Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2019

Новости за 22.03.2019

Четте жүрсөң чектен чыкпа

Azattyk.org 

Якутия Республикасындагы кыргыз мигранттарына каршы митинг, Сауд Арабиясына этнофестивалга барган кыргызстандыктардын жүрүм-туруму – акыркы убакта ушул эки окуя кыргызстандыктардын чет өлкөдө өзүн алып жүрүү тууралуу талкууларды жаратты.

Мигранттарга мунапыс, Казакстандагы камоолор

Azattyk.org 

Ирактагы кеме кырсыгында курман болгондордун саны 83кө жетсе, Кытайдагы химиялык заводдо болгон жарылуудан 47 киши көз жумду. Казакстанда Нооруз майрамы камоолор менен коштолду.

Дөбө талаш дөө-шааларды козгоду

Azattyk.org 

Голан дөңсөөлөрүнө байланыштуу АКШ менен Түркия баштаган өлкөлөр кайрадан кайым айтышууда. Трамп "Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп таанууга убакыт келгенин" айтса, Эрдоган мындай билдирүү аймакты жаңы кризиске түртөөрүн эскертти.

Кытайдагы кырсыктан 47 киши мерт болду

Azattyk.org 

21-мартта Кытайдын чыгышындагы химиялык заводдо болгон жарылуудан 47 киши көз жумду. Жарылуудан беш чакырымга чейинки аймактагы имараттардын терезе-эшиктери да күбүлүп түшкөн.

Казакстан: акцияга барган кабарчылар кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында 22-мартта Нооруз майрамында акцияга чыккан бир нече кишини полиция кармады. Алар башкалааны Нурсултан деп өзгөртүүгө жана бийликтин саясатына нааразылык билдирип чыгышкан.

Бабанов бийликке кол сунду

Azattyk.org 

Президенттик шайлоодон соң чет өлкөгө чыгып кеткен "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтуу ниетине байланыштуу анын тарапкерлери бийлик менен сүйлөшүп жатканын жарыялашты.

Токмоктогу кандуу мушташтын чоо-жайы

Azattyk.org 

Чүй айылдык кеңешинин депутаты Тилек Сейитбековдун бычакталып өлтүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш иши Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына өттү.



Момбеков: Өкмөттүн иши көзгө көрүнгөн жок

Azattyk.org 

Жогорку Кенештин 20-марттагы отурумунда азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүлдү. Айрымдар «өкмөт толугу менен кызматтан кетсин» деп талап кылышты. Алардын бири, КСДПнын мүчөсү Рыскелди Момбеков өкмөткө ишенбеген себептерин «Азаттыкка» айтып берди.

Надия: Террорчулар бизди мал катары сатышты

Azattyk.org 

Сириядагы согуш он миңдеген карапайым адамдын өмүрүн кыйды. Жарадар кылды. Миллиондогон адам мекенин таштай качты. Мындан тышкары туткун болуп, өмүрүнүн бир нече жылы кулчулукта өткөндөр бар.

Якутияда кыргыз айдоочулар ишке чыга элек

Azattyk.org 

Якутияда (Саха Республикасында) абал тынчыганы менен ал жакта автобус айдап иштеген кыргызстандыктар жумушка чыккандан кооптонуп турат. Бул тууралуу Якутск шаарында автобус айдаган Жаныбек Дүйшөнбеков “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам өлдү

Azattyk.org 

Ысык-Көл районунда жол кырсыгынан эки эркек киши каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын маалыматына караганда, кырсык 20-мартта саат 16:50 чамасында Балыкчы-Каракол автоунаа жолунун 139-чакырымында болгон. «Ауди 100» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Жол кырсыгынан улам автоунаанын айдоочусу — Жаркымбай айылынын 1960-жылы туулган тургуну жана жүргүнчү катары бара жаткан анын айылдашы — 1978-жылы туулган адам каза болгон. Читать дальше...

Алиевдин адаттан тыш жүрүшү

Azattyk.org 

Азербайжан президенти Илхам Алиев өлкөдө саясий жана экономикалык реформалар ишке аша турганын жар салды. Мунун алдында Алиев элдин карызын кечип, элүүдөн ашуун саясий туткунду боштондукка чыгарган. Батышта авторитардык өлкө деп мүнөздөлгөн Азербайжандагы мындай өзгөрүүлөргө эмне себеп?

Бишкекте жарандардан 215 даана курал-жарак алынды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында жарандардан эки күндө 215 даана курал-жарак жана 155 ок алынды. Алар куралды сактоо жана аны кайра каттоо талаптарын бузушкан. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалымат боюнча, куралдар Нооруз майрамынын алдында, 18-19-март күндөрү коомдук тартипти сактоого багытталган рейд учурунда алынган. Тартип сакчылары жалпы 26 объектини текшерген. Анын ичинде курал-жарак сактоо жайлары менен жеке күзөт агенттиктери да бар. Андан сырткары, аңчылык куралды алып жүрүүгө укугу бар 1073 киши... Читать дальше...

Элмурза Сатыбалдиев: Саясатка барууга аргасызмын

Azattyk.org 

«Азаттыктын» 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу – мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев. Ал - 2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан жарандарга ок атуу фактысы боюнча айыпталып, соттолгон мамлекеттик кызматкерлердин бири. «Азаттык» экс-баш прокурор менен мурдагы президент Курманбек Бакиев менен байланышы, апрель окуясы жана саясатка аралашуу дымагы жана себеби тууралуу маектешти. Маекти Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Асанов алып барды.

УКМК: Бабанов өлкөгө кайтса мыйзам боюнча жоопко тартылат

Azattyk.org 

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Сулайманов Бабановдун өлкөгө кайтуу ниети боюнча кабарларды комментарийлеп жатып, “мыйзам чегинде жоопко тартылат” деп билдирди.  Буга чейин Өмүрбек Бабановдун бир айдын ичинде өлкөгө кайтышы мүмкүн экенин анын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров кабарлаган. Бабанов 21-мартта “Фейсбуктагы”... Читать дальше...

Бокоев: Бабановдун келиши боюнча президенттин астынан өтүп жатабыз

Azattyk.org 

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши боюнча анын тарапташтары бийлик менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган фракциянын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди. «Өмүрбек Бабановго иш козголгондон бери эле бийлик менен сүйлөшүү болуп келатат. Буга чейин Руслан Казакбаев деле «сүйлөшүүлөр болуп, мурунку бийлик «бир жыл өлкөгө келбей турасың» деген шартты койгон» деп айтпады беле. Мен Өмүрбек Бабановдун келишине бийлик каршы эмес деп ойлойм. Бирок толук макулдук берүүсүн биз да күтүп, ошону билдирип жатабыз. Читать дальше...

Дейрестеги ээн калган үйлөр

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Өзбекстан менен чектеш Дейрес айылында жети гана үй-бүлө калды. Калгандары жашоого шарттын жоктугунан үй-жайын таштап кетип жатат. Таза суу менен жолго муктаж, байланыштан куржалак айылдын тургундары көп жыл бою өздөрүн чек арачы сезип жашашкан экен.

«Ата Мекен» митинг өткөрүүнү чечти

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата адилет сотту талап кылган саясий акцияларды баштай турганын жарыялады.

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келген ири көлөмдөгү күйүүчү май аныкталды

Azattyk.org 

“К.Д.Б.” жоопкерчилиги чектелген коому Казакстандан 240,6 тонна күйүүчү майды салык төлөөдөн качуу максатында газохол катары каттатып, Кыргызстанга алып киргени аныкталды. Аны Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан мунайзаттын резервуарында сактап турушкан. Товардын коштоочу документине ылайык, мунайзаттын бул көлөмү Казакстантанда “К.Д.Б.” ЖЧКнын дарегине газохол катары келип түшкөн. Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгында ал АИ-92 үлгүсүндөгү бензин экени белгилүү болгон. Бул факты өлкөгө... Читать дальше...

Журналист Бабырбек Жээнбеков дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Журналист, экс-чиновник Бабырбек Жээнбеков 68 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады. Маркум акыркы жылдары узакка созулган дарттан жабыркап жүргөн. 2018-жылы Түркияга барып операция болуп келгени маалымдалган. Эмгек жолун 1967-1968-жылдары Талас облусунун Киров районунда мектептен баштаган. Бабырбек Жээнбеков “Алиби” жана башка бир нече гезиттерди негиздеген. 2013-жылы кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигин жеттектеген. (ZA)

ӨКМ жазгы чукул кырдаалдарга даярдык тууралуу маалымат берет

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жазында күтүлө турган түрдүү табигый кырсыктардын алдын алууга даярдык тууралуу маалымат берет.  Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова "Азаттыкка" билдирди: "Бүгүн биздин жетекчилик 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жалпы маалымат берет. Андан тышкары жыл сайын жазында күтүлүүчү түрдүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштери боюнча да тиешелүү адистер айтып беришет". Жаз келип күн жылыганда дарыялардагы суулар ташып, нөшөрлөгөн... Читать дальше...

Мурдагы судья Эльвира Жаркееванын иши сотко өттү

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркеевага айыптоочу бүтүмдү бекитип берди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, Жаркеева «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», "Алдамчылык", "Коррупция" жана «Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталууда. Кылмыш иши иликтенип бүтүп, сотко ашырылды. Тергөөнүн божомолу боюнча, Эльвира Жаркеева кылмыш тобу менен келишип алып, жеке ишканалардын биринин мүлкүн өзүнө... Читать дальше...

Роза Отунбаевага Кувейт сыйлыгы ыйгарылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага Кувейт мамлекетинин Чыгаан айымдары үчүн сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлык Нооруз майрамынын алдында Эль-Кувейт шаарында Кувейт эмири Шейх Сабах Ал-Ахмад Ал-Жабер Aл-Сабахтын катышуусунда Отунбаевага тапшырылды. "Роза Отунбаеванын демилге фонду" маалымдагандай, Чыгаан айымдар үчүн Кувейт премиясы мамлекеттик, жеке жана жарандык коомду жакшыртууга салым кошкон айымдарга берилет. Аталган сыйлык эл аралык деңгээлде Кувейттин позициясын “Аялдардын укуктарын... Читать дальше...

Орусияда кыргызстандык мигранттарга мунапыс жарыяланды

Azattyk.org 

Орусияда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн кыргызстандыктарга 22-апрелге чейин Орусиянын чек арасынан чыгып, миграциялык картасын жаңыртууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилиги кабарлады. Мындай жеңилдик Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн башчыларынын деңгээлинде жетишилген. Элчиликтин маалыматы боюнча, Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына 22-апрелге чейин эч кандай тоскоолдуксуз... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *