Стамбулдагы супер симулятору. Он жылдан бери электри жок жашаган Аксыдагы айылдын шам менен сабак окуган балдары. Калың кары менен чет элдиктерди кызыктырган жыргалаңдыктардын кышкы туризм ишкерлиги. Москванын борбордук ипподромуна үч жарым миң адамды топтогон кыргыздардын көкбөрү оюну. Ушул жана башка турмуш окуялары “Данисте” телеберүүсүнүн мазмунун түздү.

Орусия ракеталарды жок кылуу тууралуу келишимден чыкты

Azattyk.org 

Орусия 32 жыл мурун АКШ менен Советтер Союзу орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча кол койгон келишимдеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.   Жарлыктын текстинде айтылгандай, мындай чечим «АКШ келишимдеги өз милдеттерин аткарууну бузганы үчүн» кабыл алынган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу Вашингтонго кабарлашы керек. Путин кол койгон жарлык дароо күчүнө кирди. Өткөн айда НАТОнун... Читать дальше...

Мирзиёев милицияны арыктатат

Azattyk.org 

АКШнын Алабама штатында катуу куюндан 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Эстонияда парламенттик шайлоону оппозициядагы батышчыл партия жеңди. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Ички иштер министрлигинин кызматкерлери арыкташы керек деген пикирде.

«Дордой» клубу сегиз оюнчу менен толукталды

Azattyk.org 

«Дордой» футбол клубу АФК Кубогуна жана өлкө чемпионатына даярдыгын баштап, катарын сегиз оюнчу менен толуктады. Оюнчулардын төртөө чет өлкөлүк, калганы жергиликтүү футболчулар. 4-мартта клуб жаңы оюнчуларын тааныштырып, алдыдагы пландары менен бөлүштү. Команданын башкы максаты АФК кубогунун тайпалык баскычынан чыгуу экенин башкы машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди: - Бүгүнкү күндө команда толукталып бүттү. Бизге төрт легионер кошулду. Буга чейин Антон Землянухин... Читать дальше...

Камактагы Мэн Ваньчжоу Канада өкмөтүн сотко берди

Azattyk.org 

АКШнын суранычы менен Канадада кармалган кытайлык «Huawei» компаниясынын финансылык директору Мэн Ваньчжоу Канада өкмөтүн сотко берди. Мэн Ваньчжоу аны кармоодо конституциялык укуктары бузулганын айтып, Оттавадан кенемте талап кылып жатканын «Politico» сайты жазды. Былтыр 1-декабрда кармалган Мэн Ваньчжоу Кошмо Штаттар Иранга каршы киргизилген «санкцияларды бузган» деп айыпталып жатат. «Huawei» компаниясы бул дооматтардын баарын четке кагып келет. Оттава «Huaweiдин» негиздөөчүсүнүн кызын Вашингтонго... Читать дальше...



HRW: тажикстандык оппозиционер уурдалып, катуу сабалган

Azattyk.org 

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму тажикстандык оппозициялык активист Шарофиддин Гадоев Нидерландга кайтканга чейин Орусияда уурдалып, Тажикстанга жеткирилгенин, кыйноого кабылып, сабалганын билдирди.  Уюмдун Борбор Азия боюнча эксперти Стив Свердлоу «Азаттыкка» «Группа 24» оппозициялык кыймылынын лидери саналган Шарофиддин Гадоевди өткөн айда Москвада Орусиянын коопсуздук кызматкерлери кармап, Тажикстанга өткөрүп беришкенин кабарлады:  -  Ал катуу кыйноого кабылган. Москвадан Дүйшөмбүгө келгенде анын кийими бүт кан болгон. Читать дальше...

Бала сатуу боюнча шектүүлөр камалды

Azattyk.org 

Бишкекте өз баласын сатууга аракет кылган келин жана ага көмөктөшкөн төрөткананын эки кызматкери кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда кылмышка шектүүлөр баланы 190 миң сомго баалаган. Ушул тапта алар эки айга камакка алынып, тергөө иштери башталды.

Порошенко жакын санаалашы Олег Гладковскийди кызматтан бошотту

Azattyk.org 

Украина президенти Петро Порошенко жакын санаалашы Олег Гладковскийди Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин биринчи орун басарынын кызматынан бошотту.  Порошенко 4-мартта «Твиттерде» Гладковский аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук көзөмөл боюнча мекеме аралык комиссиянын башчысынын кызматынан да алынганын жазды.    Порошенконун бул кадамы Интернетте атайын иликтөө  жарыялангандан кийин болду. Бир жума мурда Bihus.Info сайты Гладковскийдин уулу Игорь аскердик техниканын тетиктерин... Читать дальше...

Мирзиёев салмагы ашыкча милицияны сындады

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев милиция кызматкерлери арыкташы керек деген пикирин айтты. Коңшу мамлекеттин башчысы мындай оюн Наманган облусунун бийлиги, активисттери жана жаштары менен жолугуп жатып билдирди. “Бизге салмагы ашыкча офицер, тартип коргоочунун кереги жок. Алар кантип кылмышкерлерди кармашат? Спорт менен машыгышсын. Биз аларга үч же алты ай убакыт беребиз” - деген президенттин сөзүн Daryo.uz сайтты жазды.  2019-жылы Германиядагы Йен университети жүргүзгөн иликтөөдө туура... Читать дальше...

Кызыл-Омпол кениндеги нааразычылык

Azattyk.org 

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселесинде жергиликтүү тургундар бир пикирге келише элек. Бир катар жергиликтүү тургундар “экологияга чоң зыян келет” деп каршы болсо, айрымдары иштеп кетсе элеттиктер үчүн иш орундары түзүлүп, жергиликтүү казынага каражат түшүп, турмуш оңолот деген үмүттө. Азыр кенде чалгындоо иштери менен алек болуп жаткан “Юразия в Кыргызстане” ЖЧК эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Каракас: Гуайдо кайтса камалат

Azattyk.org 

Венесуэланын оппозиция лидери, өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдо 4-мартта мекенине кайтып келет. Өлкө бийлиги ал кайтып келгенде камакка алынарын эскертүүдө.

ӨКМ Чүйдө катуу шамал болорун эскертти

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 4-мартта кечки саат беште чукул билдирүү таратып, жакынкы үч саат аралыгында Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болорун эскертти. Ушул эле аймакта 5-мартка караган түнү ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал согушу божомолдонууда.

Беларуста менчик маалымат порталынын редактору айыпка жыгылды

Azattyk.org 

4-мартта Минск шаарындагы сот көз каранды эмес Tut.by порталынын редактору Марина Золотованы мамлекеттик БелТА агенттигинен «мыйзамыз жол менен маалымат алган» деп таап, 7,650 рубл (3,600 доллар) жана соттун чыгымдарын жабууга 6,000 рубл (2,800 доллар) төлөөгө милдеттендирди. Журналист Золотова күнөөсүз экенин кайталады.  Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Журналисттерди коргоо комитети» беларус сотунун мындай чечимин «медиа каражаттарын кысымга алуу» деп баалады. Былтыр августта «БелТА мамлекеттик... Читать дальше...

Венесуэланын оппозиция лидери мекенине кайтып барат

Azattyk.org 

Венесуэланын оппозиция лидери, өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдо 4-мартта мекенине кайтып келет. Президент Мадуронун бийлиги ал кайтып келгенде камакка алынарын эскертти.  Гуайдо өлкө жарандарын ал мекенине кайтып келе жатканда нааразылык акцияларына чыгууга үндөдү. Ал Аргентинадагы жолугушууда кандай гана тоскоолдуктар болбосун, Венесуэлага кайтып келерин жарыялады: - Биз бүгүн үйүбүзгө сөзсүз кайтып барарыбызды жарыялап койгум келет. Ошондой эле бардык венесуэлалыктардан көчөгө чыгып... Читать дальше...

«Кыргызстан» банкынын Оштогу банкоматы да тонолду

Azattyk.org 

«Кыргызстан коммерциялык банкынын» Ош шаарындагы банкоматтарынын биринен ири суммадагы акча уурдалды. Айрым булактар акчанын көлөмү 1,5 миллион сомдой экенин билдиришти.  Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков окуя 3-мартка караган түнү филармониянын алдында болгонун кабарлады, бирок канча сумма жөнүндө сөз болуп жатканын айткан жок.  Анын алдында Араван районунун борборунан да белгисиз бирөөлөр «Кыргызстан коммерциялык банкынын» банкоматын талкалап, 900 миң сомду уурдап кетишкени маалымдалган эле. Читать дальше...

Алжирдин президентине нааразылык күчөдү

Azattyk.org 

Алжирдин президенти Абдел Азиз Бутефлика өлкөсүндөгү нааразылык акцияларына карабай бешинчи мөөнөткө ат салышуу үчүн тиешелүү документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул элдик толкундоону күчөттү. Эки күн мурда жалпы өлкө боюнча демонстрацияларга 800 миңдей киши чыкканы кабарланды. Алар парламент менен өкмөттүн имаратыне бет алганда полиция көздөн жаш чыгарчу газ чачып, ондогон киши жабыркаган. Дагы ондогон адамды тартип коргоочулар кармап кетишкен. 82 жаштагы Бутефлика бир нече жыл мурда инсультка кабылып... Читать дальше...

Экстремизмге айыпталган татар активист түрмөдөн чыкты

Azattyk.org 

Татарстанда экстремизмге байланыштуу айыпталган активист Данис Сафаргали Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинде «экстремизмге» байланыштуу берене жарым-жартылай декриминализация болгон соң 4-мартта абактан чыкты.   Сафаргалини аялы, туугандары  абактын дарбазасынын алдынан тосуп алышты. Өткөн айда сот активистке «Экстремизм» беренеси боюнча тагылган айыпты алып салган. Буга Орусиянын Кылмыш-жаза кодесинде бул берене жарым-жартылай декриминализация болгону түрткү берген.  Былтыр декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин улуттук... Читать дальше...

Алабамада катуу куюндан 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Американын чыгышындагы Алабама штатында жекшемби күнү болгон катуу куюн кеминде 23 кишинин өмүрүн кыйды. Алардын арасында балдар да бар. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Ли аймагынын шерифи Жей Жонстун айтымында, табият кырсыгынан каза тапкандардын саны дагы өсүшү ыктымал. Кошмо Штаттардын Улуттук метеокызматынын маалыматына караганда, куюндун өзөгүндө шамалдын ылдамдыгы саатына 266 чакырымга чейин жетти. Катуу шамалдан бак-дарактар түп тамыры менен жулунуп, электр зымдары үзүлүп, турак жай жабыркады. Читать дальше...

Вена: АКШ менен Орусиянын генералдары Сирия маселесин талкуулашат

Azattyk.org 

Америкалык жана орусиялык генералдар Венадагы жолугушууда Сириядагы кырдаалды талкуулап жатышат. АКШ, Орусия, Иран, Түркия Сириядагы сегиз жылга созулган жарандык согушту басууга аралашып жүрүшөт. АКШ Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорд жана Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Герасимов Венада кездешкенде башка да чукул маселелерди талкуулашат. «Эки генерал коалициянын жана орус армиясынын Сириядагы операцияларын талкуулап, АКШ... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *